Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Куну кеткен сом, асмандаган доллар


Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 22-октябрда бир АКШ доллары 56 сом алтымыш тыйынга чыкты. Евро 72 сом кырк тыйындын айланасында сатылууда.
Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 22-октябрда бир АКШ доллары 56 сом алтымыш тыйынга чыкты. Евро 72 сом кырк тыйындын айланасында сатылууда.

Кыргызстанда улуттук валюта - сомдун куну төмөндөп, акча алмаштыруу жайларында АКШ доллары менен евронун курсу жогорулады.

Ошол эле кезде акча алмаштыруу жайлары менен айрым банктар кардарларга ири өлчөмдө доллар менен евро сатууга чектөө киргизгени белгиленүүдө. Бирок муну тиешелүү тараптар расмий тастыктаган жок. Улуттук банк валюта рыногу толук көзөмөлдө экенин белгилеп, өлкөдө доллардын таңкыстыгы жок экенин жарыялады.

Улуттук банктын “убарасы”

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 22-октябрда бир АКШ доллары 56 сом алтымыш тыйынга чыкты. Евро 72 сом кырк тыйындын айланасында сатылууда. Ошол эле кезде айрым акча алмаштыруу жайлары жана банктар кардарларга ири өлчөмдө доллар же евро сатууга убактылуу чектөө киргизгени белгилүү болду. Бирок муну валюта рыногундагылар расмий тастыктоодон баш тартууда. Улуттук банк кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, долларга карата өлкөдө таңкыстык жок экенин жарыялады. Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш учурда сомдун курсун колдоо боюнча кезектеги иш-чаралар жүрүп жатканына токтолду:

- Валюта рыногундагы дүрбөлөңгө жана кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн Улуттук банк үзгүлтүксүз көзөмөл ишин күчөттү. Жыл башынан бери 300 миллион долларга жакын валюта рыногуна доллар киргизип, саттык. Сентябрь жана октябрь айларынын ичинде эле жүз миллион доллар рынокко интервенция жасадык. Соңку интервенция өткөн жуманын аягында болуп, 7 миллион доллар рынокко саттык.

Кыргызстандын Улуттук банкта сакталган валюталык резерви эки миллиард бир жүз миллион долларды түзөт. Улуттук банк сомдун куну түшкөн учурда анын наркын кармоо үчүн тиешелүү өлчөмдөгү валютаны рынокко киргизип турат. Былтыр ушул мезгилде доллардын курсу 47 сомдун тегерегинде болсо, быйыл сомдун куну он пайызга чукул арзандады. Жеке ишкер Жылдызбек Алыбаев жыл башынан бери улуттук банк 300 миллионго чукул доллар сатыкка чыгарганы менен, ал сомдун наркын турукташтырууга таасир этпей жатканын белгиледи:

- Сомдун курсун кармоо үчүн валюта рыногуна канчалаган доллар киргиздик деген билдирүүлөрдү уга берип, жадап бүттүк. Бирок мына ошол аракеттер сомдун наркын кармап турууга таасир этпей жатпайбы. Эмнеге ушул жагын айтышпайт. Бул эми негизги максат болушу керек да. Демек мына ошончо доллар киргизбегенде анда абал кандай болот эле? Негизи бул маселени мамлекет толук көзөмөлгө алып, бир чара көрбөсө болбойт.

Сомду “эркин сүзүүгө” коё берсе болобу?

Жергиликтүү финансы аналитиктери сомдун наркынын туруксуздугуна эки негизги фактор таасир этип жатканын айтышууда. Биринчиден, өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгы сомдун наркын табийгый негизде камсыздай албаган жагдай орун алган. Экинчиден, өлкөгө кирчү доллар агымы кыскарып, чыгып кеткен валюта кайра кайтпай жаткан көрүнүш күчөгөн. Бул жагдайда адис Мейманбек Абдылдаев сомдун наркын жасалма жол менен кармоонун кесепеттери чоң экенин эскертти:

- Доллар эми ылдый түшпөйт. Биздин прогноз боюнча жаңы жылга жакын бир доллар алтымыш сомго чейин чыгышы күтүлөт. Анан эми сомдун курсун кармап турабыз деп эле Улуттук банк улам резервдеги валютаны рынокко сата бергени болбойт. Ал өтө чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул эми жасалма жол менен сомдун наркын кармоо да. Биздин өлкөнүн экспорттук-импорттук потенциалын иликтеп чыккан эсеп боюнча аны реалдуу шартта ооздуктабай койо берсе, бир доллар жүз сомго чейин чыгат. Анан эми аны негизи улам-улам эле ооздуктай берген деле болбойт.

Сырткы таасирдин “сыйыртмагы”

Айылчы Сарыбев
Айылчы Сарыбев

Ошол эле кезде сомдун наркынын түшүшүнө сырткы факторлор дагы таасир этип жатканы белгиленүүдө. Анткени дүйнөдө мунайдын баасы түшүп, доллардын наркы бекемделүүдө. Экономист Айылчы Сарыбаев мында айрыкча украина кризисинин таасири чоң экенине токтолду:

- Негизги факторлордун бири - бул Украинадагы кризис. Батыш өлкөлөрү Орусияга экономикалык кысымды күчөткөн соң андагы каржылык абал чынында начарларды. Анан эми Орусиянын экономикасы менен биз байланышта болгондуктан, ал жагдай бизге таасир этпей коймок эмес. Ошондуктан рублдин куну түшкөн сайын биздин сом дагы арзандай берери турган иш.

Азырынча Улуттук банк сомдун наркын мындан аркы турукташтыруу чаралары боюнча расмий билдирүү жасаган жок. Парламентте Кыргызстан жаңы жылда Бажы биримдигине киргенден кийинки макроэкономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маселе кабыргасынан коюлган болчу. Бирок өкмөт тобокелчиликтердин алдын алуу мерчеми боюнча маселеге азырынча жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG