Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Рубль арзандаган сайын мигрант камтама


Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Дем алыш күндөрү Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында орус рублинин наркы 70-80 тыйынга теңелди.

Рублдин арзандашы Орусияда иштеген эмгек мигранттарын оор абалга кептеп, алардын акча которуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөттү. Талдоочулар мигранттар салган акчанын кыскарышы кыргыз экономикасына, анын ичинде сомдун туруктуулугуна олуттуу зыян келтирерин эскертүүдө.

Орусиянын Москва шаарында жашаган мекендешибиз Чубак Тоюев сегиз жылдан бери үй эмеректерин жасаган цехте иштейт. Бул убакыт аралыгында ал байма-бай акча которуп, Кыргызстанда калган үй-бүлөсүнүн кем-карчын жаап келген. Эми рубль менен кошо тапкан акчасынын берекеси кетип, эки айдан бери үйүнө акча которо элек. Ал эгер рублдин наркы ушул бойдон түшүп кете берсе, Кыргызстанга кайтууга аргасыз болорун айтты:

Москвадагы мигранттар. 2014-жыл.
Москвадагы мигранттар. 2014-жыл.

- Мурда Кыргызстанга акча салганда, 15 миң сом керек десе, биз 10 миң рубль жөнөтүп, ошол жетет деп калчубуз. Азыр болсо, 15 миң сом сураса, 20-22 миң рубль салышыбыз керек. Эки айдан бери акча сала да албай калдым. Эптеп чыдап тургула деп үй-бүлөмө айттым. Жумушта мурун 1500-2000 долларга чейин айлык алчумун. Азыр болсо 1000 долларга жетпей жатат. Азыр эми рублдин курсунун көтөрүлүшүн күтүп, үмүт артып жатабыз. Курс минтип төмөндөй берсе, анда Кыргызстанга кетүүгө туура келет. Москвада иштегенден пайда болбой калды.

Улуттук банктын маалыматында, быйыл жыл башынан бери тогуз ай ичинде Орусиядан жана алыскы чет өлкөлөрдөн мигранттар 1 миллиард 411 миллион 700 миң доллар акча которгон. Былтыр тогуз ай ичинде бул көрсөткүч 1 миллиард 383 миллион 800 миң долларды түзгөн. Бирок соңку эки ай аралыгында орус рублинин наркынын түшүшү менен Орусияда иштеп жүргөн журтташтарыбыздын кирешеси 30-40% азайган.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, жыл сайын мигранттар кыргыз экономикасына 2 миллиард доллардан ашык каражат салып келишкен. Рублдин арзандашы акча которууларды кыскартып, бул өз кезегинде Кыргызстанда элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн азайтышы мүмкүн. Мындай абалдан чыгуу үчүн Кыргызстанда өндүрүштү жолго коюу керек дейт министр.

Орус рублинин куну күн санап түшүүдө.
Орус рублинин куну күн санап түшүүдө.

- Алдын ала бизде бир эле аракет бар. Бул - өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүү керек. Биз ошол келген акчаларды той-топурга кетирбей туура пайдалануубуз зарыл. Азыр биздин сырттагы иштеп жаткан атуулдарыбыз чогулуп, ачык акционердик коом түзүштү. Ошол жерге акчалардын баарын чогултуп, Кыргызстандагы кандайдыр бир өндүрүш багыттарга, ири долбоорлорго салабыз деп жатышат. Мына ошондой кылуу керек. Өндүрүшкө салсак, ал бир-эки жылдан кийин өз жыйынтыгын бере баштайт эле. Бул экономикага чоң салым болмок.

Эгер азыркы шартта рублдин куну өзгөрбөсө, мекенине кайтып келген мигранттарды эмне күтөт? Темир Сариев бир эле мамлекетке басым жасабастан башка дагы мамлекеттерде жана Кыргызстандын өзүндө иш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгын белгилейт.

- Биздин атуулдар башка дагы мамлекеттерде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышы керек. Мисалы, азыр араб өлкөлөрүндө талап бар. Европа мамлекеттери бар. Көчө шыпырып, пол жууп эмес, тескерисинче, адис болуп баруу керек. Ал жерде талап дагы, маданияты дагы жогору. Ал жакка квалификациялуу жумушчу күчтөрү талап кылынууда. Ушул жагына басым жасоо керек. Экинчиден, өзүбүздө жумушчулар жетишпейт. Оор жумуштарга сырттан алып келип жатабыз.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун пикиринде, орус рублинин баркынын түшүшү мигранттардын келчү акчаны эле кыскартпастан, жакында эле кол коюлган Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун келечегин дагы туңгуюкка кептейт. Анткени мындай шартта фонд үчүн деп Орусия бөлө турган 1 млрд. доллардын каржы булактары кыскара башташы мүмкүн.

Кыргыз сому.
Кыргыз сому.

Талдоочу мындай шартта кыргыз өкмөтү азыртан эле өз экономикасынын, анын ичинде сомдун туруктуулугун сактоо үчүн стратегиялык кадамдарды жасашы керек. Антпесе сомду дагы рублдей эле тагдыр күтүп турат.

- Эми азыр күнү өкмөт менен Улуттук банк өзүнүн стратегиясын элге айтышы керек. Эмдиги жылы кандай интервалда, кандай курсту кармаганга аракет кылышат? Анан экспортко шарт түзүү зарыл. Биз өзүбүздүн сомго бирдеме сатып алмайынча, эч качан валютабызды бекемдей албайбыз. Азыр кумшекердин 10 пайызын эле Кыргызстандан, калганын долларга сатып алабыз. 1 миллион тонна күйүүчү майды, 500 миң тоннага жакын эгинди дагы долларга сатып алабыз. Ошонун баарын Кыргызстандын ичинде чыгарып, кыргыз сомуна сатып алмайын сом бекемделбейт. Барып эле Орусиянын валютасына такала беребиз.

Ушул дем алыш күндөрү рублдин наркы Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында 70-80 тыйынга теңелди. Азыр акча алмаштыруу жайлары рублди 98 тыйындан сатып алып, 1 сом 2 тыйындан сатууда. Улуттук банк болсо рублдин номиналдык курсун 1 сом 1 тыйын деп бекитти. Серепчилер билдиргендей, бул арзандоо Батыштын Орусияга киргизген санкцияларына байланыштуу болууда.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG