Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Кара-Кечени басып алгысы келгендер кимдер?


Кара-Кече көмүр кенинде. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Кара-Кече көмүр кенинде. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Жумгалдын акими Адылгазы Исагулов Кара-Кече көмүр кенин басып алууну каалагандар жергиликтүү тургундар эместигин айтууда.

Буга чейин бир нече жолу кенди басып алууга аракет болгону маалымдалган эле.

Күздөн тарта бул жай ишкерлердин гана эмес, ар кандай шектүү топтордун уюгуна айланары айтылат.

Жумгалдын акими Адылгазы Исагулов бул аймакка башка жактан ар кандай адамдар келип кенди басып алууга үгүттөгөнүн, бирок жергиликтүү элден колдоо таппаганын билдирди:

- Шаардан бирөөлөр келип, уюштурабыз, тигинтебиз-минтебиз дегенде аларды эл ээрчибей койду. Жергиликтүү эл сот аркылуу чечишип алсын деп атат. Биз басып алууга барбайлы деп атышат. Кожоюндары, акционерлери бар да. “Мээрим” фондунун, “Ажыдаар Холдинг” дегендин кандайдыр бир үлүшү бар экен. Бирөө Акаевдин, экинчиси Бакиевдин убагында алган дейт, ошолорду улутташтырабыз деген сөздөр болду. Кара-Кечеде төрт ишкана көмүр казып жатат. Жылына орто эсеп менен 360 миң тонна көмүр казылат.

Жергиликтүү тургундар “Шарбон” ишканасына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары ээлик кылат деп нааразылык билдирип келишет.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Канатбек Муратбеков мурунку бийликтин жакындарынын үлүшү бар компаниялардын ишинде кынтык жок деп айтууда:

- Азыркы күндө кадимки режимде иш алып барып жатат. Облустагы көп тендерлерди ошол “Шарбон” ишканасы утуп алган. Азыр бюджеттик мекемелерди “Шарбондун”, жана башка ишканалардын жардамы менен 96 пайыз көмүр менен камсыз кылдык. Азыр элди көмүр менен камсыз кылып жатабыз, 60 пайызга жетип калдык. Басып алабыз, иштетпейбиз деген туура эмес иштерге барууга аракет жасашкан. Бирок азыркы күндө эч кандай тоскоолдук жок. Сүйлөшүп баарын токтоттук. Сотко кайрылгыла, мыйзам чегинен чыкпагыла деп айттык.

Айрыкча кышка даярдык башталганда Кара-Кече ишкерлердин гана эмес, ар кандай шектүү топтордун уюгуна айланат деп айтылат. Бирок жергиликтүү милиция муну тактабай жатат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Таалай Нуралиевдин билдиришинче, кенде уюшма кылмыштуулук тыйылып калган:

- Кара-Кечеде тартип, уюшма кылмыштуулук маселеси жок. Ал жактагы кырдаал биздин да, элдин да көзөмөлүндө. Ошол жакта атайын бекеттерди уюштурганбыз. Ал жакта милиция кызматкерлери, атайын кызматтын өкүлдөрү, элдик кошуундар бар. Менимче, бирөөлөр эле кышка даярдыкты атайын үзгүлтүккө учуратабыз деп интрига чыгарып атат го.

Кара-Кече көмүр кени буга чейин да коомчулуктун көңүлүн бурган. 2005-жыл март ыңкылабынан кийин “Жоомарт” кыймылынын башчысы Нурлан Мотуев кен жумгалдыктардын гана энчиси деп ээлик кылганы айтылган.

“Көмүр паашасы” деген каймана атка конгон Мотуев кийинчерек мамлекеттин казнасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып камалып да чыккан болчу.

Маалыматка караганда, Кара-Кечеде 400 миллион тоннадан ашык көмүр бар. Кенде ташкөмүр жер үстүнөн казылып алынгандыктан, арзан туруп, Кыргызстандын түндүк облустарын жана Бишкек шаарын кайсы бир деңгээлде камсыз кылат.

XS
SM
MD
LG