Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

Өкмөт бааларды ооздуктай алабы?


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки апта аралыгында баанын өсүүсү боюнча анализ жасап, кымбаттоолого каршы күрөшүүнүн планын иштеп чыгууну тиешелүү мекемелерге тапшырды.

Бул тууралуу өкмөткө караштуу экономиканы стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Мына азыр азык-түлүккө болгон баалар өсүп баратат. Кечээ өкмөттүн жыйынында кымбаттоолордун себептери айтылдыбы?

Толкунбек Абдыгулов: 12-январдагы жыйында баалардын акыркы эки аптанын ичинде өсүп кеткендиги белгиленди. Анда биринчи вице-премьер-министр Монополияга каршы комитетти, экономикалык тескөө министрин, айыл чарба министрин чакырып, баанын өсүп жатканына эмне себеп таасир этип жатканы тууралуу маалымат алынды.

“Азаттык”: Алар кандай себептерди белгилешти?

Толкунбек Абдыгулов: Кыргызстандын экономикасы аябай кичинекей. Жаңы жылдын алдында сезондук кымбаттоолор болчу. Бул жылы бирок баалар жогору көтөрүлүп кетти. Анткени өлкөдө август айында эле баалар кымбаттап кеткен. Ага чек аралар жабылып, Казакстандан көп буюмдар азыраак келип калды да.

“Азаттык”: Негизи бул кымбатттоолор күтүлгөн беле?

Толкунбек Абдыгулов: Күтүлгөн болчу деп айтсак болот. Кечээ жыйында биринчи вице-премьер бизге тапшырма берди. Эки аптанын ичинде анализ жасап, баанын көтөрүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча план сунуш иштеп чыгуубуз керек.

“Азаттык”: Эгерде кымбаттоолор күтүлгөн болсо, анда алдын ала аны ооздуктоо чаралары болгон эмеспи?

Толкунбек Абдыгулов: Биздин экономиканы Оруссиянын экономикасы менен салыштырсаңыздар. Ал жакта мамлекеттик сектор аябай чоң жана монополисттер бар. Бизде болсо андай монополисттер көп эмес. Анан бааны жөнгө салууда анча көп инструменттерибиз жок. Мисалы, бизде монополисттер, ири мекемелер менен иштер жүрүп эле жатат. Бирок базардагы бааны кантип жөнгө саласың? Көзөмөлдөй албайсың да.

“Азаттык”: Анда азыр базардагы бааларды эч ким көзөмөлгө ала албайбы?

Толкунбек Абдыгулов: Чогулуштун жыйынтыгында Монополияга каршы комитетке көбүрөөк укук берели дедик, анча-мынча көзөмөл жасаганга.

“Азаттык”: Азыр бул комитет өлкөдөгү эки жүздөн ашык монополдук ишканаларды көзөмөлдөйт. Анан базарды да көзөмөлдөй баштайбы?

Толкунбек Абдыгулов: Бул жерде укук берген күндө да базардагы бааларды толук көзөмөлдөй албайсың. Ал жактагы чоң фирма, дүкөндөрдү карашат. Базарда отурган элди карай алышпайт.

“Азаттык”: Анда баалар чайкоочулардын аракетинен өсүп кетип жатат деп айткыңыз келеби?

Толкунбек Абдыгулов: Бир жагынан чайкоочулар. Экинчи жагынан жаңы жылдын астында эл маянаны алды. Рынокко көп акча түштү. Рынокто акча массасы көбөйгөндө ошентип баалар да өсүп кетет.

“Азаттык”: Азыр өкмөттө бааны жөнгө салуунун рычагы барбы?

Толкунбек Абдыгулов: Ооба, өкмөттө эки рычаг бар. Акча-кредиттик жана бюджеттик салык саясаты бар да. Ошонун негизинде баалар менен иштейбиз да.

“Азаттык”: Каршы чараларды көрүүгө азыр кеч болуп калган жокпу?

Толкунбек Абдыгулов: Бул жумуш дайыма эле жүргүзүлөт да. Бул жумушту мурунку техникалык өкмөт деле карап жаткан.

“Азаттык”: Сиз азыр арзандатуу жолдору изделип жатат дедиңиз. Кечээ кандай сунуштар айтылды?

Толкунбек Абдыгулов: Конкреттүү сунуштар айтылган жок. Анализ боюнча иш жүргүзүү керектиги айтылды.

“Азаттык”: Бааны калыбына келтирүүгө азыр өкмөттүн мүмкүнчүлүгү кандай?

Толкунбек Абдыгулов: Мисалы, бааларды калыбына келтирүү боюнча иштер башталган. Өткөн жылдын аягында премьер-министр Орусияга барып, бензиндин баасын түшүрүү боюнча сүйлөшүп келбедиби. Акырындап баа түшө баштады. Бул маселе өлкөдө эң маанилүү болуп саналат. Анткени товардын баары өлкө ичинде транспорт менен ташылат. Бензинге баа түшкөндөн кийин калган товарларга акырындап түшөт.

Бул жерде бир маселе бар да. Рыноктун мыйзамы боюнча баа бир жолу көтөрүлгөндө, мамлекет канча аракет кылганда да аны түшүрүү азап. Ал акырындап түшөт. Азыр так айта албайм. Пландар уюшуп, ишке киргизилсе эки үч айдын ичинде түшөт го. Бул жерде биздин гана экономикабыз чечпейт. Дүйнөдө баалар көтөрүлсө, анда биздин да баалар көтөрүлөт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG