Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Бюджеттин тартыштыгы такталууда


Кыргызстандын келерки жылга бюджети парламентте экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынуу алдында турат. Расмий маалыматтар боюнча тартыштык дээрлик 17 млрд. сом деп берилүүдө. Чындыгында тартыштык андан да көп экени байкалууда.

Кыргызстан бюджети көп мезгилден бери тартыштык менен кабыл алынып келатат. Аны жабуу үчүн ичтен жана сырттан каражат тартылат. Ал каражат кээде грант түрүндө болсо, көбүнчө насыя түрүндө алынат. Келерки жылдын бюджети да тартыштыктан кур эмес.

Маселен, 2013-жылдын бюджетинин кирешеси 86 млрд. 288 млн. сом, чыгашасы 103 млрд. 218 млн. сом, тартыштыгы 16 млрд. 930 млн. сом деп сунушталып жатат. Бул параметрдеги бюджетти парламент биринчи окууда 6-декабрда кабыл алган. Жакынкы күндөрү экинчи окууда кабыл алышы күтүлүүдө. Мына ошол бюджеттин тартыштыгы 17 млрд. сомго жакынбы же андан көппү деген суроолор жаралууда.

Буга айкындыкты Каржы министрлигинин бюджет боюнча документтери аркылуу киргизүүгө болот. Маселен, ал документтерде мамлекет келерки жылы салык жана бажы төлөмдөрүнөн 63 млрд. 902 млн. сом киреше табат деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары салык эмес түрүндө 14 млрд. 870 млн. сом киреше алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, мына ушул кирешелер Кыргызстан өзү тапкан каражаты болуп саналат. Аларды кошкондо жалпысынан 78 млрд. 772 млн. сомду түзөт. Демек мына ушул сумма Кыргызстан өзү тапкан киреше. Мамлекеттин кирешеси мына ушул сумманын тегерегинде экенин каржы министри Ольга Лаврова да 11-декабрда парламентте тастыктады:

- Кирешедеги 86 млрд. сомдон 5 млрд. сомду кемитсек, 81 млрд. сом болот. Бир аз ката кетирипмин, дагы 2 млрд. сомду кемитсек, 79 млрд. сом болот. 79 млрд. сом трансфертсиз, грантсыз тапкан кирешебиз.

Таза киреше 79 млрд. сом болсо, чыгаша 103 млрд. 218 млн. сом деп белгиленген. Демек Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 17 млрд. сом эмес, 24 млрд. сомдон ашуун.

Кыргыз өкмөтү сырттан келе турган 7.5 млрд сом трансфертти да өз кирешеси катары жазып койгон. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Равшан Жээнбеков мындай практика туура эмес дейт:

- Эми бул трансферт дегенди нормалдуу мамлекетке кирешеге кошо албайт. Анткени бул киреше эмес. Иштеп тапкан акчабыз эмес. Бул чет мамлекеттердин жардам катары берип жаткан акчасы. Муну киреше деп айтыш кыйын. Бизде ошондой практика болуп калган. Трансфертти дайыма кирешеге киргизип койобуз.

Бюджет жана финансы комитетинин дагы бир мүчөсү Курманбек Дыйканбаев трансферттерди таза киреше катары көрүүгө болбойт дегенге кошулат. Бирок ал акча бюджет аркылуу келгендиктен бюджеттин кирешесине кошулат:

- Себеби ал бюджет аркылуу берилет. Ошон үчүн биз аны бюджеттин киреше, чыгашасына коюшубуз керек.

Алына турган трансферттин катарында гранттар жана насыялар бар. Маселен, Орусия бере турган 25 млн. грант жана Түркиянын 100 млн. доллар насыясынан келе турган каражаттын бир бөлүгү мына ошол 7.5 млрд. сомдук трансферттин эсебинде турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG