Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Цемент тартыштыгы жана асмандаган баа


Цемент кымбатташы курулуш иштерине кескин кедергисин тийгизди.
Цемент кымбатташы курулуш иштерине кескин кедергисин тийгизди.

Кыргызстада цемент тартыштыгы күч алып, буга чейин 280 сом болуп турган бир мүшөк цементтин баасы азыр 600 сомго чейин кымбаттады.

Эл анын баасын завод жасалма жол менен көтөрүп жатат десе, цемент өндүрүүчүлөр мындай дооматтарды четке кагууда.

Турдумамат Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда цемент сатат. Ал цементтин баасы өскөндөн бери кардарлардын саны азайып кеткенин айтууда.

- Кардарлар азыр келип, бирок кымбат экен деп алалбай кетип жатышат. Мындан 15 күн мурун 280 сомдон болчу. Андан кийин 500гө, азыр 550 сомго чыгып кетти.

Асмандаган баа көптөн бери үй салам, курулуш баштайм деп камынып отурган бир топ адамды жарга такаган сыягы бар. Цемент саткандардын дагы бири - Нарынбек мындай дейт:

- 300 сомдон сатканда деле, 500 сомдон сатканда деле бизге айырмасы жок. Биз болгону өзүбүздүн 20 сом пайдабызды көрөбүз. 300 сомдон сатканда жүзүң жарык сатасың, ал эми 500 сомдон сатканда, эл биз кымбаттатып салгансып, “Кудайды карабайсыңарбы” деп, жаман көрүшөт. Мисалы, кечээ цементтин тоннасы 10 миң сом болду. Биз апрелдин 27синен тарта алып баштаганбыз, анда бир тоннанын баасы 4900 сом болчу. Ал эми ошол кезде бир мүшөгүн 280 сомдон сатып жатканбыз.

Мындан 15 күн мурда 280 сом болуп турган бир мүшөк цементтин баасы 550 сомго чыгып кетиши Кыргызстанда бардык деңгээлдеги талкууну жаратты. Бул маселе өткөн жумада парламентте да, өкмөттө да талкууланган негизги темалардын бири болду.

Актанган завод, алдастаган эл

Цемент чыгаруучулардын айтымында, Канттагы цемент заводдун эки меши бузулуп, оңдоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу өндүрүштүн көлөмү азайып, ошондон улам цемент тартыштыгы жаралган. Баа өскөндүгүнүн негизги себебин завод ушинтип түшүндүрүүдө.

Заводдун деректири Данияр Салин Кант цемент заводу өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу менен бааны атайын көтөрүп жатат деген дооматтарды четке кагып, ал көп цемент өндүрүүгө завод ээлери кызыкдар экендигин жүйөө келтирди.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин жетекчиснин орун басары Бакыт Исаев да баанын кымбатташына оңдоо иштери себеп болгонун белгиледи:

- Бир жума, он күн мурда цемент заводдун эки меши бузулуп калып, бирок Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин эскертүүсү менен 22-майдан баштап ал кайра ишке кирди. Бузулуп турган убакта 1200-1500 тонна чыгарып жатса, азыр болсо мурдагыдай эле 3000 миң тоннага чейин чыгарып калды.

Анткен менен цементтин баасынын өскөндүгүн атайын жасалган кадам деп санагандар арбын. Цемент саткандардын бири Руслан аттуу адам цемент рыногундагы абалды мындайча чечмеледи:

- Цементти ортомчу фирмалар кымбаттатып жатат. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин айтымында, заводдон чыккан баасы 4700 сом экен. Бул жерде коррупциялык элементтер ойноп жатат. Биз болсо 8000 сомдон алып жатабыз. Ошону да таппай жатабыз. Мисалы, Канттагы цемент заводдо ортомчу фирмалар турат, алар башкаларды киргизишпейт.

Эмне үчүн ортомчуларды көзөмөлдөй албайбыз?

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун айтымында, тоннасы 4700 сом турган цемент заводдун дарбазасынан чыгар замат эки эсеге өсөт.

- Бир мүшөк 270 сомдон чыгып, ал эми бул жакта аны эки эсе кымбаттап жатат. Элдин ушуга кыжыры келип жатат. Эгер биз мамлекет болсок, парламент, өкмөт бар болсо, эмне үчүн муну тескей албайбыз?

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин түшүндүргөнүнө караганда, министрлик биринчи өндүрүштөн чыккан бааны гана көзөмөлдөй алат. Ал эми андан кийинки баалар табигый атаандаштыкка жараша аныкталат дейт министр Темир Сариев:

- Биз базар экономикасында жашап жаткандан кийин чекене бааны жоюп жибере албайбыз да. Анда көп нерсе токтоп калат. Биздин бир гана жол бар - ал өндүрүштү көбөйтүү жолу.

Ортомчулар демекчи, цементтин айланасындагы ушундай эле калайман 2009-жылы да болуп, анда белгилүү бир топтор менен келишип алган завод ээси бааны атайын көтөргөнү айтылган эле.

“Кант цемент заводуна” ушу тапта 120дай компания цемент сатып алуу үчүн келишим түзгөн. Бирок депутаттар алар чыныгы иштеп жаткан компаниялар экенинен күмөн санашууда. Алардын оюнча, цементти заводдон арзан алып, бирок аны кымбат сатууга ык алган бир-эки гана адам болушу ыктымал.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Игорь Гусаров буга заводдун өзү да кызыкдар деп эсептейт:

- Бул базар шарты жана башка деп айтып жатышат. Мунун баары туура. Бирок завод деген соодалашууну ойлобой, биринчи кезекте өндүрүүнү ойлош керек. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө заводдун өзүнүн жер-жерлерде өкүлчүлүктөрү болот. Заводдо ортомчулар же кайра сатуучулар деген болбойт. Заводдон чыккан баа монополияга каршы саясат министрлигинен аныкталып, бирок өкүлчүлүктөрдө анын баасы бир аз жогору болушу мүмкүн. Бирок ал чектен ашпаш керек. Негизи ушундай кылып иштесе туура болот.

Цементке муктаждык көбөйдү

Расмий өкүлдөрдүн айтканына караганда, баанын өсүшү цементке болгон муктаждыктын көбөйгөнүнө да байланыштуу. Монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Исаевди угалы:

- Коомчулукта цемент тартыштыгы жаралды деп жатышат. Биз анализ кылып көрсөк, цемент рыногунун көлөмү көбөйүптүр. Себеби, Кыргызстанда курулуш иштери жанданды. Түштүк облустарында да цементке талап күчтүү, курулуштар жүрүп жатат. Бишкекте, бул жакта деле бардык жерде курулуштар бар. Мурда Кыргызстандагы цемент базарынын көлөмү 800 миң тонна деп жүрсөк, азыр 1,2 млн. тонна керек болот экен. Демек бул деген алып сатуучулардан улам жаралган көйгөй эмес, ким алып сатса да айырмасы жок. Болгону республиканын муктаждыгы көбөйдү.

Кыргызстанда жалпысынан алты цемент заводу бар. Бирок ушу тапта анын үчөөсү гана толук шартта иштеп жатат. Маселен, Канттагы цемент заводдон тышкары, Кызыл-Кыядагы завод күнүгө 2200 тонна өндүрсө, ал эми Араван районудагы заводдун учурдагы күнүмдүк кубатуулугу 600 тонна.

XS
SM
MD
LG