Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Донорлор айткан акчанын үчтөн бири гана келди


Эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн Бишкектеги жыйыны, 2010-жылдын 27-июлу.
Эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн Бишкектеги жыйыны, 2010-жылдын 27-июлу.

Бир жыл мурда Бишкекте донордук отуздан ашуун каржы институттары, эл аралык уюмдар жана он жети өлкөнүн өкүлдөрү жыйын курган эле.

Анда кандуу кагылыштан бүлүнгөн Кыргызстанга 1 миллиард 160 миллион доллар бөлүү убада кылынган. Мынча каражат төмөнкү пайыздагы, төлөө мөөнөтү узак насыя катары жана кайтарымсыз негизде берилмек.

Шарт боюнча ал негизинен өлкө бюджетинин таңкыстыгын жапканга, Ош жана Жалал-Абадды кайрадан тикелөөгө жумшалмак. Ага 500 миллион ашуун доллар сарпталары эсетелген. Ошондой эле элге чакан кредиттерди берүү жагы да каралган.

Каржы министринин басма сөз катчысы Бегайым Сатыбалдиеванын маалыматынан улам донорлордун өткөн жыл үчүн берилген убадасынын үчтөн бири гана аткарылганын байкоого болот.

- 2010-жылы алар 755 млн. 2011-жылы 227 млн. жана 2012-жылы 177 млн. АКШ долларын бөлүп берели деп пландашкан. өткөн жылкы конференциянын жыйынтыгында Кыргызстан 261 млн. АКШ долларын гана алды.

Демек, өткөн жылга деп убада кылынган акчанын 500 млн. долларга жакыны келген эмес. Каржы министрлигинин маалымат катчысы муну техникалык себептерге байланыштырды. Бирок кандай себептер экенин так ачыктаган жок. Ага улай убадаланган жардамдар келип жатканын кошумчалады.

Донорлор акчаны "ме" деп эле жөн кармата салбасын, алардын да кайсы бир деңгээлде кызыкчылыктары жана койгон шарттары болорун экономист Айылчы Сарыбаев эске салууда. Анын пикиринде, жардамдын толук бөлүнбөгөнүнө саясий да себеп бар. Өкмөт жок эле дегенде беш жыл былк этпей, таза иштесе сырт донорлордун ишенимине ээ болмок:

- Келбеген себеби өзүбүздүн республиканын ичинде өкмөт бир калыпта калыптанган жок. Жаңыдан араң калыптанып келатат. Парламент жаңыдан шайланды. Ошондой эле ушу күнгө кимиси күнөөлүү? Өзбектерби, кыргыздарбы, өкмөтпү же эл өзү күнөөлүүбү деген суроого алиге так жооп болбой, ар кандай комиссия болуп, алардын жыйынтыктары ар башка болгону бере турган жардамдарды токтотууда.

Кыргызстанга келип түшкөн каражаттын канчасы насыя да, канчасы кайтарымсыз экенин каржы министрлигинен такташкан жок. Ошентсе да олчойгон бир бөлүгү насыя экени, ал түздөн-түз мамлекеттик тышкы карызга кошулары белгилүү.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция жетекчисинин каржы иштери боюнча орун басары Молдобазар Эркебаев алардын эсебине түшкөн каражат тууралуу буларды айтат:

- Биздин атайлаштырылган эсепке 29 миң 969 доллар Малайзия, 25 миң доллар Молдова өкмөтүнөн түшкөн. 68 миң 953 евро Экономикалык кызматташтыкты уюштуруу деген уюмдан түшкөн. Бүткүл дүйнөлүк банк 10 миллион доллар бөлгөн. Андан тышкары 12 млн. 500 миң доллар бөлүнгөн. Түркиядан, Кытайдан да жардамдар бар.

Мындан тышкары, дирекциянын атайын эсебине мурда Орусия тарабынан берилген акчадан 100 миллион доллар бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG