Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Бажы кодексинин пайдасы жана зыяны


Кыргызстан базар
Кыргызстан базар

Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кирди.

Жаңы Бажы кодекси биримдиктин шартында Кыргызстандан эмне талап кылат? Кыргызстандык ишкерлер бул кодекстин алкагынан чыкпай иштеши үчүн кандай жол-жоболорду аткарууга тийиш? Бул кодекстен Кыргызстандын экономикасы кандай пайда көрүп же зыян тартышы ыктымал? "Арай көз чарай" берүүбүздө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Экономика министрлигинин өкүлү Кубан Айдаралиев, Бизнес-ассоциациялар альянсынын башчысы Улук Кыдырбаев жана ишкер Уран Ниязалиев катышты.

"Азаттык": Улук мырза, жаңы Бажы кодексине ылайык кыргызстандык ишкерлер кандай иш алып барышы керек?

Кыдырбаев: Жаңы Бажы кодексинин алдына коюлган максат ушунда: биримдиктин ар бир мүчөсү мурда өзүнчө иш алып барып жүргөн Бажы кодекстерин бир системага келтирүү, мыйзамдарды билүү. 26 жылдан бери өз мыйзамдары менен иштеп жүргөн ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин жаңы талаптарга туш болуп, бир топ кыйынчылык тартышты.

Ошондуктан Бажы биримдигинин алдына койгон биринчи максаты - мыйзамдарды жалпы биримдик алкагында жалпылоо. Мисалы, Орусияда, Казакстанда, Беларуста жана Арменияда кабыл алынган жаңы мыйзамдардан артта калбашы үчүн Кыргызстан да жаңы Бажы кодексин кабыл алды.

"Азаттык": Кубан мырза, жаңы Бажы кодексинин артыкчылыгы катары биз мурдагы кагаз документациясы артта калды, бүт бардык маалыматтар электрондошкон системага өтөт, товарлардын декларациясын толтуруудан тартып, мамлекет аралык бажыга байланыштуу документтердин баары электрондук түрдө жеткиликтүү болот, ал түгүл ишкерлер электрондук кол коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат деп түшүнүп жатабыз. Кыргызстанда жаңы Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кирди. Бирок өлкө, бажы тармагы өзү даярбы?

Айдаралиев: Бажы кодекси жаңы эле кабыл алынды. Учурда аткаруу иштери жүрүп жатат. Биримдиктеги беш өлкө ортосунда бирдиктүү Бажы кодексинин талаптарын аткарууга керектүү шарттар түзүлүп жатат. Бажы органдары электрондук документтерди башка өлкөлөр менен алмаша баштады. Андан тышкары, Бажы кодексине тиешелүү өзгөртүлө турган жыйырмадан ашык нормативдик актылар бар, учурда алардын үстүнөн да иштеп жатабыз. Ошондой эле жаңы Бажы кодексине ылайык үч мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керек.

"Азаттык": Уран мырза, жаңы Бажы кодексинен ишкер катары сиз эмне күтүп жатасыз ? Бул жаңы, жалпылаштырылган мыйзам тууралуу ишкерлерде маалымат барбы?

Ниязалиев: Эми бул кодекс жаңыдан эле ишке кирди. Мурдагы жалпы Бажы кодексинен көп деле айырмасы жок. Бир гана артыкчылыгы - документтер электрондук системага өтөт экен. Азырынча биз муну көрө элекпиз. Ишкерлердин электрондук формага өтүшү эле эмес, бажы, фитосанитардык, салык жана башка тиешелүү тармактар да ошол формада иш алып барууга өтүшү керек. Бирок ачыгын айтып коеюн, азырынча жаңы Бажы кодексинин мааниси, ал кандай иштейт, ишкерлерге кандай талаптар коюлат - бул тууралуу маалыматтар жок, өтө аз. Биз өзүбүз Интернеттен издеп окуп жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG