Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Бийликтин "белеги" дыйкандарды кыйнады


Ысык-Көл облусунун дыйкандары лизингге алынган комбайндардын сапатына нааразы болууда.

2009-жылы облустун 70 жылдыгына карата бир катар дыйкандарга ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин белеги катары 15 комбайн жана 61 трактор берилген. Техника Орусиянын заводдорунан чыгарылгандыктан, эми ал жакка кайрылганы жатышат.

Президенттин белеги деп дыйкандарга 10 жылга лизингге берилген айыл чарба техникасын алган дыйкандар жылына 300 миңден ашык сом каражат төгүшөт.
Ушул тушта эң көп карызы бар делген Түп районуна караштуу “Намыр кожо” айыл чарба кооперативинин башчысы Дамир Сагынбаев алган техникасы биринчи күндөн баштап эле иштен чыга баштаганын айтууда.

- Облус боюнча эң көп техника бизге бөлүнүп берилген. Азыркы күндө иштеп жатат, биринчи күндөн баштап бузула баштаган. Анан заводдон кишилер келип карабай койду, техника биринчи күндөн баштап бузук жатты. Биз 2010-жылдан тарта иштей баштадык, бирок жакшы болбой койду.

Айласы кеткен дыйкандар Бишкекте темирдин курамын иликтөөчү экспертизага да кайрылышкан. "Экспертизанын корутундусу ооз ачырды" дейт Сагынбаев:

- Бишкектен атайын экспертиза өткөрдүк. Ошондо комбайн жасалган темирдин курамынан аллюминий, чугун жана топурак чыккан. Ошол себептен биз азыр ошол комбайнды сваркалаганда анысы кармабай жатат. Ушул жылдан тарта комбайн менен иштей албай калдым. Себеби анын запчастары бизде сатылбайт. Айлабыз кетип калды. Эмне кылып, кайда кайрыларыбызды билбей турабыз. Мойнубузда 3 млн. 200 миң сом карыз турат, жылына 320 миң сом төгүшүбүз керек. Биз ал акчаны таба албай жатабыз, тескерисинче карыз алып атабыз.

Үч жыл ичинде жаңы алынган техника четинен иштен чыга берип, ал ортодо алардын акысын төлөй албай жатышкан экен. Түп районунун Сотко чейинки карама каршылыктарды жөнгө салуу медиатору Дамира Райымбекова белек менен лизингдин айырмасына көңүл бурат:

- Көлдүн 70 жылдыгына карата дыйкандарга комбайн, тракторлар белек катары берилди дешти. Көрсө ал комбайн, тракторлор белекке эмес, лизинг менен берилген экен. Белек деп массалык маалымат каражаттары аркылуу таратылган маалымат жалган болуп чыкты. Ал комбайндар ошол замат бузулган экен. Андан кийин дыйкандар бул карыз акчасын төлөй албай жатабыз деп кайрылган.
Мойнубузда 3 млн. 200 миң сом карыз турат, жылына 320 миң сом төгүшүбүз керек. Биз ал акчаны таба албай жатабыз, тескерисинче карыз алып атабыз.
Мындай проблема жалгыз гана Түп районунда эмес, башка жерлерде да катталганын Тоң районуна караштуу “Ийгилик” айыл чарба кооперативинин өкүлү Турдубек Касымалиев маалымдады.

- Тоң кооперативинин өкүлү бизге 6 трактор, 2 комбайн берген. Адеп келген жылы мен иштетип жаткан комбайн бузулду. Ошондо эле заводго чалдым. Ал жерде Алмамбет деген бала экен, өкүлү болуп иштейт экен. Маселени түшүндүрсөм алар ары-бери бир жума жүрөбүз деди. Айлам кетип Ж.Байсеитовго келдим, ал мурун айыл чарба жана айлана чөйрөнү коргоо департаментинин башчысы болчу. "Жардам бергиле" десем, ар нерсени айтып болбой койду. Моторду эки жолу оңдодум. 200 миң карыз болуп, аны эптеп төлөп, учурда 60 миң карызмын. Азыр ушул комбайнды карасаңар, мындайча айтканда шырдак болуп калды. Сварка алган жагын сваркалап, калганын эптеп бүтөп жатабыз.

Бул маселени облус губернаторунун орун басары Валерий Ситчихин да жакшы билет экен.

- Ооба, чындыгында 2009-жылы Ысык-Көл облусунун 70 жылдыгына карата Социалдык өнүктүрүү фондунун каражатынан 95 млн. сомго комбайн, трактор алынган. Бул трактор, комбайндар дыйкан чарба кооперативдерине лизингге берилип, акчасын 10 жылда төлөп беришмек. Ар бир дыйкан чарба, кооперативдер менен келишимдин негизинде ал жерде ар субъектиси боюнча жоопкерчиликтер жазылып, атайын акы төлөмдөрдү төлөө графиги түзүлгөн. Мен 2009-жылы Түп районунун акиминин орун басары болуп эмгектенип жаткам. Биз бир нече жолу ушул маселени көтөргөнбүз. Комбайндар жасалган темирдин сапаты өтө начар болуп, эл иштете албай, каражаттын көбү аларды оңдоого коротулган.

Валерий Ситчихиндин айтымында, алынган айыл чарба техникасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каражатынан сатып алынгандыктан, облустук мамлекеттик администрация каражатты кайтарып берүүнү талап кылууга акылуу.

Эми эмне кылуу керек деген суроо туулат. Азыр бардык арыздарды, экспертизалардын корутундуларын чогултуп, Орусияга кат жолдогонго даярданып атканын облус губернаторунун орун басары кошумчалады.

Дыйкандардын “Беларус” тракторлорунун сапатына доосу жоктугу анык болду. Бирок “Красноярск” заводунан жасалган “Енисей-1200” деген аталыштагы комбайндардын сапатына доомат көп экен. Ошентип эки жакка кат жазып, күнөөкөрлөрдү издеп жаткан чакта күзгү түшүм жыйноо маалы кычап кирип келди.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG