Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Мамытов: Кумтөрдү мындан ары созгонго болбойт


Өткөн жуманын соңунда Кумтөр боюнча Москва - Нью-Йорк телекөпүрөсу аркылуу кезектеги сүйлөшүү аяктады. Кыргызстан менен "Центерра" өкүлдөрүнүн ортосундагы бул сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу "Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытовду кепке тарттык.

"Азаттык": Токон мырза, бул сүйлөшүүдөн кандай жыйынтык болду?

Мамытов: Кыргызстандык делегация, эксперттер тобу “Центерранын" өкүлдөрү менен өткөн жуманын ичинде Москва – Нью-Йорк телекөпүрөсү аркылуу кезектеги сүйлөшүүнү өткөрдүк. Бул 26-30-январда Бишкекте өткөн сүйлөшүүнүн уландысы болду. Анда экономика, өндүрүш, уюштуруу иштери талкууланып, негизинен келечекте түзүлчү биргелешкен ишкана боюнча сөз болду.

"Азаттык": Ошондо бул сүйлөшүүдө кыргыз тарап үчүн кандай өзгөчөлүк, жетишкендиктер болду?

Мамытов: Сүйлөшүүгө катышкан кыргыз тобунун максаты – Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн пункттардын баарын аткаруу. Ошол максатыбызга акырындап жетишип жатабыз. Бул жолку сүйлөшүүдө да алга жылуулар болду.

"Азаттык": Азыр парламент, жалпы эле кыргыз коомчулугу бул сүйлөшүү качан, кандай бүтөт деп кулак түрүп турган учур. Бирок азырынча анын аягы көрүнчүдөй эмес, сүйлөшүү мынчалык созулуп кетишине эмне себеп?

Мамытов: Былтыр 6-февралда Жогорку Кеңеш бул маселени карап, токтом кабыл алганы жана өкмөткө тапшырмалар берилгени белгилүү. Анан 200 миллион доллар боюнча кылмыш иши козголуп, Кумтөрдүн жетекчилиги Канадага кетип калган. Ошону менен сентябрга чейин сүйлөшүү токтоп турду. Телефон же кат аркылуу гана сүйлөшүп калганбыз. Ошону менен август айынын этегинде гана сүйлөшүүлөр жанданды. Созулушунун негизги себеби ушул. Эми маселе эки тараптуу болгондон кийин чечилбеген маселелер да болуп жатат. Канткен менен “Кыргызалтынга” тиешелүү, келишимде көрсөтүлгөн өндүрүштүк, уюштуруучулук, техникалык маселелер негизинен 80-90 пайыздай чечилип калды. Бирок юридикалык жана экологияга байланышкан жагы азырынча чечилбей турат. Декабрь, январдагы сүйлөшүүлөрдө да алардын бир тобу чечилди. Эми калганын февраль, марттагы сүйлөшүүлөрдө чечкенге аракет кылабыз.

"Азаттык": Сиздин божомолуңузда, ошондо сүйлөшүү качан аягына чыкчудай?

Мамытов: Божомолдоп айтуу кыйын. Ошентсе да менимче, апрель-май айларында бүтүп калсак керек. Мындан ары созгонго болбойт, чекит коюуга убакыт келди. Канадалык кесиптештерге да "силер да созуп отура бербей алдыга жылгыла, биз да жылалы" деп айтып жатабыз. Акыркы эки сүйлөшүүдө ушул принципте иштеп, бир жылдан бери чечилбей келген маселелерди эки айда чечип койдук. Ушинтип иштесек март-апрелге чейин дагы бир топ маселени чечип, ишти жыйынтыктайбыз го деп ойлоп турам.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG