Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Мал багуунун тоодой түйшүгү


Бул ирет кабарчыларыбыз Бажы биримдигине кирүү алдында турган Кыргызстандагы мал багуунун оош-кыйыштары, эпизоотикалык абалга кызыгып көрүштү.

Кыргызстанда экспортко тоскоол болуучу ар кандай жугуштуу ылаңдарга каршы массалык эмдөөгө дары-дармектер тартыш. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын маалыматына караганда, колдогу вакцина суроо-талаптын 16 гана пайызын канааттандырат.

Ушундай жагдайда мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө малды ылаңдан сактоонун кандай чаралары көрүлүп жатат? Теманы аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
Түз линк

Жалал-Абадда малдын күйдүргү ылаңына каршы 600 вакцина даярдалып, массалык эмдөө жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик Бажы биримдигине кирердин алдында мал кармагандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ветеринардык тармакты жандандыруу зарылчылыгы жаралууда. Бул багытта аймактык кабарчыбыз Руслан Калматовдун материалы.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00
Түз линк

“Оргочор” асыл тукум заводу аркылуу совет мезгилинде аты алыска кеткен мал-жандуу Ысык-Көл облусунда азыр малды асылдандыруу жана бордоп багуу жаатында иш солгун. Мал чарбачылыгы киреше алып келе турган пайдалуу тармак катары саналганы менен, ага мамлекеттик деңгээлде батыл колдоо көрсөтүү байкалбайт. Ысык-Көл аймагында малды асылдандыруу жана бордоп сатуу жаатында аз сандагы жеке дыйкан чарбалар гана алектенип жатат дейт кабарчыбыз Самат Асипов.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00
Түз линк

Кыргызстандын мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринардык абалды жакшыртуу жаатында мыкты мыйзамдык негиздер даярдалганы менен, аны ишке ашыруу аракеттери майнап бере элек. Көпчүлүк адистер мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн пайдубалын ветеринардык стандарттарды сактоо аркылуу менчик ветеринардык кызматтарды өркүндөтүүдөн көрүп жатышат. Мал чарбачылыгын кынтыксыз өнүктүрүүнүн мыйзамдык негиздери жана азыркы абалы тууралуу кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00
Түз линк

Апта темасын адистин пикири менен жыйынтыктайбыз. Мурдагы айыл чарба министри Кубат Касейинов “Азаттыктын” Бажы биримдигине кирер алдындагы малды идентификациялоо, лабораториялык көзөмөл өңдүү зарыл шарттарга Кыргызстандын даярдыгынын абалы тууралуу бир катар суроолоруна жооп берди. Маекти кабарчыбыз Шайырбек Эркин уулу жүргүздү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG