Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Дагы бир Бишкек-Ош жолу курулабы?


Азыркы Бишкек-Ош жолу
Азыркы Бишкек-Ош жолу

Кыргызстандын Транспорт министрлиги түндүк менен түштүктү байланыштырган дагы бир жолду куруу долбоорун ишке ашырууну максат кылууда.

Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн бириктире турган жаңы автожол куруунун зарылдыгы эмнеде жана кандай максатты көздөйт? "Азаттыктын" Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Транспорт жана коммуникация министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамаев, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынан Нарынбек Молдобаев.

“Азаттык”: Жол – бул албетте өнүгүүнүн рычагы. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн аралай чапкан атаандаш жол куруу демилгеси учурдун зарылчылыгындай сезилип жатат. Кубанычбек мырза, бул эмне деген долбоор, багыты, ишке ашыруу жолдору кандай?

Кубанычбек Мамаев: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өз кайрылуусунда "Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылуу, чыңдоо максатында жаңы курулуп аткан темир жолдорго бир багытта, ошондой эле унаа жолун да паралеллдүү түрдө курган маселени караш керек" деп айтып кетпедиби. Бул маалымат боюнча президенттин аппаратында толугу менен иш-чаралар каралган.

Кыргыз Республикасынын коопсуздугу боюнча да министрликтерге, ведомстволорго берилген тапшырмалар да каралып кетти. Эгерде Бишкек-Ош жолунда кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, кудай сактасын, ошондо Кыргыз Республикасынын түндүгү менен түштүгүн бириктирип турганга чоң коммуникациялык имарат керек болуп калышы мүмкүн болот. Ошондуктан биздин министрликте да кээ бир иш-чаралар көрүлүп атат.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, ушул атаандаш жол куруу демилгеси бүгүн канчалык реалдуу?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Нарынбек Молдобаев: Биринчиден, жол курганга биздин акчабыз жок. Жөн эле көкүрөгүбүздү көтөрө бергенде болбойт. Сандык деген Нарындагы чоң темир кени турат. Ошону Кытайга берип, ошонун ордуна темир жол куралы деген үмүттөр бар экен.

Темир жол курулганда, жалгыз эле темир жол курулбастан жанында автоунаа жүрө турган жандоочу жол курганы атат. Атайын стратегиялык түндүк менен түштүктү бириктире турган жол куруу максат буларда болгон деле жок, акчасы да жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG