Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Күйүүчү май ташыгандардын күйүтү


Өкмөт токтомуна нааразы айдоочулар. Ош, 19-июнь.
Өкмөт токтомуна нааразы айдоочулар. Ош, 19-июнь.

Бишкек-Ош жолунун Өзгөн-Ош аралыгында карамай ташуучу 80дей машине 2 күндөн бери токтоп турат.

Унаа ээлери оор машинелерге тыюу салган токтомдун мөөнөтүн жылдырууну талап кылып, өкмөт алардын талабын аткарбаса жолду тосууга чейин бараарын айтууда.

Тамак-ашын камдап алып, али-бери ордуларынан жылчудай болбогон айдоочулар Ош шаарынын кире беришинде жатышат. Алар оор жүк ташуучу унаалар үчүн Ош-Бишкек жолуна киргизилген ченемди көбөйтмөйүн, же өкмөт токтомунун мөөнөтүн жылдырмайын нааразылык акциясын токтотпой турганын айтышат:


- Биздин талап аткарылбаса канча болсо да олтура беребиз. Анткени эми биздин кыла турган ишибиз жок. Биз эми барып Өзбекстанда араба түртөлүбү, же Баткенге барып өрүк терелиби? Өкмөт оор жүк ташуучу унааларга тыюу салганды билет экен, а мурда эле ал унааларды Кыргызстанга киргизбей койбойбу? Булардын салмагы канча, биздин жолдорго туура келеби же келбейби деп карап анан бажыдан уруксат беришсе болмок да. Эми биз 50-60 миң доллардан кредитке, карызга сатып алганыбыздан кийин иштин баарын өлтүрбөй. Биз иштебей жатсак мунун баарын кантип төлөйбүз? - дейт күйүүчү май ташыган унаа ээси Бахтыяр Касымов.

Бул жердегилер кечээ күнү Ош-Өзгөн жолун бир саатка чейин жаап, милициянын кийлигишүүсү менен кайрадан ачкан. Талаптары аткарылбаса алар жол тосуу чараларын дагы улантаарын айтууда.

Айдоочулардын дагы бири Илияз Кадыров буларга токтолду:

- Биз мунун баарын бийликтегилер атайы элди кыйноо үчүн уюштуруп жатат деп түшүнөбүз. Болбосо чоңдордун машинелери бүт баары өтүп жатат. А бизге окшогон карапайымдардын унаасына келгенде эле мыйзам иштейт имиш экен. Бирок эми алардын ташып атканы деле аз да. Минтип олтурса аз күндөн кийин түштүк аймагында бензин, солярканын баасы асманга чыгып кетет.

Жол боюнда токтоп турган 100гө чукул карамай ташуучу унаалар XOA, Freed Liner жана Mann сыяктуу үлгүдөгү Кытайдан чыккан оор автоунаалар. Булардын май куйгандан кийинки салмагы 30 тоннадан 40-50 тоннага чейин жетет. Ээлери белгилегендей, унааларды кесип, кичирейтип жасап чыгууга да мүмкүн эмес.

Жеке ишкер Абдилашим Мамытов жүк ташуучу машинелердин жолго эч кандай зыяны жок экенин айтат:

- Оор машинелер жолдо жүрсө эле талкаланып калат деген нерсе бул -миф. Күнү келгенде жалаң жеңил машинелер жүргөн шаардын жолдору деле жарактан чыгып калып жатпайбы. Жол көтөрө албайт дегендин ордуна ошону сапаттуу кылып салышпайбы. Өзүнүн технологиясы менен жасап, анан утур-утур карап турса эле баары жайында болмок. Тескерисинче оор унаалар каттаса жол бышык болот.

Кыргызстан айдоочулар коомунун аймактагы өкүлү Надыр Токторов да өкмөттү маселени кайра карап чыгууга чакырууда:

- Мурда норматив кире турганын билип туруп, ушул машинелерди өкмөт сырттан киргизген. Сатып алууга уруксат берип, анан кайра айдоого тыюу салып койгонун эми кантип түшүнөбүз? Элди жонунан кайыш тилип, акчасын оңой жол менен алууну максат кылган деп түшүнөбүзбү? Ырас өкмөт өзү киргиздиби, өзү күнөөлүү. Эми буларга жок дегенде бир жыл убакыт бериш керек. Алды унааларын актатып алсын, аркасы сатып тынсын. Кантсе дагы бийликтин бул кылганы элди кыйноо же, алдоо деп кабыл алабыз.

Жолдорду сактоо максатында чыккан өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ушул жылдын май айында өзгөрүү киргизилип, 32 тоннадан ашыкча салмактагы унааларга Кыргызстандын ичиндеги жолдордо каттоого тыюу салынган. Буга Кытай өндүрүшүнөн чыккан күйүүчү май ташыган унаалардын дээрлик баардыгы туура келет. А бул унаалар республикадагы күйүүчү май ташыган унаалардын 80 пайызын түзөт. Ушуга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында күйүүчү майлардын кымбатташы ыктымал болуп калды.

Канткен менен өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 19-июнда атайын билдирүү жасап, токтом кайтарылбай турганын жар салды.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG