Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Өкмөт элдин акчасын санайт


Кыргыз өкмөтү бир жылда бир учурда 1 млн. же андан ашык сомго жана ошондой эле бир жыл ичинде эки же андан ашык учурда 2 млн. сомго мүлк сатып алган жарандардын каражатын текшерүүнү көздөөдө.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Чыныбай Турсунбеков менен көз карандысыз экономист Азамат Акелеев катышты.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, мыйзамга бир аз түшүнүк берсеңиз. Бул мыйзам долбоорунун максаты, жарандардын кирешесине көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби ж.б.

Турсунбеков: Албетте, мындай мыйзам эртеби-кечпи киргизилет. Анткени өкмөт жарандардын кирешеси менен чыгашасын көзөмөлдөө аркылуу бюджетти толтурууну көздөйт. Бирок бул мыйзам долбоору канчалык деңгээлде Кыргызстандын шартында иштеп кетери азырынча белгисиз.

Мына, карасаңар, сунуш кылынып жаткан мыйзамдын 7-беренесинин 6-пунктунда “эгер ошол 1 млн. сомдон ашуун акчаны кайдан тапканын көрсөтө албаса, мамлекет аны конфискациялайт” деп жазылып турат. Бул деген эртеңки күндө миңдеген карама-каршылыктарды жаратып, нааразылыктарды туудура турган нерсе. Ошондуктан мындай мыйзамды 15-20-25 млн. сом жумшап, мүлк сатып алган адамдардан баштаса туура болмок.

Акелеев: Менимче бул жерде каржылык же юридикалык эмес, моралдык маселе жатат. Анткени биринчи кезекте жогорку мамлекеттик кызматта иштегендер өздөрүнүн байлыгы тууралуу маалыматты так көрсөтүүсү керек. Өткөн жылы көрдүк го, алар өздөрүнүн каражаты тууралуу маалыматты туура эмес, жашырып көрсөтүп, элдин нааразылыгын туудурду. Ошондуктан элде системага ишенич жок болуп атат. Өкмөт ачык-айкын болушун кааласа, өздөрүнөн башташы керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Аз айлыгы менен кымбат машинелерди минип, хан сарайдай үйлөрдө жашаган айрым мамлекеттик кызматкерлер байлыгы тууралуу декларацияны толтурганда машинеси, үйү жок болуп чыга келгенде да элде нааразылык күч болуп аткансыйт...

Турсунбеков: Мунун баары туура. Ачыгын айтканда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, айлык алып келе жаткан кызматкерлер кымбат автоунааларды, хан сарайдай үйлөрдү кайдан алып жатат деген суроо көптөн бери берилип келе жатат. Бул дагы табылып аткан кирешелердин кайдан келип жатканына көзөмөлдүн мурдатан жүргүзүлбөгөндүгүнөн улам болууда. Ошондуктан биринчи кезекте биз текшерүүнү аз айлык алып, бирок көп киреше таап аткан чиновниктерден баштасак туура болот.

Акелеев: "Балык башынан" дейт. Ошондуктан жогорку кызматта иштеген аткаминерлер өздөрүнүн байлыктары тууралуу декларацияда так көрсөтүп, ал кирешелер кайдан келгени тууралуу маалыматты ачык бергенден кийин гана мындай мыйзамды карапайым калкка карата иштетсе болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG