Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:29

Дыйкандын кампасы толбой калды


Кыргызстан азык-түлүк жагынан кышка, жазгы үзүмчүлүккө даярбы?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Канатбек Ырсалиев, “Агропродкорпорация” акционердик коомунун төрагасы жана Ноокен районундагы “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев.

“Азаттык”: Өлкөнүн негизги кампасы болуп эсептелген “Агропродкорпорация” ишканасында канча тонна буудай бар?

Канатбек Ырсалиев: Азыркы тапта биздин баланста 2,5 миң тонна буудай, 3,5 миң тонна 1-сорттогу ун бар. Албетте бул жетишсиз. Бирок буудай, ун жетишсиздиги боюнча маселени биз түп-тамырынан чечүүгө аракет жасашыбыз керек.

Эгин айдаган дыйкандарга ар тараптуу колдоо керек. Мына быйыл алынган түшүм 600 миң тоннанын айланасында деп айтылды. Бул ички керектөөнүн тең жарымына барабар. Мамлекет акча бөлүп, дыйкандар өндүргөн азыкты сатып алууга өткөндө жакшы болмок, бирок азыр биз Казакстан менен Орусиянын дыйкандарынын пайдасына иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Элдин өзү буудай, ун камдап алыштыбы? Акыбай мырза, элет жеринде абал кандай?

Акыбай Сооронбаев: Дыйкандар буудай, унду толук камдап алды деп айтууга болбойт. Анткени бүгүнкү күнү элдин баары базардагы эки жактан келген унга гана көз каранды болуп отурат. Былтыркы аба ырайына байланыштуу күздүк аз эгилген, ага быйылкы кургакчылык кошул-ташыл болуп, быйылкы түшүм жакшы болгон жок. Ошондуктан азыр айылдарда деле дыйкандардын кампалары данга толо деп айтууга мүмкүн эмес.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Акыбай мырза, эмне үчүн дыйкандар буудайын мамлекетке сатуудан баш тартып атышат?

Сооронбаев: Анткени ошол учурда мамлекет сатып алуучу баалар базар баасынан бир топ төмөн болчу, ошондуктан дыйкандар данын базарда сатууну артык көрүштү.

Экинчиден, “Агропродкорпорацияга” буудай сатуу кыйынчылыкка турат. Мен өзүм да бир нече жолу сатууга аракет кылдым, бирок ал жерде буудайдын сапатына коюлган талап өтө жогору, кээде ошону адам фактору себеп болуп, сапаттуу эле буудайдын сапатын төмөн көрсөтүп, арзан алууга аракет кылышат.

Көз карандысыз лабораториядан өткөрсөң, буудайдын сапаты жогору чыгат, ал эми “Агропродкорпорациянын” лабораториясынан болсо төмөн көрсөтөт. Ошондуктан дыйкандар көп учурда базарга эле сатып жиберүүнү туура көрүшөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG