Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Өкмөттүн алып-сатууну сомго өткөрүү убарасы


Иллюстрация
Иллюстрация

Өкмөт өлкө аймагында сатылып жаткан товарлардын, авиабилеттердин жана турак жайлардын наркын чет элдик валютада эмес, сомго баалоону сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп жатат.

Өкмөт улуттук валюта боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун даярдап, ал жакын арада Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик монополияга каршы башкаруу агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди.

Казаковдун айтымында, мыйзам кабыл алынмайынча сатуучулар менен сатып алуучуларды көзөмөлгө алуу кыйынчылык жаратат:

- Биздин мыйзамдар боюнча Кыргызстан эркин рынок болуп эсептелет. Мындан улам бардык валюталарды жүгүртүүгө болот. Ал үчүн атайын мыйзам кабыл алып, андан соң рынокту көзөмөлдөөгө болот. Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү биз сунуштадык. Эгер кабыл алынса, андан ары Экономика министрлиги көзөмөлдөйт, эгер жарандар аны аткарбаса айыппул төлөйт.

Эми Жогорку Кеңеш бул мыйзамды качан карап кабыл алары белгисиз. Учурда өкмөт ири компаниялардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана чектелүүдө. Мындай аракеттер доллардын улам кымбаттап баратканын жумшартуу үчүн жасалып жатканы кабарланды. Негизинен жарандар өлкө ичиндеги товарларды, алыш-беришти доллардын курсуна карап соодалашууга көнгөн. Учурда ишкерлер соода жүгүртүүлөрүн доллар менен эле жүргүзүшүүдө.

Сатып алуучулар сом менен алууга каршы

Бишкектеги курулуш компаниясынын өкүлү Чыңгыз Эсенгуловдун билдиришинче, Кыргызстандын мыйзамдарында сооданы улуттук валюта менен жүргүзүү каралган. Бирок ал кардарлар көпчүлүк учурларда өздөрү доллар менен алып-сатууну туура көрүшөрүн айтууда.

- Бардык алып-сатууну, албетте, сом менен жүргүзөбүз. Көпчүлүк учурда кардарлар доллар менен алууну туура көрүп, макулдашууну чет элдик валюталар менен түзүүгө ыкташат. Түшүндүрүү иштерине карабастан кийин нааразы болгон учурлар да кездешет. Ошон үчүн биз сом менен иштешүүнү туура деп эсептейбиз.

Улуттук валюта менен эсеп жүргүзүү боюнча өткөн жылдын 27-ноябрында премьер-министр Темир Сариев Улуттук банкка тапшырма берген. Ага ылайык, бардык жарнамалардагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн баасы сом менен көрсөтүлүшү керек.

Экономист Искендер Шаршеев эркин экономикада таңуулоо жолу менен сомду гана калтыруу демилгеси, тескерисинче, коррупцияны күчөтөрүн белгилейт.

- Жарандар сатып алуу келишиминин бардыгын сом менен жүргүзгөнүн далилдеш үчүн банктан справка ала турган болсо, бул бизнеске айланат. Банкка барып справка сатып алуу жаман өнөкөткө айланышы мүмкүн. Эмне үчүн мындай өзгөртүү киргизип жатканы түшүнүксүз болуп турат. Себеби эч нерсе өзгөрбөйт. Ансыз деле мамлекеттик сатып алуулар көп учурда сом менен жүрүп жатпайбы.

Өкмөт доллардын кунунун мындан аркы өсүүсүн алдын алып, анын механизмдерин иштеп чыгууда. Мыйзам кабыл алынса, өлкө ичиндеги бардык алып-сатуулар улуттук валютанын негизинде жүргүзүлүп, аны тыкыр көзөмөлгө алмакчы. Бирок долларга болгон суроо-талап көп болгондуктан, Улуттук банк аргасыздан интервенция жолу менен доллардын кунун бир калыпта кармап, ага оңбогондой каражат сарптоодо.

6-январда Улуттук банк дагы 3 млн. 250 миң долларды базарга чыгарган. Бул жыл жаңыргандан берки кыска убакытта сомдун курсун кармап туруу үчүн экинчи ирет жасалган аракет. Буга чейин 4-январда Улуттук банк акча базарына 9,1 млн. доллар саткан болчу. Башкача айтканда, алты күндүн ичинде 12 млн. 350 миң доллар интервенцияланган.

XS
SM
MD
LG