Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Турак-жай арзандады, үй алууга чөнтөк жука


Ош шаары.
Ош шаары.

Кыргызстанда турак-жайдын баасы 10-20% арзандады. Куруучулар мындан ары арзандоолор болбойт деп ишендирүүдө.

Ошол эле учурда турак-жайга муктаж элди арзан үй менен камсыз кылуу үчүн мамлекет колдоо көрсөтүүгө тийиштиги айтылып келет.

Кыялдагы үй...

34 жаштагы Гүлмира Бишкектеги жогорку окуу жайларында мугалим болуп иштейт. Азырынча үйү жок, батирде турат. Бир нече жыл мурда Орусияда иштеген инисинин чогулткан акчасына өзүнүн аздыр-көптүр топтогон каражатын кошуп, үй алууну максат кылышкан:

- Экөөбүздүн акчабыз биригип? 5 миң доллар болду. Ошол кезде курулуш фирмалары жаңыдан үй куруп баштаган. Ошондой ишканалардын биринде иштеген тааныш байкенин кеңеши менен бар акчабызга ата-энебиздин малын саттырып, дагы үч миң доллар коштук. Анан курулуп жаткан үйдөн бир бөлмөлүү батирдин алгачкы төлөмүн төлөп, үлүшкө кошулуп калдык. Бизге эки жылдык мөөнөт менен калганын төлөп кутулууга уруксат беришти. Ошондо ай сайын 700-800 доллардан төлөөгө тийиш болдук. Иним Москвада иштеп, ай сайын тапкан акчасын жиберет, мен аздыр-көптүр кошуп, төлөп аттык. Бирок быйыл жаңы жылдан тартып, инимдин иши жүрүшпөй калды. Алган айлыгы өзүнөн артпай, батирге эки-үч айлап төлөй албай калдык. Курулуш фирманын жетекчиси биздин абалыбызга түшүнүү менен мамиле кылып, мөөнөтүбүздү дагы узартып берди. Айла кеткенде баягы тааныш байкенин жардамы менен инимди бул жакка чакыртып, ошол биздин батирди куруп жаткан ишканага курулушчу кылып ишке орноштурдум. Эми иним иштеп тапкан акчасын бүт батирге төлөп атат. Буйруса, ушундай акыбал менен төлөп, эптеп кутулуп алсак, быйыл жыл аяктап, төлөп бүтөбүз.

Бишкек шаарындагы жаңы курулган үйлөр
Бишкек шаарындагы жаңы курулган үйлөр

Бүгүнкү күнү жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алуу үчүн үлүшкө отургандардын көпчүлүгү – чет мамлекеттерде иштеген мигранттар. Алардын алгачкы төлөмдөрү жана ай сайын жиберген акчалары кандайдыр бир деңгээлде курулуш тармагын алдыга жылдырып турган.

Статистикалык маалымат боюнча быйылкы жарым жылда көп кабаттуу үйлөрдөгү жалпы аянты 486,7 миң чарчы метрди түзгөн 4604 батир ээлерине пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга караганда 24% көп деп маалымдайт Улуттук статистикалык комитети. Ушул тапта Бишкекте дагы 111 көп кабаттуу турак-жайдын курулушу жүрүүдө. Курулуп жаткан имараттардын жалпы аянты 600 миң чарчы метрден ашуун. Курулушчулардын белгилөөсү боюнча, турак-жай жана башка курулуштун баары жеке адамдардын, алардын арасында сыртта иштеген мигранттардын акчасына курулуп жатат.

Бирок Орусиядагы экономикалык санкциялардан улам, мигранттардан келип жаткан акча азайып, бул курулуш тармагына да терс таасирин тийгизди. Мында эң башкысы – рублдин курсу төмөндөгөнүнө да байланыштуу болууда дейт ЖИА бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Эльдар Абакиров:

- Улуттук банктын анализи боюнча 1 млрд. долларга жакын каражат кайра эле сыртка тамак-ашка кетип жатат. Ошондуктан, азыр акчанын куну да кетти деп айтууга болот. Рублдин курсунун төмөндөөсү да мигранттарга терс таасирин тийгизди. Алар эки-үч жыл мурдагыдай эле акча иштеп тапканы менен аны АКШ долларына болобу же сомго болобу которгон учурда колуна аз эле суммадагы акча тийип калып жатат. Ушундан улам да мигранттардын курулуш, турак-жай базарында төлөө жөндөмдүүлүгү басаңдоодо.

Акыркы жылдары Кыргызстанда турак-жай курулушу күч алгандан бери, үйгө муктаж адамдардын бир кыйласы мүдөөсүнө жетти. Эксперттердин белгилөөсү боюнча, бирок ушул тапта деле жалаң айлык акыны карап жашаган элдин катмары азыркы баада турак-жай сатып ала алышпайт. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтүп, узак мөөнөттүү ипотекалык насыя берүүнү жайылтууга тийиш. ЖИА Бизнесассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Элдар Абакировдун айтуусунда, үйгө муктаждардын 80-90% бюджеттик кызматта иштеген адамдар:

- Үй алам деген адамдардын 90% акчасы жетпейт. Алган айлыгын жебей-ичпей чогулткан күндө да аз убакта үй ала алышпайт. Алар эки-үч жылдык мөөнөткө узартып төлөө менен турак-жай ала алышпайт. Аларга он – он беш жылдык узак мөөнөттүү насыяларды берүү жагын мамлекет карап көрүшү керек. Мисалы "Росинбанк" аркылуу мына ушундай узак мөөнөттүү насыялар берилет деп айтылган. Муну колдоого алып, башка банктар аркылуу да ишке ашыруу зарыл деп ойлойм.

Маалыматтар боюнча Кыргызстан турак-жай баасынын кымбаттыгы жагынан айрым Европа өлкөлөрүнөн калышпайт. Мисалы, Болгария, Испания, Греция жана Түркиядагы батирлер айрым учурларда Бишкектеги батирлерден арзан баада кездешет дешет адистер.

Турак-жайдын арзандоосу үчүн ириде курулуш тармагына мамлекеттин колдоосу зарыл деген пикирлер басымдуу.

Каржы жаатындагы эксперт Умбриэль Темиралиевдин бекемдөөсүнчө, мамлекет курулуш тармагына көңүл бөлмөйүнчө тармактагы маселелер азайбайт, баалар арзандабайт:

- Мигранттар батирдин акчасын 100% төлөгөн жок да. Алар 20-30% гана төлөп, калганын ай сайын эки жылда төлөп кутулушат. Азыркыдай кризис келгенде мамлекеттен жардам берилиши керек. Каражат жагынан колдоо зарыл. Банктар аркылуу, ипотекалык же мөөнөттүү насыялар менен көмөктөшүүсү тийиш. Мына Орусия канча триллиондорду киргизип жатат, АКШ сарптап жаткан акчаны карап көрүңүз. Бизде да мамлекет үй куруучуларга да, үй алуучуларга да колдоо көрсөтүшү керек.

Асмандагы баалар...

Акыркы бир жыл аралыгында Кыргызстандагы турак-жайлардын баасы экономикалык кризистен улам 10-20% арзандады. Курулушчулар баа мындан ары төмөндөбөйт деп бекемдеп жатышат. Мунун себеби курулуп жаткан батирлердин өздүк баасына байланыштырылууда. ЖИА Бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Эльдар Абакировдун айтуусунда, курулушка сарпталган ар бир тыйын батирдин чарчы метринин баасына кошулат:

- Ички анализ жүргүзсөк, батирлердин сатылып жаткан баасы курулган баасына байланат. Совет доорунда салынган, бетондон курулган үйлөрдүн өздүк баасы чарчы метрине 350 долларга туура келет. Ал эми бүгүнкү талаптарга ылайыкташтырып, темир-бетон түркүктөрү менен бышкан кыштан курулган үйлөрдүн чарчы метри өздүк баасы кеминде 450 доллардан тартып, шаардагы жайгашкан жерине, коммуникацияга сарпталган каражатка байланыштуу 700-800 долларга чейин чыгат. Албетте, буу баалардан арзанга үй сатылбайт. Эгер сатылса, анда мындай үй куруунун мааниси жок болуп калат.

Экономикалык кризис, мигранттардан келип жаткан акчанын азаюусу менен деле турак-жай бааларынын арзандабашына дагы бир себеп, курулуш тармагына мамлекет тарабынан эч кандай колдоонун жоктугу. Ишкерлер мамлекет колдой албаса да, бут тоспосо деген өтүнүчүн бир нече жылдан бери улам кайталап, өтүнүп келе жатышканы менен азырынча жыйынтык жок. Жогорку Кеңештин депутаты, курулуш тармагындагы адис Нарынбек Молдобаевдин айтуусунда, учурда көп кабаттуу үй тургузган курулушчу ишкер мамлекеттик аткаминерлер үчүн “акчалуу капчык” көрүнүп калган:

- Мурдагы кездерде көп кабаттуу үйдүн алдынан жылуулук менен ысык суунун түтүгү өтсө, ошол эле жерден улап алууга уруксат берилчү. Бүгүнкү күнү Бишкек жылуулук тармактары ишканасы бир чакырым аралыктагы түтүктү алмаштырып берсең гана, ысык суу беребиз деп атышат. Мурда темир түтүктүн тоннасы 20 миң сом турса, азыр 100 миң сомго чыгып кетти. Курулушчу айласы жок, анын айтканын аткарат да, кеткен чыгашасын батирдин акчасына кошот. Анан кантип үйдүн баасы арзандайт? Арзандабайт!

Курулушчулардын дагы бир нааразылыгы – Бишкектеги жер участокторунун кымбаттыгы. Бул болсо сатылып жаткан үйдүн чарчы метриндеги көп үлүштү ээлөөдө дейт “Эмарк” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов:

- Жердин баасы дагы үйдүн өздүк баасындагы басымдуу сумманы ээлеп жатат. Мисалы, бир чарчы метрдеги 170-200 долларга чейин жердин баасы болууда. Мисалы, мындай баа Алматы менен Москвада бар. Бирок ал жактагы курулушчулар курган үйлөрдүн дээрлик 40-50% пайдасына сатып жатса, биз бүгүн 600-700 доллардан 50-100 доллар гана маржа менен иштеп жатабыз.

Курулуш материалдарынын ичинде Кыргызстанда кум-таш, кыш, цемент гана болбосо, дээрлик 90% курулуш материалдары сырттан алып келинет. Өлкө ЕАЭБ курамына кирген соң, Орусиядан келип жаткан темир жана жыгач материалдар бир аз арзандашы мүмкүн, бирок бул дагы курулуш базарындагы бааларга таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан, курулушчу өзүнүн зыянына иштегиси келбесе, курган турак-жайынын баасын арзандатпайт деген пикирди Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов да билдирүүдө:

- Курулуш материалдарынын арзандашы кыйын го. Кыргызстан Евразиялык экономикалык аймакка киргенден кийин деле жыгач менен темир гана арзандашы мүмкүн. Жердин баасы чечүүчү ролду ойнойт. Жердин баасы кандай кымбат болуп жатканын өзүңүздөр билесиздер. Ошондуктан, Кыргызстан ЕАЭБге кирүүсү менен турак-жайдын баасы арзандайт деп күтүү – куру үмүт.

Эски үйлөрдөгү батирлердин баасы түштү

Ушул тапта Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайлардын чарчы метри жайгашкан аймагына жараша 450 доллардан-800 долларга чейин сатылууда. Ошол эле учурда борбор калаанын чок ортосуна, ыңгайлуу деп саналган жерлерге курулган үйлөрдөгү батирлердин чарчы метри 1200-1300 доллардан арзандаганы байкалбайт. Курулуш тармагы аздыр-көптүр жүрө баштаган Ош шаарында баалар жайгашкан аймагына жараша 350 доллардан башталат.

Адистердин белгилөөсү боюнча, Бишкек жана Ош шаарларындагы үйлөрдүн баалары мурунку жылдарга салыштырмалуу бир аз арзандаганы мурунку союздун тушунда курулган үйлөрдөн бир аз байкалды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу эски көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин чарчы метри 10-20% арзандады. Азырынча бир жана эки бөлмөлүү батирлердин баасы түшүүдө. Эски үйлөрдүн ичинен “хрущевка” деп аталган 308-сериядагы үйлөр турак-жай рыногунда арзан болууда. Ушул тапта эски үйлөрдүн чарчы метри жайгашкан аймагына жараша 350 доллардан 550 долларга чейин сатылып жатат.

Курулуш тармагы Кыргызстандагы жумуш базарында үчүнчү орунда турат. Бул тармакта миңдеген адам иштеп, үй-бүлөсүн багып атса, курулуш тармагы менен байланышкан соода-сатык, кызмат көрсөтүү жаатында иш алып баргандар өлкөдөгү ишке жарамдуу адамдардын 11,3% түзөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG