Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

"Жол картасы" өлкөнү кайда алып барат?


Президент Алмазбек Атамбаев жарыялаган Кыргызстанды өнүктүрүү Стратегиясы декабрдын этегинде кабыл алынат деп болжолдонууда.

Жакында жарыяланган долбоорду “Азаттык” эксперттердин катышуусунда “Арай көз чарай” талкуулады. Анда долбоордун мурдагы стратегиялардан өзгөчөлүгү эмнеде, эмне үчүн өз программасын президент кызмат мөөнөтүнүн бир жылы өткөндөн кийин жарыялап отурат, “жол картасы” Кыргызстанды байгерчиликке жеткире алабы деген өндүү суроолор коюлду.

Талкууга мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана көз карандысыз эксперт Дастан Кадыров катышты.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев 2013 – 2017-жылдар үчүн стратегия долбоорун 7-декабрда жарыялады. Долбоор жалпысынан туруктуу саясий система, натыйжалуу мамлекет, экономикалык өнүгүү, адамды өнүктүрүү, коомду калыптоо багыттарын белгилеп, булардын бардыгына бирдей артыкчылык берилген. Ошентсе да бардык туруктуулуктун башында экономикалык өнүгүү турат деп эсептелген экен. Ошондуктан биз стратегиянын экономикалык өңүтүн талкуулайлы деп жатабыз.

Өнүгүү стратегиясы Кыргызстанда биринчи жолу жарыяланып жаткан жок. Буга чейин ар кандай стратегиялар жарыяланып, алар өзүн актаган-актабаган учурларын өлкө тарыхы жакшы билет. Бүгүнкү Алмазбек Атамбаевдин "жол картасынын" жаңылыгы эмнеде?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Айылчы Сарыбаев: Эми жаңылыгы - жылдарында. Баягы эски Советтер Союзундагыдай беш жылдык болуп түзүлүптүр. Ал эми өнүгүү багытынан төрттү көрсөткөн. Мурунку стратегияларда же орточо мезгилге деп багытталган программаларда багыттар же көбүрөөк же азыраак болуп, анан чаржайын болуп калаар эле. Азыр болсо менин пикирим боюнча багыттар туура эле көрсөтүлгөн. Энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы – бул Кыргызстандын экономикасынын негизин түзө турган тармактар.

Дастан Кадыров: Биз Азиянын ортосунда туруп каржы борборуна айлануу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушул долбоордо көрсөтүлдү. Анан Бажы биримдиги деп атабыз, ага кирсек дагы алдыга жыла турган мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ошолор көрсөтүлүптүр.

Акылбек Жапаров: Мен деталдуу изилдеп чыга элекмин. Бир сыйра көз жүгүртүп чыктым. Муну эми Алмазбек Атамбаев бир жыл иштегенден кийин Кыргызстан кайсы жакка жыла тургандыгын көрсөтө турган стратегия катары кабыл алсак болот. Эми "жол карта" дегенге бир аз жетишпей атат окшойбуз. Жол карта дегенден кийин кайсы жерден кайда бурулабыз, кайсы жерден түздөлүп кетебиз дегендей бир топ нерселер жазылышы керек экен. Бирок эми жоктон көрө жогору. Революциядан кийин багыты жок кемедей эле жүргөнбүз. Багыт пайда болду деп айта алам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG