Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Эмгек мыйзамы: Аты улук, супурасы суук


Барселонадагы демонстранттар полиция менен кагылышып, өрт коюшту. 29-март, 2012-жыл
Барселонадагы демонстранттар полиция менен кагылышып, өрт коюшту. 29-март, 2012-жыл

“Өңүт” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы эмгек укугу менен мамилелери жана бул жааттагы дүйнөлүк тенденция талдоого алынды.

Эмгек кодексинин өкмөт тарабынан даярдалган жаңы долбоорунун алгачкы үлгүсү кесиптик кошуундардын нааразылыгын жараткандыктан кайра иштелип чыга турган болду.

Аракеттеги мыйзам иш берүүчүгө караганда иштөөчүнүн укугун жакшыраак коргойт деп эсептелгени менен айрыкча бизнесте ал камтыган жана мыйзамды пайдаланган чөйрө тар экендиги белгилүү. Эми жаңы долбоор ошол чөйрөнү кеңейте алабы же жокпу, маселе мына ушунда жатат.

Испанияда экономикадагы жана каржы чөйрөсүндөгү кризис алып келген көйгөйлөргө, анын ичинде эмгек мыйзамы реформаланышына каршы жалпы элдик иш таштоолордун эң соңкусу 29-мартта бир катар шаарларда болду.

Барселона, 29-март, 2012-жыл
Барселона, 29-март, 2012-жыл
Испандарга чейин марттын орто ченинде португалиялыктар иш таштаган эле. Европанын түштүгүндөгү бул эки өлкөдөгү нааразылыктардын чоо-жайын экономика боюнча португалиялык профессор Франческо Лоса мындайча түшүндүрөт:

- Испанияда жана Португалияда чыккан чатактардын себеби – биз жаңы социалдык режимге ээ болуп жатканыбыз. Жаңы социалдык режим – социалдык контракттардын бүтүшү. Укугу жок иштөө, кепилдиги жок иштөө дегендик. Коргоосуз, медициналык камсыздоосуз системасыз иштөө дегендик. Бул Европада соңку дүйнөлүк согуштан бери абдан маанилүү болгон. Режимдин алмашуусу экономиканын жана коомдун иштөө негизин алмаштыруу боюнча эбегейсиз операция.

Жумушсуздук деңгээли Европада эң жогору - 23 пайызга жеткен Испанияда элди көчөгө профсоюздар алып чыкты.

Алар бийликке келгенине 100 күн боло элек жаңы өкмөттүн социалдык программаларды кыскартуусуна, эмгек мыйзамын реформалоосуна каршы болуп жатышат.

Эмгек мыйзамын реформалоонун маңызы – компанияларга кызматкерлерди бошотуу эрежелерин жеңилдетүү.

Ал эми испан өкмөтү жана иш берүүчүлөрү эмгек мыйзамын реформалоо экономиканы жандандырат деген ишенимде турушат. Өлкөнүн иш берүүчүлөр конфедерациясынын башчысы Альберто Надал:

- Эмгек базары акыркы отуз жылдан бери иштебей келген. Бир нерсе жасалыш керек. Ал эми профсоюздар эч нерсени өзгөрткүсү келбей турат.

Реформанын маңызы

Испания өнүгүп бара жатып, анан кризиске кабылган экономикасын кайра тикелөө үчүн эмгек мыйзамын өзгөртүүгө барып жатса, Кыргызстан өнүгө албай жаткан экономикага дем берүү үчүн ушундай кадамга барууда.

Кыргызстанда да эмгек мыйзамына сунушталган азыркы реформанын маңызы - аны иш берүүчүлөр үчүн ийкемдүүрөөк кылуу.

Бирок “чылпагын алам деп жатып, көзүн чукуп албоо керек" дейт “Азаттык” менен маегинде Улуттук университеттеги Юридикалык институттун Эмгек укугу кафедрасынын башчысы Кубанычбек Раманкулов:

- Азыркы мыйзам абдан жакшы, өзгөртпөш керек дегенден алысмын, өзгөртүш керек. Мыйзамдын ичинде иштебей калган жерлери да бар. Кандай өзгөртүүлөр керек? Мисалы, чакан ишкана, орто ишкана деп жатабыз, аларда иштеп жаткандардын укугу эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Бизнестин да, анда иштеп жаткандардын да укугу эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Азыркы мыйзам негизги чоң ишканаларга гана ылайыкташкан. Андыктан диференциациялоо, орто жана чакан бизнес үчүн атайын норма киргизүү абдан зарыл. Ооба, ал норма абдан ийкемдүүрөк болушу керек. Дароо эле бардык кепилдиктерди бере алабыз дегенден алысмын. Минималдуу кепилдиктерди камсыз кылышыбыз керек деген ойдомун.

Эмгек кодексин даярдоого такай катышып келе жаткан юрист Кубанычбек Раманкуловдун айтымында, мыйзамдын биринчи үлгүсү 1998-жылы, андан кийинкиси базар экономикасына ылайыкташтыруу деген максатта 2004-жылы кабыл алынган.

Эл аралык Эмгек уюмунун Кыргызстан боюнча улуттук координатору Болот Ороковдун пикиринде, алдыда эмгек мыйзамын либералдаштыруу боюнча кандай өзгөртүү киргизилбесин анда негизги принцип - алдуу тараптын алдында алсыз жактын коргонуу мүмкүнчүлүгү сакталышы абзел:

- Эки тараптын алсыз жагы - жумушчу тарап. Эгерде жаңжал болуп кетсе, көпчүлүк учурда жумуш берүүчү адам күчтүүлүк кылып, иштөөчүсүн жумуштан кубалайм же башка чара көрөм десе, кандай мыйзам болбосун жолун табат. Азыркы Эмгек кодекси боюнча деле мунун жолун таба алат. Андыктан Эмгек кодексинин мааниси жумушчу өзүнүн укугун же кызыкчылыгын сот аркылуу коргойм десе, ошондой мүмкүнчүлүк бергенинде.

Ишкерлер эмне дешет?

Практика көрсөтүп келе жаткандай, адатта Кыргызстанда тигил же бул себеп менен иштен бошоп калганда өзүнүн эмгек укугун сот аркылуу түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар коргошот жана көп учурларда алар соттон колдоо таап, мурдагы иш орундарына кайтуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ошол эле учурда жеке сектордогулардын мындай жол менен аракеттенген учурлары көп байкалбайт. Бул бир эсе азыркы Эмгек кодекси иштөөчүлөрдүн укугун көбүрөөк коргойт деп эсептелгени менен анын колдонулуш чөйрөсү тар экендигинин далили болушу мүмкүн.

Мыйзамды реформалоону жактап жаткан Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги да өз демилгесин жеке сектордогу эмгек мамилелерин көмүскөдөн алып чыгуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн, анын ичинде мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө да жогорулатуу, мамлекеттик кызматкерлердин алмашып туруусун жеңилдетүү деп түшүндүрүүдө.

Кыргызстанда ишкерлер менен жарандар эмгек мыйзамын күндөлүк турмушта кандай пайдаланышат?

Ишкерлер менен маектерди бул жерден угуңуз:



Эмгек мыйзамын өзгөртүү демилгелеринен улам Кыргызстанда тутанган талкууларга байланыштуу бул жаттагы дүйнөлүк тенденция тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, эл аралык Эмгек уюмунун юристи Анжелика Мюллерге кайрылдык:

Мюллер: Эл аралык Эмгек уюму дүйнөдө байкап жаткан маанилүү тенденция – эмгек укугун жакшыртуу, атап айтканда анын эл аралык Эмгек уюмунун стандарттарына ылайыкташтыруу. Көп өлкөлөр эмгек базарынын институттарын чыңдап, өзгөчө анын практикада сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө.

Азия менен Чыгыш Европанын көп мамлекеттери азыр өткөөл мезгилде тургандыктан, биздин байкообузда, эмгек укугун реформалоо аны базар экономикасына ылайыкташтыруу максатында жасалып жатат.

Батыштын айрым өлкөлөрүндө болсо эмгек мыйзамы либералдаштырылууда. Өнүккөн өлкөлөрдүн өзүндө, ошол эле Батыш Европада да бир нече тенденция бар. Айрымдары эмгек мыйзамын Европа биримдигинин көрсөтмөлөрүнө шайкеш келтирүү үчүн реформалоодо.

Экономикасы оор кризиске кабылган өлкөлөрдө болсо эмгек мыйзамын жана эмгек укугунун реформасы Эл аралык валюта кору каржылык жардам көрсөтүүсүнүн шарты катары коюлууда.

Учурда көп талаш-тартыштар жүрүп жатат, анткени эмгек мыйзамынын ийкемдүүлүгүнүн оптималдуу деңгээли боюнча бир жактуу позиция жок.

“Азаттык”: Соңку жылдары эмгек мыйзамын либералдаштыруу деген түшүнүк пайда болду да, мунун маани-маңызы эмнеде?

Мюллер: Көп өлкөлөрдө байкалып жаткандай, эмгек мыйзамын либералдаштыруунун абдан сезилген кесепети - туруктуу эмес иштин жайылуусу жана күчөшү. Бул туруктуу эмес, кыска мөөнөттүү келишимдер негизинде иштөө дегендик. Мунун баары акырында иштөөчүлөргө берилген кепилдиктердин азайуусуна алып барат. Бул эмгек акыга, эмгек коопсуздугу деңгээлинин төмөндөшүнө, кайрадан окуу мүмкүнчүлүгү чектелишине, кесиптик кошуундарга кирүү же жамааттык сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү татаалдашына алып барат.

“Азаттык”: Демек Батыш Европада жумушчуларга мурда ашыкча берилип кеткен кепилдиктерди кайра алып жатат десек болобу?

Мюллер: Минтип бир жактуу айтууга болбойт. Кээ бир мамлекеттер эмгек мыйзамын көбүрөөк ийкемдүүрөөк кылууга аракеттенүүдө. Бирок мунун баарын ага чейинки эмгек мыйзамы кандай болгону менен салыштырып кароо абзел.

Кайра эле көп өлкөлөр эмгек укугун Евробиримдиктин көрсөтмөлөрүнө жана эл аралык Эмгек уюмунун стандарттарына ылайык реформалоо жолунда бара жатат. Эмгек кепилдиктеринин кайсыл бирлери азайтылган конкреттүү учурларды карасак, эмгек укугун жарым-жартылай реформалоодон экономикалык натыйжа болору иш жүзүндө азырынча байкала элек.

Азаттык”: Кыргызстанда эмгек мыйзамын реформалоодон өлкөгө инвестиция келишине, жаңы жумушчу орундары жаралуусуна салым болот деп түшүндүрүлүүдө. Эмгек мыйзамынын либералдашуусу буга жардам бере алабы?

Мюллер: Эмгек мыйзамынын либералдашуусу менен инвестиция деңгээли өсүшүн же жумушсуздук азайышынын тикелей байланышын көргөзгөн изилдөө жок. Тескерисинче, чет өлкөлүк инвесторлорду өлкөнүн саясий-экономикалык стабилдүүлүгү, коррупциянын жоктугу, инфраструктура, жакшы салык мыйзам өңдүү факторлор кызыктырарын көрсөткөн көп иликтөөлөр бар. Ал эми эмгек укугуна келгенде инвесторлор социалдык абал туруктуу, юридикалык жактан бир нерсени боолгой ала турган, ошондой эле эмгек боюнча талаштарды жеке же жамааттык болсун эффективдүү чечүүчү институттар бар өлкөгө кызыкдар.

Эмгек укугун либералдаштыруу жумушчу орун түзөрүн көрсөткөн изилдөө да жок. Башкы маселе эмгек укугу дайыма тең салмактуу болуш керек. Ал өлкөдөгү инвестициялык маанай жакшыруусуна жардам берет. Бирок эмгек укугу инвесторлор тигил же бул өлкөгө инвестиция салуу үчүн чечим кабыл алышында көрсөткөн башкы фактор эмес.

Маекти жана берүүнү толугу менен бул жерден уга аласыз:



Кыргызстан буга чейин эл аралык Эмгек уюмунун 100дөн ашуун конвенциясынын 53үн ратификациялаган экен. Андыктан Эмгек кодексинин жаңы редакциясын даярдап, кабыл алууда ал конвенциялардын талаптарын эске алууга туура келет.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы улуттук координатору Болот
Ороковдун
“Азаттыкка” айтканына караганда, мындагы башкы эреже – мыйзам үч тараптын: кесиптик кошуундардын, иш берүүчүлөрдүн жана өкмөттүн мунасасы менен кабыл алынышы керек.
XS
SM
MD
LG