Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:57

Форма чатагы бүтө элек


“Балдардын укугун коргоо лигасы” мектеп формасы боюнча сот жараяны жыйынтыкталгыча, окуучуларды форма кийүүгө милдеттендирген өкмөт токтомун жокко чыгартканга жетишти.

Өкмөттүн 2008-жылдагы №-260 токтомунда Билим берүү министрлигине башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын форма киргизүү сунушу каралган. Былтыркы окуу жылынан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн министрлик форма, кийим заказ берип, аны Бишкектеги бир катар жеке ишканалар аткарып келген.

Бирок “Балдардын укугун коргоо лигасынын” координатору Елена Гаврилованын айтымында бүгүнкү күнгө чейин мындай ишканалардын бири да өз продукциясын санитардык эпидемиялык текшерүүдөн өткөргөн эмес.

Соңку кезде ата-энелер тарабынан мектеп формаларынын сапатына карата нааразылыктар күчөп, буга арзан баадагы кездемеден тигилген мектеп формаларынан улам балдардын денелеринде пайда болуп жаткан тери оорулары негиз болууда.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо жаатында иштеген коммерциялык эмес уюмдардын жыйынын жетекчиси Елена Воронинанын айтымында, ал жетектеген уюмга мектеп формаларынын сапатына нааразы ата-энелерден арыздануулар түшүп жатат.

- Биз Билим берүү башкармалыгына, мектеп директорлоруна арыз жазгыла деген кеп-кеңешибизди берип жатабыз. Бирок алар өз ысымдарын атагандан коркуп жатышат.

Жогорку Соттогу мектеп формаларына байланыштуу жараяны соңуна чыкмайын, өкмөттүн башталгыч класстар үчүн мектеп формасын киргизүү сунушу каралган токтому күчүнөн тайды.

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы орто билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Дамира Кудайбергенованын айтымында, мектеп формасына байланыштуу талаш-тартыштарга негиз деле жок. Анткени ал токтомдо “форма сөзсүз киргизилсин” деген сөздөр жок.

- Милдеттүү деп деле айтса болот. Бирок жөн эле кыскача сөз бар да “вести” (авт. киргизүү) деген. Ал жерде сөзсүз түрдө форма киргизилсин деген сөз жок да. Өзүнүн терминологиясы бар да.

Бишкектин №51 мектебинин директору Суусар Мураталиева айрым ата-энелердин мектеп формасынын сапатына болгон нааразылыгын эске албаганда, башталгыч класс балдары үчүн бирдей кийим кийдирүү демилгесин колдого алат.

- Форма деген адамды тартипке чакырат. Психологиялык жактан маанайды да шарттап турат. Анан эң негизгиси бул баягы бай жашаган кишилер менен жакыр жашагандардын ортосу билинбей жакшы атмосфера болот да.
XS
SM
MD
LG