Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

К.Сыдыкова: Кыргызстанда жылына 1000 китеп чыгат


Германиянын Франкфурт шаарында салттык ири китеп жармаңкеси өз ишин улантууда.18- октябрда соңуна чыга турган бул дүйнөдөгү эң ири китеп жармаңкесине жети миңдей катышуучу келди. Кыргызстан быйыл каржылык себептерден улам бул жармаңкеге катыша алган жок. Китеп палатасынын жетекчисинин орун басары Кален Сыдыкова бул туурасында “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Франкфурт шаарында өтүп жаткан 61-эл аралык китеп жарманкесине быйыл Кыргызстандын катышпай калышына эмне себеп болду?

- Биз жылда катышчубуз. Быйыл бизге элчиликтен виза ачышпаптыр. Ошого байланыштуу, техникалык себептен улам барбай калдык. Бирок биз китептерибизди жибергенбиз.

- Негизи, жармаңкеге катышуу үчүн арыз жолдогонсуздарбы?

- Арыз жолдогонбуз. Бирок быйыл бара албай калдык. Акчага байланыштуу.

- Өткөн жылы Кыргызстан бул жармаңкеге катышкан экен. Былтыркы жармаңкедеги жыйынтыктар боюнча айтып берсеңиз

- Эми ал жерде, көргөзмөгө катышуу үчун атайын орун берилет. Ошого жараша Кыргызстанда биз жүздөн ашык мыкты чыкты деген китептерди койгонбуз. Былтыр биз жармаңкеде жеңүүчү болуп келгенбиз. Кыргызстан китептери анда мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Өзгөчө Чыңгыз Айтматов баштаган улуу жазуучулардын китептерин Европа окурмандары абдан талап кылып тургандарын көрдүк. Ошо анан биздин китептердин көбүн сатып алышкан.

- Быйыл жармаңкеге катышуу үчүн арыз жолдогонбуз деп атасыз. Кайсы китептер Европа сынына коюлат эле?

- Атайын китептер бар. 23-апрелде китеп күнүндө атайын түзүлгөн калыстар тобу мыкты деп тапкан китептер катышмак. Ал жерде бир эмес бир нече авторлор бар. Анан дагы азыр жеке менчик типографиялар көптүгүнө байланыштуу ар кайсы басмаканалар катышкан. “Кут аалам”, “Бийиктик”, “Раритет” деген басмаканалардын китептери катышкан.

- 2003-жылы Айтматов бул жармаңкеге ардактуу конок катары чакырылган экен. Андан бери дагы кайсы кыргыз авторлору бул жарманкеге чакырылды эле?

- Эми жармаңкеге ким катышат, жазуучулардын өз эрки. Биз болсо мамлекеттин атынан катышып атабыз. Автор катары ким өзү каалагандай катыша алат. Биз болсо авторлордун атынан барып жармаңкеге китептерди койгонбуз.

- Кыргызстан жылына канча китеп чыгып турат?

- Болжолдуу түрдө миңдин тегерегинде.

- Бул азбы же көппү Кыргызстан үчүн?

- Советтер Союзунун убагынан абдан аз. Бирок мындан төрт-беш жыл мурда 400 же 300дөн эле китеп чыкчу. Азыр болсо жылдан-жылга өсүп атат. Ушул былтыртан бери 900, быйыл 1000 болуп, көрсөткүчтөр өсүп атат.

XS
SM
MD
LG