Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Мектепте курал сатылышы ата-энелерди кооптондурууда


Бишкектеги 64-мектептин жер төлөсүндөгү дүкөндө мергенчилик үчүн делген курал-жарактардын бир канча түрү сатылат.
Бишкектеги 64-мектептин жер төлөсүндөгү дүкөндө мергенчилик үчүн делген курал-жарактардын бир канча түрү сатылат.

Бишкектеги мектептердин биринин жертөлөсүндө курал-жарак саткан дүкөн азыр депутаттардын жана коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Ата-энелер өз балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданса, мугалимдер мылтыктын үнүнөн мектеп жабыркап, дубалдарда жарака пайда болуп жатканын айтышууда. Ал эми дүкөн ээлери коопсуздук маселеси чечилгенин, кооптонууга негиз жок экенин каршы жүйөө коюуда.

Мугалимдер дүкөндүн жабылышын колдойт

Бишкектеги 1500 миң бала окуган №64 мектепте “Эделвейс” деген курал-жарак сатуучу дүкөн бар экенин, бул окуучуларга кооптуу жагдай жаратышы ыктымалдыгын айрым депутаттар көтөрүп чыккан. Депутаттар мектеп жетекчилиги окутуучу жамаат менен бирге бул дүкөндү жабуу сунушу менен көп жерге кайрылып, маселе чечилбей келатканын белгилешкен.

Биз аталган мектепке барып, мугалимдер менен жолугуп, кырдаал менен таанышууга аракет кылдык. Бишкектин 10-кичи районунда жайгашкан бул мектептин мугалимдери бир ооздон курал-жарак сатылган дүкөндүн жабылышын колдой тургандарын айтышты. Мугалимдердин көбү ок-дары сатылган бул жай жарылып кетеби деп да коркушат экен. Мектептин атын атагысы келбеген кызматкери буларга токтолду.

- Былтыртан бери бизди киргизбей да калышты. Ичине жолотпойт. Мурда биз ичине кирип кайсыл жерде куралдар жатат, кутуда октор турганын көрүп чыкканбыз. Ок-дары сатылып аткандан кийин коркосуң да. Өзүмүн өмүрүмөн коркуп аткан жокмун. Бул жерде 1,5 миңден ашуун бала окуп атат да.

Мугалимдер бул маселе боюнча дүкөн ээлери менен бир нече жолу талаш-тартыш болгонун белгилешип, аттарын атабоону суранышты. Мугалимдер мылтыктын үнүнөн мектеп жабыркап, дубалдарда жарака пайда болуп жатканын да айтышууда.

- Бул чын эле кооптуу. Биз өзүбүз да угабыз да атылып атканын. Өзгөчө беш-алтыларда атышат. Анын үстүнө Бесландагы окуядан кийин да ата-энелердин баары арыз жазып, чуркап да жүрүштү. Ата-энелердин чогулушу болгондо "эмнеге курал саткан дүкөн мектепте кармалууда?" - деп бизге талап коюп атышат.

Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турудбекова бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келатканын, балдардын укугу бузулуп жатканын айтат.

- Бул жерде өзүнчө коркунуч бар. Ок-дарылар кандай убакта болбосун жарылып кетиши мүмкүн. Андан балдардын өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Бул балдар укугу боюнча конвецияны бузуу деп эсептейбиз. Аны мектеп имаратынан чыгару керек.

Акча талашпы?..

64-мектеп 1975-жылы курулуп, ошол кезде эле анын жер төлөлөсү атайын жогорку класстар үчүн аскерке даярдоого адистешкен тир болуп ачылган. Ал кезде Бишкектин бардык мектепетрден келип даярдыктан өтүп турчу экен. 1995-жылы бул жертөлө “Эделвейс” ишканасына ижарага берилиптир. Ошондон тарта аталган ишкана ижара мөөнөтүн узартып, кийин курал-жарак сатчу дүкөнгө айланган. Мен бул дүкөндү издеп катуу бекитилген эшикти көрдүм. Ага жөнөкөй адам киргизилбейт. Бирок айланасынан кымбат баалуу машиналарды байкадым.

Анткен менен “Эделвейстин” ээлери өздөрүнүн мыйзамдуу турганын, коопсуздук маселелери толугу менен камсыз болгонун айтышууда. Владимир аттуу кызматкер:

- Эгер мыйзамсыз турсак анда бизди 1995-жылы эле чыгарып салышмак. Баары текшерип кетти. Ошол эле ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК, депутаттык комиссия. Баарын көргөндөн кийин унчугушкан жок. Биз мурда салыктын жарымын мектеп жетекчилигине берчүбүз. Кийин комиссия мектепке эмес шаар бюджетине түшсүн, бул жерде мектептин тиешеси жок деген чечим чыгарган. Ошондон бери мектеп директору биз менен тирешип келатат.

Дүкөндө мергенчилик үчүн делип куралдын бир нече түрү сатылат экен. Баалары да түрдүүчө, 20 миң сомдон эки-үч миң долларга чейин. Аны менен кошо октору да турат. Дүкөн кызматкерлери атайын уруксаты менен келген бардык жарандар курал сатып ала алышаарын, курал сатып алгандардын саны кийинки убактарда көбөйгөнүн белгилешти.

Ата-энелер болсо балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын айтышууда. Ошонун айынан балдарын башка мектептерге которгондор да болуптур.

Айсалкын: - Албетте, биз коркобуз. Анктени балдарыбыз ошол мектепте окуйт. Бул жөнөкөй маселе эмес. Айланасында да чоң-чоң көп машина жүрөт. Эшикке чыгып ойногондо да коркобуз. Мектепте куралсатылбашы керек.

Дилдебек: - Бул жерде ары бери өткөндө деле коркосуң. Эмнеси болсо да балдар окуган имаратта курал сатылбаш керек да. Азыр эми курал эркин эле сатьылып калбадыбы. Бирөөнүн колуна тийип, талкалансачы. Күндүр-түндүр машина турат. Ары-бери өткөндөн чочуйт адам. Былтырбы, мурдагы жылыбы бул жерде жарылуу болгон, коркунучтуу.

Билим берүү министри Канат Садыков болсо бул маселе боюнча мэрияга кайрылганын, бирок чечим алигүнчө чечилбей келатканын белгилейт.

- Бул маселе боюнча биз мэрияга эчак эле кайрылганбыз. Анткени Бишкектеги мектептердин бардыгы мэрияга караштуу. Алар бул маселени аягына чейин чыгарбай жатат. Мектепте курал эмес, деги эле коммерциялык мекемелер болбошу керек. Биз бул маселеге дагы кайрылабыз.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов "Эдельвейс" дүкөнү бир нече ирет текшерилгенин, коопсуздук боюнча жагдайлардын бардыгы эске алынганын, мыйзам бузуулар жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

Аталган дүкөндүн ижара мөөнөтүн узартпоо чечими 2007-жылы эле кабыл алынган экен. Бирок бир топ органдар текшерип, анын мыйзамдуу эле иштеп жатканы тууралуу корутунду чыгарып берген. Ошонун ичинде Башкы прокуратура да бар. Коомчулулук арасында дүкөн артында чоң калкалоочу "караандар" бар деген кыңыр кептер да айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG