Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Тайтору жолун торобо же "бешиң" "үчкө" арзыйбы?


Бишкектеги мектептердин бири
Бишкектеги мектептердин бири

Жыл сайын олимпиада башталганда мектептерден мыкты окуйт деп тандалган окуучулар райондук деңгээлде иргелип, алдыга озгондору облустук, анан республикалык турга келип, жеңип чыккандары жогорку окуу жайга кыйла оңой өтүшөрү белгилүү. Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт дегендей, мыктылардын мыктылары озуп, улам кийинки айлампага өткөн сайын катары суюлуп, чыныгы татыктуулары марага суурулуп келген учур кандай шаңдуу, кандай сүрдүү! Бирок чоң турмушка кадам койгон улан, кыздардын чоң жарышы канчалык туура уюштурулуп, тандоо канчалык калыс жүргүзүлөт? Ар кайсы предметтер боюнча сынак өткөрүүчүлөр кандай жоопкерчиликтүү ишти аркалап жатканын сезеби?

Билимдин баасы жана наркы: бешиң үчкө арзыйбы?

Ырас, баалоонун субъективдүүлүгүнөн чоң жарышка чыныгы татыктуулар эмес, шык-жөндөмү, билими, атайын даярдыгы ортозаар болгондор катышып калышы да мүмкүн. Мисалы, бир мектепте жалаң «5ке» окуп жүргөн бала башка мектепке барганда «3» менен «4төн» ары өтө албай калат. Кээде тескерисинче, окуусу начар делген бала башка мектепке которулганда алдыңкылардын катарында туруп калат. Конкреттүү мектептер ортосундагы эле эмес, жогорку билим берүү тутумундагы коюлуп жүргөн баалар менен турмушта ар бир бүтүрүүчү жетишкен ийгиликтер да коошпой, мектептин же университеттин «мыктылары» колунан эч нерсе келбей, кечээки «3кө» окугандарга жалдырап калган учурлар абдан көп кездешет эмеспи. Андыктан беш баллдык баалоодон рейтинг аныктоо тутумуна өтүү зарылдыгы эчак эле бышып жетти.

Баалоонун субъективдүүлүгү, мугалимдин утурумдук маанайына, пенделик мамилесине байланышкандыгы, кээде карөзгөйлүгү, чындыктан алыстыгы далай жаштардын турмушта адашуусуна себеп болуп жаткан жокпу? Мисалы, химиядан көтөрмөлөнгөн «5терди» алып жүрүп мектепти аяктаган окуучу медицинаны, адабияттан эки барак текстти өз алдынча жазып көрбөсө да, мугалимдин жаттатма тапшырмаларын дайым так аткаргандыгы үчүн жакшы баа алган бүтүрүүчү журналистиканы, филологияны тандап, бөөдө убара чеккен мисалдарды ким билбейт? Кесипке багыттоодо теориялык камылгадан тышкары ар бир баланын мүнөзү, темпераменти, шык-жөндөмү да көбүнчө эске алынбайт бизде.

Байге уурдап саткандар

Олимпиаданын алдыңкы орундарын жең ичинен соодалаган шылуундар сынакта «жандоочулукту» ачык эле сунуштап жүргөнү дайыма айтылып жүрөт. Мунун чындыгын мектептеги эң билимдүү окуучулар облустук сынакта 5-6-орундарга араң илинип, алардын ортодон эле бир аз жогору деңгээлде окуган классташтары республикалык турга суурулуп чыгып кеткен фактылар кыйыр түрдө тастыктады. Ырас, муну деле мектептеги баалоонун субъективдүүлүгү менен байланыштырса болот. Бирок «калыстар» кара кылды как жарууну эмес, капчык кампайтууну ойлоп калган болсочу?.. Мисалы, маселелердин чыгарылышын «жеңүүчүлөрдүн» колуна берип коюшсачы? «Балаңдын алдыңкы орунга чыгышын кааласаң, жолдугун жаса», - деп кыйыткандардын жоругу ушуну каңкуулап тургансыйт.

Калыстыкты камсыздоо үчүн бардык деңгээлдерде олимпиаданы уюштуруп өткөрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Нааразы болгондор апелляция кылганга акылуу. Бирок муну да толук аныгына жеткирбесе болбойт. Алсак, орто окуган бала мыкты окуган классташынан озуп кеткен учурда экөөнө тең көз карандысыз комиссиянын көз алдында бирдей типтеги, татаалдыктагы маселе чыгартып көрсө болот.

Ачык-айкындык – калыстыктын зарыл шарты

Эгер ар бир баланын тагдырына, демек, бүтүндөй улуттун тагдырына кайдыгер карабай, ар биринин жана бүткүл элдин даремети толук ачылышын кааласак, олимпиаданын, ага чейинки жана андан кийинки балдарды баалоонун калыстыгын, объективдүүлүгүн камсыздагыдай шарттарды түзүшүбүз керек. бул максатта төмөндөгүдөй иштерди аткаруу керек деп ойлойм:

1. Бардык талапкерлердин соңку 2-3-класста «басып өткөн жолу»: чыгарган маселелери, аткарган көнүгүүлөрү, жасаган иштери, жетишкен ийгиликтери, жалпы рейтингдеги орду ж.б. аудио жана видео жазуулары менен интернетке коюлушу керек. (Айтмакчы, жакында Орусияда окуучулардын реферат, дилбаян ж.б. жазуу иштерин интернетке койдуруу талабы киргизилди). Ошондой эле олимпиадалар, мамлекеттик жана көчүрүү сынактарынын материалдары да элдин көз алдында турушу абзел. Олимпиадада «озгондордун» кыйласы ЖРТда орточо көрсөткүчкө жетпей калышы да мүмкүн. Же кошумча аламан байгеде четке сүрүлүп калган, бирок жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча окууга өткөн классташы менен жанаша отуруп, кайра эле андан начар экендиги оркоюп билинип калышы ыктымал.

2. Мугалимдерге окутуунун жаңы усулдары менен катар рейтинг менен баалоо ыкмасын да жакшылап үйрөтүү керек. Эч болбосо ортоңку класстардан баштап ар бир баланын кайсы сабак боюнча кандай деңгээлге жеткендиги Билим берүү жана илим министрлигинин атайын сайтында чагылдырылып турганы жакшы. Азыр кээ бир ичи тарлар жаптырыш керек деп жаткан «Себат» лицейлеринин артыкчылыгы ырааттуу, ургал окуткандыгы гана эмес, бардык лицейлер боюнча ар бир окуучунун жетишкендиктери чейрек сайын рейтинг түрүндө көрсөтүлүп тургандыгы менен да шартталган. Тесттердин түркүн түрлөрүн пайдаланып, субъективдүүлүктү колдон келишинче азайтып, кимдин мүмкүнчүлүгү кандай болуп жатканын жалпыга көрсөтүп турса, балдардын атаандаша окууга кызыгуусу артат. Баалоо тутуму калыс, объективдүү болсо, олимпиадада, ЖРТда күтүүсүз жагдайлар, нааразылыктар азаят.

3. Чыныгы татыктуу талапкер апелляцияга бербесе деле «жеңүүчүлөрдөн» кыйла өйдө экендигин ЖРТ жыйынтыгы, ЖОЖдогу мыкты окуусу менен далилдеши мүмкүн. Олимпиада, сынак өткөрүүчүлөрдүн, баа койгондордун жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Анткени алар улуттун келечегине жолду кеңейтишет же тарытышат. «Калыстардын» карөзгөйлүгү аныкталган учурларда мындайларды кийинки сынактарга жолотпой, атүгүл административдик айыпка тарттыруу керек.

Жолдош Турдубаев, публицист

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG