Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Билимге чаңкаган муун


"Жарык жол" реабилитациялык борбору. 27-декабрь, 27-декабрь, 2012-жыл
"Жарык жол" реабилитациялык борбору. 27-декабрь, 27-декабрь, 2012-жыл

Кыргызстанда мектепке барбагандардын саны жыл санап өсүп жатканы эл аралык изилдөөлөрдө айтылып келет.

1-сентябрга карата кийим, мектепке керектүү окуу куралдар керек деген ойго Сыймыктын башы оорубайт. 14 жашка чыккан өспүрүмдүн жадагалса туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Ата-энеси Орусияга жумуш издеп кеткен боюнча ушул күнгө чейин дайынсыз. Сыймык азыр 3 бир тууганы менен чоң апасынын колунда, Дордой-2 жаңы конушунда жашайт. Керелден кечке карындашы экөө “Дордой” базарынан кагаз кутуларды, желим баштыктарды чогултуп, сатып, чоң апасына жардам беришет. Сыймык мурда Ошто окугам дейт, бирок аны тастыктачу колунда эч кандай документи жок. Сыймык башка балдар сыяктуу эле мектепке баргысы келет.

- Окугум келет. Бирок документиң жок дешип мектепке албай коюшкан. Мурда №43 мектепте аз-маз окугам. Азыр “Дордойдо” иштеп, чоң апама жардам берем. Базардан баштык, коробка чогултуп сатып, күнүнө 150-200 сом табам.

"Жарык жол" реабилитациялык борборундагы балдар, 2--декабрь, 2012-жыл
"Жарык жол" реабилитациялык борборундагы балдар, 2--декабрь, 2012-жыл
​Бишкекте оор тагдырга туш болгондорго Балдардын укугун коргоо борбору жардам берет. Аталган борбордун кеңсеси Келечек жаңы конушунда жайгашкан. Жаңы конуштардагы жаш аялимет үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна көмөк көрсөтүп келаткан уюмдун адиси Кумар Эргешова учурда борбордо 75 бала бар экенин айтып, балдардын мектепке барбай жатышына төмөнкүчө токтолду:

- Мектепке барбагандардын көбүндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок. Аны алайын десе маалымкаты жок. Көбү Казакстанда, Орусияда төрөлгөн. Басымдуу бөлүгү ата-энесинин кароосунан тыш, туугандарынын колунда тарбияланат. “Дордойдун” тегерегиндеги жаңы конуштарда ушундай үй-бүлөлөр абдан көп.

Кумар Эргешова аталган борбор толугу менен Германия менен Даниянын каражатына иштеп жатканын, Социалдык өнүктүрүү министрлигинен эч кандай жардам жок экенин билдирди.

Кайда барба, "орун жок!"

6 баланын энеси Бурмакан Таштанбекова баласын мектепке бере албай жатканын айтып, Балдарды коргоо борборуна жардам сурап кайрылган:

- Келечектеги мектепке барсак, “орун жок” деп кабыл албай жатышат. Эки балам ушул жерде, бир балам Эне-Сайда окуйт. Төртүнчү балам кирмек мектепке. Акча деле талап кылышкан жок. Бирок менден кийин барган үч ата-эненин балдары эмнегедир кабыл алыныптыр.
Биз 20 жылдан бери эле мектепке барбагандардын так санын жашырып, ар кандай шылтоолорду айтып келебиз. Айрыкча буга чейинки президенттер мектепке барбаган балдардын маселесин чечүү ордуна сандарды жашырып келди. Тилекке каршы, ошол саясат дагы деле уланып жатат.
Каныбек Осмоналиев

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, мектепке барбагандардын саны жети миңдин гана тегерегинде. Анын алты миңи мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга туура келсе, алты саны амандардын миңдейи мектепке барбайт. Министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева балдарды мектепке тартууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жардам бериши керек деген ойдо:

- 2012-жылы бардык министрликтер, мамлекеттик органдар өлкө боюнча мектепке барбаган 12 миң баланы каттоого алышкан. Аларды анализдегенде көбүнүн документи жок болуп чыккан. Ошолордун ичинен 6645 баланын документи калыбына келтирилген. Дагы алты миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын документи жок болуп чыккан. Ошентип мектепке барбагандардын жети миңге жакыны мектепке тартылган.

Сандар неге жашырылат?

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев мектепке барбагандардын саны бери дегенде 50 миң экенин айтат. Осмоналиев Билим берүү министрлиги балдарды мектепке тартуу иши менен эмес, сандарды жашыруу менен алек деген пикирде.

- Биз 20 жылдан бери эле мектепке барбагандардын так санын жашырып, ар кандай шылтоолорду айтып келебиз. Айрыкча буга чейинки президенттер мектепке барбаган балдардын маселесин чечүү ордуна сандарды жашырып келди. Тилекке каршы, ошол саясат дагы деле уланып жатат. Кыргызстанда мектепке барбагандардын саны бери дегенде эле 50 миңге жетет. Роза Отунбаева президент болуп турганда эле 30 миң деп айткан. Ошондо Билим берүү министрлиги 2 миң эле бала мектепке барбайт деп маалымат тараткан.


Билим берүү министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров эл аралык изилдөөлөрдө айтылып жүргөн сандар мектеп окуучулары жаз-күз айларындагы сезондук жумуштарга кеткенде көбөйүп кеткен деген ойдо.

- Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча мектепке барбагандар саны 22 миң экен. Ал эми ЮНИСЕФ менен ЮНЕСКОнун биргелешкен иликтөөсүндө 76 миң деп көрсөтүлгөн. Сандардын ортосундагы айырмачылыктар түшүнүксүз. Балким эл аралык иликтөөлөрдө сезондук жумуштарга кеткен окуучулар да кошулуп кеткен болушу мүмкүн. Анткени окуучулар жаз-күз дайым сезондук жумуштарга кеткендиктен мектепке барышпайт.

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы мектепке барбаган балдардын көбү ички-тышкы миграциянын, жакырчылыктын жана документтердин жоктугунан мектеп бетин көрүшпөйт.

Кыргызстан боюнча мектеп окуучуларынын жалпы саны бир миллиондон ашса, быйыл 1-класстын босогосун жүз миңден ашык окуучу аттайт.
XS
SM
MD
LG