Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Садыков: Паракор мугалим үчүн ректор жооп берет


Канат Садыков
Канат Садыков

Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн чоо-жайы тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков кеп салат.

- Алгач түшүндүрүп өтсөңүз, окуу жайлардагы коррупциялык аракеттерге каршы күрөштү кантип күчөтөлү деп жатасыздар? Кандай жаңы ыкмалар же чаралар колдонулганы жатат?

- Биринчиден, жогорку окуу жайлардагы коррупцияны окууга өтүүдөн тарта жоюуга аракет кылып баштадык. Ушул жылы келишимдик негиздеги окууга өтүү үчүн экзамендерди жойдук. Болгону жалпы республикалык тесттин жыйынтыгындагы балл менен окууга өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошону менен бир кадам жасалды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети
Кыргыз-Түрк “Манас” университети
Бирок бул жетиштүү эмес. Биз жогорку окуу жайлардын кайсы жеринде коррупцияга түрткү берүүчү жагдайлар бар экенин билебиз. Ушул ишемби күнү өткөргөн жыйында жогорку окуу жайлардын ректорлоруна биз талап койдук. Эгерде ушул окуу жайдын ичинде сессия учурунда жанакыдай паракорчулук жана башка терс көрүнүштөр боло берсе, буга жоопкерчилик өзүнүн жетекчисине жүктөлөт. Анткени үйдө бир баш болушу керек. Бирөө жооп бериши керек. Ошону менен ректорлор жоопкерчиликти өздөрүнө алышып, жогорку окуу жайдагы тартипти күчөтүш керек. Бул биринчи жол.

Экинчиден, биздин кээ бир окуу жайларда мындай терс көрүнүштөр жок. Ал эки гана окуу жай – бул Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Борбордук Азиядагы Америка университети. “Манас” университетинде бардыгы бюджеттик негизде окуйт. Америкалык университетте болсо, академиялык тазалык деген принцип бар.

- Бул эки университеттеги мугалимдердин айлык акылары кыйла жогору. Башка университеттерде да айлык көбөйсө паракорчулук азаят беле?

- Бул дагы өзүнчө туура айтылган принцип. Бирок бул эң негизги принцип деп айта албайбыз. Анткени биз билебиз, кээ бир окуу жайларда айлык жетиштүү. Мурдагыдай такыр эле эч нерсеси жок болуп, студенттерди кыйноого өтүштү дегенден алыспыз. Мен муну коомчулуктун оорусу деп ойлойм. Бул коомдун туура эмес, терс көрүнүштөрүнүн бири. Окуу жайлардын ичинде жайылганы коомго эң чоң зыян келтирип жатат.

- Азыр жогорку окуу жайлардагы мугалимдердин орточо айлык акысы канча?

- Азыр жогорку окуу жайлардагы эң төмөнкү бюджеттик айлык 6,5 миң сом. Бул жаңыдан мугалим болуп кирген жаш адистин айлыгы. Профессорлор, докторлордун айлыктары 9 миңдин тегерегинде. Бирок бизге жеткен маалымат боюнча, келишимдик негиздеги кошумча акча менен 13төн 16 миңге чейин айлыктар бар.

- Кемигинде да, керкисинде да бар дегендей, параны студенттердин өздөрү берери айтылып жүрөт. Канткенде студенттердин өздөрүнүн көз карашын өзгөртүүгө болот?

- Биз студенттердин өздөрүнүн лидерлерин чогулттук. Тиешелүү иштерди алып бардык. Дагы ушул иштерди күчөтөбүз. Анткени студенттер ушундай нерселерге өздөрүнүн пикирлерин өзгөртпөсө, менимче бул улана берет. Студенттер кыйналган кезде, сабакка бара албай калган кездерде, алар да ошондой жолдорду издей башташат экен.
XS
SM
MD
LG