Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Мугалимге аттестация кайтып келатат


Шартка жараша чатырда да сабак өткөн мугалимдер бар, Ош шаары, 9-октябрь, 2010-жыл
Шартка жараша чатырда да сабак өткөн мугалимдер бар, Ош шаары, 9-октябрь, 2010-жыл

Мектеп мугалимдерин аттестациялоо 2016-жылдын январь айынан баштап калыбына келтирилет.

Кыргыз өкмөтү мугалимдердин көтөрүлүп жаткан айлыгын категориялар боюнча төлөп берүү аркылуу билим сапатын көтөрүүнү максат кылууда. Адистер болсо каражат жетиштүү чегерилмейинче билим сапатын көтөрүү кыйын деп жатышат.

Билим берүү министри Элвира Сариеванын 15-сентябрдагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда реформанын нугу эми мугалимдин интеллектуалдык деңгээлин, барк-баасын көтөрүүгө бурулат.

Сентябрдан баштап маянанын көтөрүлүп жатышы аракеттин башталышы катары бааланууда. Эми ошол көтөрүлгөн маяна мугалимдерге кесиптик деңгээлине жараша төлөнгөнү турат. Муну өкмөт аттестациялоо системасын калыбына келтирүү аркылуу ишке ашырууну көздөп жатат.

Совет мезгилинен бери келаткан мугалимдердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо системасы натыйжа берген жок деген негиз менен 2011-жылы алынып салынган. Аттестациялоого кайтып келүүнүн себебин министр Элвира Сариева минтип түшүндүрдү:

- Биз азыр категорияларды мугалимдерди шыктандыруу максатында калыбына келтирип жатабыз. Биз бир катар токтомдорду талкууга чыгардык. Өкмөт мүчөлөрү колдоп, премьер-министр кол коёру менен, келерки жылдан баштап мектеп мугалимдерин аттестациялоого киришкени турабыз.

№82 мектептин мугалими
№82 мектептин мугалими

Жаңыртылып жаткан эски система келерки жылдан баштап ишке кире турган болсо мугалимдерге кайрадан комиссиянын аныктамасына жараша экинчи, биринчи жана жогорку категориялар ыйгарылып турат. Категориялар мугалимдин устаттык, насаатчылык, мугалимдик мыкты ишинин көрсөткүчү катары берилип, маяна дагы категорияга жараша төлөнүп турат.

Кошумча төлөмдөрдүн ченемин Каржы министрлиги али тактап бүтө элек. Аттестациялоо боюнча өкмөттүн чечими да чыга элек. Ошентсе да аттестациялоонун жанданышын мугалимдер арасында колдогондор аз эмес. Алардын бири башталгыч класстын мугалими - Бурул Ибраева:

- Азыр жаңы келген мугалим менен 30-35 жыл иштеген мугалимге айлыкты теңдеп эле жазып атышпайбы. Аттестация кирсе мугалимдер ортосунда атаандашуу күчөп, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө да шарт түзүлмөк. Кой, мен биринчи, экинчи категория алайын, жогоркуга жетейин, “Эл агартуу отличнигин” алайын деп изденет эле. Айлык дагы категорияга карап жазылмак, эптеп ишке барып-келмей деген болбой калмак.

Жалал-Абаддагы мектеп
Жалал-Абаддагы мектеп

Анткен менен аттестациялоо кайрадан эле тааныш-билиштердин кызыкчылыгына кызмат кылып кетпес бекен деп кооптонгондор да арбын болууда. Министрликтин байкоочу кеңешинин мүчөсү Мырза Каримов бул системаны жандандырганга жараша анын иштөө механизмдерин тыкыр иштеп чыгууну сунуштоодо:

- Аттестацияны ким өткөрөт? Ата-эне, окуучу катышабы-жокпу? Билим берүүдө негизги оюнча окуучу менен студент да. Биз алардын оюн сурабай эле көп нерсени өзүбүз чечип атпайбызбы. Бул эми басып өткөн жол да. Кайра эле баягыдай комиссиядагы министрликтин, райбөлүмдөрдүн өкүлдөрүн коноктоп, айлык көтөрүп, анан ызы-чуу башталса – жарабайт.

Педагог-окумуштуу Асылбек Жооданбеков мугалимди билгичтикке багыттоо аркылуу билим сапатын көтөрүү далалаты толук ишке ашарына ишенбейт:

- Себеби мугалимдин айлыгы бакпайт өзүн. Ошондуктан кирип-чыгып мугалим болуп коёт дагы, мал кайтаруу, сүт сатуу, соода кылуу менен алек болуп атат. Мугалим өз кесибине берилип иштей албай жатат.

Мамлекет сентябрь айынан баштап мугалимдин айлыгын 50 пайыздан 80 пайызга чейин көтөрүүнү убада кылды. Министр Элвира Сариеванын айтканына караганда, мугалимдердин жогорулаган айлыгы медицина кызматкерлеринин айлыгынан 10 пайызга аздык кылат. Тармакты мыкты билген адистердин кыйласы жетиштүү каржы болмоюнча реформаны толук кандуу жүргүзүп, билим берүү сапатын көтөрүү дымагы ишке ашарына ишенбейт. Ошондуктан, байкоочу Мырза Каримов дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөндөй билим берүүгө салык киргизилишин колдойт.

Жакында өткөн “Мамлекетти сапаттуу билим берүү аркылуу өнүктүрүү” деп аталган талкууда вице-премьер-министр Валерий Диль бекер билим берүүгө мамлекеттин каруусу жетпей жатканын, Конституцияга өзгөртүү киргизүү ыктымалдыгын белгиледи.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG