Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Сайназаров: Алыскы мектепке транспорт уюштуруу керек


Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

Өкмөт майда мектептерди жаба турган болсо окуучуга башка мектепке барып билим алууга шарт түзүп бериши керек. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Каржы министрлиги сегиз окуучу окуган Кара-Суудагы мектепти көп каражат сарпталат деп жабууну сунуштоодо. Маселе кандай чечилиши керек? 8 окуучунун мурдагыдай окуй бериши керекпи? Же бюджетти ойлоп мындай мектепти жаап салуу зарылбы?

- Эми бул маселени чечүүдө мыйзам ченемдүү жагдайларга таянуу керек. Ал жерде маселенин эки төркүнү жатат. Биринчиден, андай мектептерди “карлик” мектептер деп койот. Өкмөт мындай мектептерге көп чыгым кетип жатканын билдирип жатат.

Экинчиден, ошол мектептерде окуган балдардын окууга болгону укугун чектебей, аларды окутуу жагын башка жерге уюштуруп бере алабы деген дагы бир маселе жаралууда.

Муну чечүүнүн ар кандай жолдорун талкуулап келе жатат. Бул маселе 2006-2007-жылы жан башына каржылоо деген система киргенден баштап билине баштады. Маселенин бир жолу окуучуларга атайын транспорт уюштуруп берүү. Бирок ал транспорт тынымсыз каттап турушу керек. Ал транспорт техникалык жактан талаптарга дал келиши кажет. Камсыздандыруу жагы да эң жогорку деңгээлде чыкса, маселени транспорт уюштуруу аркылуу чечсе болот.

- “Карлик” делген мектептерден Кыргызстанда канчоо бар? Андай мектептер көппү?

- Мындай “карлик” мектептер Кыргызстанда көп жерде бар. Ушундай эле маселе кезегинде Ысык-Көл облусунда чыккан. Мындай маселелер буга чейин Баткен облусунда да катталган.

- Мына ушундай тоо-арасындагы майда мектептер окуу-курал, мугалим менен кандай камсыз болгон? Бир мектепте бир эле мугалим иштеши мүмкүнбү?

- Мындай система бардык эле жерде бар. Мен өзүмдүн эле мисалыман айтып кетейин, Казакстандын Петропавловск деген жерине шайлоо маселеси менен барып калганымда, Орусия менен кездешкен жерлерде бир канча мектептер ошондой экен. Ал жерде бир мугалим эки-үч окуучуну окутат экен.

Кыскача айтканда, бул маселе эки негизги приоритетти көрсөтүп жатат. Эгерде бул мектептерди каржылоого көп бюджет кете турган болсо анда жабуу керек. Экинчи жагынан балдардын билимге болгон укугун чектебестен, уюштуруп берүү абзел.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG