Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Шаматов: Китеп жазам деген мугалимдин укугу чектелүү


Дүйшөн Шаматов
Дүйшөн Шаматов

Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги бала бакчадан тарта илим жаатына чейинки система боюнча жаңы реформа сунуштоодо. Анын айрым багыттары тууралуу "Азаттык" радиосу билим берүү боюнча илимдин доктору, профессор Дүйшөн Шаматов менен маектешти.

"Азаттык": Билим берүү министрлиги сунуштап жаткан реформанын негизги багыттарынын бири мазмунга, тагыраак айтканда, окутуунун базистик планындагы стандарттарга байланыштуу экен. Так илимдерди окутуу жагына маани берилгени жатыптыр. Мунун зарылчылыгы эмнеде?

Шаматов: Сунушталып жаткан реформалар буга чейинки жасалып келаткандын уландысы экен. Билим берүүнүн маңызын өзгөртүү, мугалимдердин маянасын көбөйтүп, аттестациядан өткөрүү тууралуу көптөн бери айтылып келаткан. Эми документ болуп чыгышы, албетте, жакшы. Коңшу мамлекеттерде деле ошондой аракеттер жасалууда. Бирок бул демилгелер кагаз жүзүндө эле калып калбайбы, мугалимдер кандай кабыл алат деген суроолор бар.

Менимче, Кыргызстандын керегине жарай турган кесиптерге жакшы көңүл бурулбай жатканы аныкталып, окуучулардын кайсы багыттар боюнча деңгээли начар болуп жатканы анализделгенден кийин ушундай чечим кабыл алынган болушу керек. Себеби кыргызстандык 15 жаштагы балдар мындан бир нече жыл мурун, 2006-жылы жана 2009-жылы PISA программасы боюнча эл аралык сынакка эки жолу катышып, физика, химия, биология жана математикадан башка өлкөлөрдөн келгендерге караганда өтө эле начар болуп чыккан. Албетте, так илимдер экономика үчүн маанилүү болгондуктан дүйнөлүк деңгээлде да күчтүү окутулган предметтерге кирет.

Окуу стандарттарын кайрадан иштеп чыгуу – учур талабы. Мурда советтик доордогу билим берүү программалары ошол кезге ыңгайлуу болгон. Кийинки жылдардагы реформалардын да өз максаты бар. Окуучулардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу, алардын функционалдык сабаттуулугун көбөйтүш керек деп, жөн гана билимдин көлөмүнө көңүл бурбастан, алган билими турмушта канчалык колдонуларына басым жасалууда. Алар келечекте ар кандай маселелерди чече, жаңыча ойлоно жана түрдүү кырдаалдардан чыга билсе, ошого тарбияласак деген ой.

"Азаттык": Министр Эльвира Сариева окуу китептерин жазуу боюнча талаптар өзгөрөрүн, мурда бул система монополияга айланганын, эми каалагандар катыша аларын билдирди...

Шаматов: Окуу китептерине токтолсок, бул жерде эки негизги маселе бар. Биринчиден, мектептерде китеп жетишсиздиги өкүнүчтүү. Экинчиден, болгон китептердин сапатынын начардыгы.

Монополия дегенге, бир жагынан, мен кошулам. Себеби илгертен бери ошондой система болуп келген. Академиктер же теория жактан күчтүүлөр гана китеп жазган да, мектепте иштеген практиктердин катышы жок болчу. Белгилүү бир топ өзү китеп жазып, критерийлерди да өзү аныктап, кабыл алууга да өзү катышчу.

Андыктан, идея, албетте, жакшы. Ал ишке ашса туура болот. Бирок, белгилей кетчү талап – атайын көз каранды эмес топ түзүлүп, ошол топ критерийлерди иштеп чыкса жана анын баары китеп жазам дегендерге жеткирилсе. Китеп жазууну каалаган мугалимге кандай талаптар, стандарттар бар экени тууралуу маалымат берилиши, сайттарга чыгарылып, мектептерге илиниши керек. Себеби алар жазган күндө да талапка жооп бербейт деген жүйөө менен китептери жарабай калчу. Ошону менен катар, китеп жазган адамдар өзүлөрү текшерүүчү топко кирбеши керек. Анткени алар өз жагына тартпайт деген кепилдик жок.

Китеп жазууну каалаган мугалимдер канчалык күчтүү практик болгон күндө да аларга атайын тренингдер уюштурулуп, жол-жобосу көрсөтүлүшү абзел.

"Азаттык": Демек, каалоочулар үчүн толук маалымат берилип, так критерийлер аныкталышы керек...

Шаматов: Албетте, практик мугалимдердин катышуусу камсыз кылынса туура. Жаңы китеп жазылганда ал сөзсүз апробациядан өтүшү шарт. Бирок көп учурда баары кагаз түрүндө гана калууда.

Мисалы, мен мектепте мугалим болуп иштеп жаткан болсом, 9-10-класстар үчүн математика китеби жазылса, ал бир жыл апробацияда болуп, мага окшогон, иштеп жаткан мугалимдер аны колдонуп көрүп, оор же түшүнүксүз жерлери болсо айтып, сын пикирлерин жеткире алса. Ошонун негизинде автор өзгөртө билсе. Тилекке каршы, мындай көрүнүш минималдуу гана болуп, жазылган китеп ошо бойдон кала берүүдө. Демек, мугалимдердин катышуусу дээрлик жок.

XS
SM
MD
LG