Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Ошто бүтүрүү кечелерине тыюу салынды


Мектепти бүтүрүү кечелерин чоң шаан-шөкөт менен өткөрүү Кыргызстанда да адатка айланып калган.
Мектепти бүтүрүү кечелерин чоң шаан-шөкөт менен өткөрүү Кыргызстанда да адатка айланып калган.

Ош шаар бийлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ар кандай шаан-шөкөт, кечелерди уюштурууга тыюу салды. Мунун себеби коопсуздук менен байланыштырылууда.

Бийликтин мындай аракетин айрымдар колдоого алган менен, кээлери нааразылык менeн кабылдоодо. Ал эмес айрым окуучулар тыюу салынганына карабай майрам кылышаарын айтышууда.

Маселе - коопсуздукта

Мектептерде акыркы коңгуроонун кагылышына саналуу күндөр калды. Буга байланыштуу Ош шаардык бийлиги буйрук чыгарып, бүтүрүү кечелерин мектептен сырткары өткөрүүгө тыюу салды. Калаа жетекчилиги мунун башкы себебин учурдагы кырдаал менен түшүндүрүүдө.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдибали Балтабаев буларды айтат:

- Негизги маселе коопсуздукта да, тартипте да, көзөмөлдө да болуп атат. Окуучулар буга чейин автоунааларды жалдап алышып, терезелеринен баштарын чыгарып, кыйкырышып, ресторан-кафелерде ызы-чуу кылышып өткөрүшчү да. Биз муну менен буга чейин да күрөшүп келчү элек, азыр эми катуу көзөмөлгө алып жатабыз. Азыр эми шаардын стабилдүүлүгүнө шек келтирбөө максатында болуп жатат бул тыюулар.

Жетекчиликтин мындай чечимдерин ата-энелер да колдоого алууда. Былтыркы кандуу окуялардын жылдыгы жакындаганда шаан-шөкөттү токтотуп тууруу жөндүү дешет алар. «Айрымдар макул болбогон менен, көпчүлүк чечимди түшүнүп кабыл атабыз» дейт кызы мектепти аяктаганы турган Айгүл Эшимбаева:

- Эми ар ким ар кандай да. Кээ бир ата энелер ойнотолу дейт, айрымдары шаардан сырткары бир жактарга алып барып келели деп атышат. Шартка байланыштуу түшүнүш керек да, түшүнүп атабыз. Тополоң болуп кетпесин деп жатышат да. Ошого ата-энелер деле макул болуп атат. Жакшынакай кылып мектепте жыйын өткөрүп, анан үйгө таркап кете беребиз го.

Буйрук аткарылабы?

Быйыл Ош шаары боюнча 11-классты 2780 окуучу жана 9-классты 5200 окуучу аяктаганы турат. Оштогу Киров атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу Мээрим Жусупованын айтымында, мектепти майрамдык кечесиз эле бүтүрүп кетүүнү окуучулар да туура көрүүдө:

- Окуучулар кече өткөрүүнү каалап эле атышат. Бирок ата-энелердин айтканын угуп, капа болбой турушат. Көп окуучулар ал чечимге макул. Ата-энелердин чөнтөгүнө дагы пайда да. Бир чети азыр кечкисин нары-бери басыш кооптуу болуп жатат. Окуучулар чогулса, же мектеп-мектеп болуп урушуп кетиши мүмкүн да.

Ошол эле кезде айрым окуучулар мектептеги соңку күнүн кечесиз өткөрүп жиберүүгө макул эместигин билдиришүүдө. Окуучулардын айтымында, учурда Оштогу кафе-ресторандардын дээрлик көпчүлүгү бүтүрүүчүлөрдүн буйрутмаларын алып коюшту. «Ашыкча нерсеси жок тосо беребиз» дейт өзүн Нурия деп тааныштырган 11-класстын окуучусу:

- Албетте, булардын айтканы бизге жаккан жок. Бизди деле түшүнсө болот. 11 жыл окуп анан бүтүп кетип жатсак, бир ойногубуз келет да. Акыркы жолу чогулуп, чогуу олтурсак кандай сонун. Эми тоссок деле чакан, жакшы маанайда тособуз бул майрамды.

Анткен менен шаар жетекчилиги 25-26-май күндөрү Оштогу эс алуучу жайларды текшерүүгө алып, буйрукту аткарбагандарды жазага тартаарын билдирүүдө. Бийлик өкүлдөрү жыл сайын айтылган боюнча калып келген нерсе быйыл эми өзгөчө тартипте көзөмөлгө алынаарын айтып жатат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG