Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Садыков: Мугалимдердин нааразылыгы түшүнбөстүктөн чыгууда


Билим берүү министри Канат Садыков мугалимдердин арасында эмгек акы боюнча нааразылыктар чыгып жатышы боюнча суроолорго жооп берди.

- Мугалимдер айлык акы убада болгондой көтөрүлбөдү деп атканын уксаңыз керек. Сиздин жообуңуз барбы ушул мугалимдерге?

- Жооп бар. Туура түшүнүш керек. Биздин жаңы система боюнча базалык төлөмдөр сабак берүү үчүн сааттардан, сабакка даярдык сааттар боюнча жана класстан тышкары иштер боюнча айтылган убадалар өкмөт тарабынан аткарылган. Бул жерде бир аз түшүнбөстүк болушу мүмкүн, ар кайсы жергиликтүү бийликтин өзүнүн чечимдери боюнча кошумча төлөмдөр боюнча убадалары болгон. Балким азыркы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, же тактыктын аягына чейин чыкпаганына байланыштуу бүтпөй калышы мүмкүн. Бирок ушул жуманын аягына чейин туура эмес болуп калган жерлерди оңдош керек. Мугалимдер көп жылдан бери ушундай айлыкты ала элек болчу.

Дагы бир маселени тактап айтайын, бул биздин жаңы төлөм системасы көбүнчө жаш мугалимдер мектепке барып, 20 саат сабак берсе, 6 саат даярдыгы үчүн, дагы 6 саат класстан тышкары тарбиялык иштерди жүргүзүү иштери боюнча төлөмдөрү көтөрүлгөнү үч эсеге чейин барган. Мурда жаш мугалимдер 2150 сом алса, азыр толук сааттарды алган учурда 7 миңден бир аз ашыгыраак акча болгону туура маалымат. Стажы бар, көп жылдан бери иштеп жүргөн мугалимдердики эки эсе көтөрүлдү, жаш мугалимдердикиндей 3 эсе көтөрүлгөн жок. Биздин негизги жогорулаган төлөмдөр мектепте класста иштеген сааттары үчүн көбөйгөн. Ошондуктан кээ бир айырмалар болушу мүмкүн. Андан тышкары айыл жергесинде кичинекей төлөмдөр болчу, 200 сом алышчу. Азыр болсо айыл жергесинде 850 сомдон 1200 сомго чейин орто эсеп менен кошумча төлөмдөр бар. Кээ бир кичи шаар, же шаар деп аталгандарда бир аз айырмасы болуп калышы мүмкүн. Негизинен мурдагыдан бир топ жогору болуп атат.

- Азыр биз сүйлөшкөн мугалимдер, кээ бирлердики эки эсе да көтөрүлбөгөнүн айтып атышат, проблема 1-2 аптанын ичинде чечилип калат деп атасыз. Демек алар ошол эсеп менен алабы?

- Бир аптанын ичинде чечилет. Эми пенсияда жүрүп жарым ставкада иштеген, стажы болуп пенсияда жүргөн мугалимдердики ошондой болуп калышы мүмкүн. Муну биз иретке келтиребиз. Тескерисинче, бизге келип ыраазычылык айткандар да бар. 19 миңден жогору алган мугалимдер да бар. Бирок сааттары азыраак болуп калган мугалимдердики сааттык төлөм болгонуна байланыштуу, алар күтүп аткандай үч эсе көбөйбөй калышы мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG