Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Тестирлөө тендери сынга кабылды


Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү тендерин бул милдетти 12 жылдан бери аркалап келген бейөкмөт уюм жеңип алды. Бул коомчулукта тандоо формалдуу өттү деген сын-пикирди жаратты.

Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Осмоналиев тестирлөөнү мамлекет өз колуна алуусу керектигин айтып, демилге көтөрдү.

Быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн алгач ирет тендер уюштурулуп ага болгону эки ишкана катышкан.

Натыйжада быйылкы тестирлөө вазийпасы буга чейин 12 жылдан бери өткөрүп келген “Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары” борборуна кайра эле жүктөлдү.

Аталган уюмдун жетекчиси Инна Валькова тендерге катышуучулардын санынын аздыгы бул иш-чара кирешесине байланыштуу деген пикирде:

- Бул жылы эл аралык уюмдар тарабынан каржылоосуз өткөнү жатат. ЮСАИДдин каржылоосу болсо аяктаган. Албетте, бүтүрүүчүлөр катталуу салымын өз чөнтөгүнөн чыгарышат. Алар буга чейин 220 сом төлөп келген болсо, бул жылдын долбоорунда 260 сомду көрсөттүк. Биз өзүбүздүн отчетторду дайыма интернет сайтыбызга жарыялап турабыз. Биз коммерциялык эмес ишканабыз. Пайда үчүн иштебейбиз. Бизде киреше болбойт.

Тандоо тендерине жогорудагы ишканадан башка эч жерде аты чыга элек жоопкерчилиги чектелген “Көз карандысыз тестирлөө компаниясы” деген аталыштагы ишкана да катышкан.

Тендерге көз салган Билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов Кыргызстанда тестирлөөнү ойдогудай таза, бейтарап өткөрө турган уюмдардын жоктугуна өкүнөрүн айтты:

- Тажрыйбалуу компания тандалып алынганы туура эле чечим деп эсептейм. Кандайдыр бир деңгээлде атаандаштыктын негизинде, жок дегенде 2 же 3 ишкананын ичинен жакшысын тандап алуу маселесин келечекте уюштуруу зарыл. Бирок бүгүнкү күнү ошол дурус компаниянын жоктугун моюнга алышыбыз керек.

Буга чейин эл аралык уюмдун жардамы менен өтүп келген тестирлөөнү быйыл Кыргызстан алгач ирет өз мойнуна алат.

Өткөн жылдын этегинде парламент депутаттары талкууларды уюштуруп, анда Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев тестирлөө милдетин Билим берүү министрлигине жүктөө керектиги тууралуу демилге көтөргөн.

“Азаттыкка” жооп берип жатып Осмоналиев бейшембидеги тендерди формалдуу өттү деп сындады:

- Мен бул тендерге ишенбейм. Билим берүү министрлигинин мажүрөөлүгүнүн айынан ал формалдуу түрдө өтүп, эл аралык уюмдардын жетегинин астында иштеген мурдагы эле ишканага укук берилип калды. Бул милдетти министрликтин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору өткөрсө туура болмок.

Ошол эле учурда тестирлөө мамлекеттик уюмга өттү дегенче коррупциялык иштер башталарын Билим берүү министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Кеңешбек Сайназаров эскертти. Ал бейтарап уюм өткөрүп келген тестирлөө иш-чарасын Кыргызстан эгемендик алгандан берки билим берүүдөгү жападан жалгыз алдыга секирик катары бааларын билдирди:

- Кыргызстан акыркы 13 жылдын ичинде КМШда алгачкы болуп жападан жалгыз коррупцияга реалдуу түрдө бөгөт коё ала турган системаны түзө алды. Мунун өзөгүн мындай иш-чараны дал ошол бейөкмөт уюм аткаргандыгы түзөт.

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери эл аралык USAID уюму тарабынан каржыланып келген. Иш-чараны болсо аталган эл аралык уюм тандап алган “Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары” борбору ишканасы өткөрүп келет.

Тестирлөөнүн жалпы бир жылдык иш-чарасына 40 млн. сом сарпталат. Буга чейин бир абитуриент үчүн 220 сом сарпталары эсептелип келген.

Эл аралык отчеттердо ЖРТ Кыргызстандагы эң ири анти-коррупциялык долбоор катары бааланып келет. 12 жылда баалоодон 400 миңден ашуун бүтүрүүчү өткөн.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG