Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Айнектей көлдү аяр тутпагандар


Саркынды суу топтолчу жай.
Саркынды суу топтолчу жай.

Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгиндеги эс алуу үйлөрдөн чыккан саркынды сууну чыпкалоочу жайлардын жоктугу, болсо да иштебей турганы көйгөй жаратууда. Жергиликтүү бийлик бул багытта эреже сактабаган эс алуу жайларына иштөөсүнө тыюу салынарын айтууда.

Быйыл саркынды сууну чыпкалоочу жайлары жок эс алуу жайларына жергиликтүү бийлик катуу чара көрмөкчү. Бул тууралуу Тоң, Ысык-Көл райондоруна көз салган экологиялык техникалык инспекциянын башчысы Таалайбек Карасартов билдирди:

- Быйыл буга катуу чаралар колдонулуп, “Алтын-Кум”, “Асыл-Таш”, “Береке” пансионаттарынын жарыгы бир сыйрадан өчүрүлгөн. Алар облустук комиссиядан уруксат алып, кемчиликти оңдоого убакыт сурашкан. Учурда текшерүү жүрүп жатат, иш анын жыйынтыгына жараша болот. “Береке” пансионатынан чыккан саркынды сууну чыпкалоочу жай бир канча жылдан бери кой сарайга айланып калган. Быйыл катуу чара көргөндөн тарта, оңдоо аракетин кылып жатышат.

Суу чыпкалоочу жай.
Суу чыпкалоочу жай.

Кош-Көл айылында жайгашкан 30 кишилик жеке менчик эс алуу үйүндө болсо саркынды сууну бир чуңкурга чогултуп, атайын сордуруучу автоунаа менен тазалап турушкан. Бирок бул ишти текшерүүчү комиссия жактырбай, башка жолдорду табууну сунуш кылды.

- Мен жакын жайгашкан пансионат менен келишим түзүп, саркынды сууларды тазалатуу боюнча сүйлөшкөнү жатам. Азырынча айыл өкмөт менен келишим түзүп, тиешелүү автоунаа менен тазалатып турам, - деди бул менчик эс алуу үйүнүн ээси Ашырбек Бакев.

Быйылкы жайкы сезонго Ысык-Көл, Тоң району боюнча толугу менен 10 эс алуу жайына иштөөгө тыюу салынган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары ошондой эле пансионаттарды жана эс алуу үйлөрдүн даярдык көрүүнү текшерүүчү комиссиянын жетекчиси Улан Маликов билдирди:

Көл жээгиндеги пансионаттын багы.
Көл жээгиндеги пансионаттын багы.

- Биздин текшерүүбүз пансионаттарды бекитип салуу эмес, Көлдүн экологиясын сактап калуу. Ошол эле учурда келген эс алуучуларга шарт түзүү. Бүгүнкү күндө эскертүү алган пансионаттардан “Алтын-Кум” жана “Радуга-west” пансионаттары туристтерди тосуп алууга толугу менен даяр.

Былтыркы жылдан бери Тоң, Ысык-Көл районун караган Экологиялык - техникалык инспекциянын эскертмелери 16 пансионатка берилген. Быйыл Тоң районунда иштеген 12 эс алуу жайынын алтооно иштөөгө тыюу салынды.

Экологиялык-техникалык инспекциянын берген маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаары менен Тамчы айылында саркынды суулардын көлгө агып кирүү коркунучу чоң.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG