Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Атамбаев: Кырдаалды олку-солку кылуу аракети болот


Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө. 25-ноябрь, Бишкек.
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө. 25-ноябрь, Бишкек.

Президент Атамбаев бул жолку шайлоо төрт жыл мурдагы добуш берүүдөн кескин айырмаланаарын билдирди.

Өлкө башчысы Бишкектеги №1209 шайлоо участогунда добуш бергенден кийин, журналисттердин шайлоо, өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал, экономикалык абал жана парламенттик демократия тууралуу суроолоруна жооп берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан таза шайлоо өткөрө баштады деп айтты. Бирок бул добуш берүүнү пайдаланып, чыр чыгаргысы келген күчтөр болоорун жокко чыгарган жок:

- Албетте баары көзөмөлдө. Бирок кырдаалды олку-солку кылуу аракети сөзсүз болот. Мындан төрт жыл мурун бийликте тургандар, шайлоо өткөргөндөр бул шайлоо таза эмес өттү, Ак үйдү басып алыш керек деп кыйкырып чыгат. Бул бийлигин колдон алдыргандардын, “жем жеген акырынан” айрылгандардын жан далбастоо аракети. Биз аларга философиялык мамиле кылышыбыз керек. Азыр мамлекет башка. Менимче, эл мамлекет өзгөргөнүн түшүнүп жатат. Эми элди митингге топтоп чыгаруу кыйын болуп калды. Элди көчөгө чыгара турган идея жок. Бирок аракеттер болот. Анткени бир топ мурунку бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иш козголгону атат. Менимче, Кыргызстандын эң кыйын күндөрү артта калды.

Атамбаев “Азаттыктын” парламенттик демократиянын Кыргызстанда кыртыш алышы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, өлкөгө башкаруунун ушундай формасы гана ылайыктуу экенин белгиледи. Бийликти бир колго топтоо авторитаризмге, диктатурага алып келерин, Жогорку Кеңештин азыркы курамын таратууга каршы экенин айтты:

- Бизде бир дагы парламент аягына чейин иштеген эмес. Парламентти тарата коюп эле, президент бийликтин баарын алып алчу. Мен деле мурункулардай болсом бийликти басып алат элем, үй-бүлөмдү багып. Парламент жаманбы, жакшыбы, өзүнүн мөөнөтү бүткүчө иштеши керек. Конституцияга жаманбы, жакшыбы, тийбей туруш керек. Кыргызстанга азыр туруктуулук керек. Баардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Мына көп саясатчылар парламентти тараталы, жаңы шайлоого баралы деп жатат. Анда ушундай эле парламент келет. Мына азыркы парламенттин мөөнөтүнүн бүтүшүно 2,5 жыл калды. Ага чейин эл өзгөрөт, саясатчылар өзгөрөт. Ошол эле уурулар “парламентке барсам деле түрмөгө отурат экем” деп түшүнөт. Керек болсо шайлоого барбайт. Ошондуктан күтө туралы, сабырдын түбү сары алтын.

Ал арада шайоого катышкан бийликке атаандаш партиялар мурдагыдай эле мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтып чыкты.

Мурунку өкмөт башчы, “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгу эки ыңкылаптын себеби шайлоодо административдик ресурстун колдонулушу, шайло жыйынтыгын бурмалоо болгонуна токтолуп, азыр деле абал өзгөрбөгөнүн айтты:

- Кечээ шайлоо участкаларына келе албаган, майып адамдардын алдын ала добуш берүүсүндө бир топ мыйзам бузуулар болду. Мисалы бир эле шайлоо участогунда 73 арыз жазылган. Биздин байкоочулар барып тизмени тактаганда ошонун 50сү жокко чыкты. Шайлоо комиссиясынын бир мүчөсү менен биздин бир байкоочу дагы башка шайлоо участкасына барса 10 чактыдай адам “биз шайлоо участогуна бара албайбыз деп арыз жазган эмеспиз, биз эртең добуш беребиз” деп айтышыптыр. Бул таң калуу деле эмес, бул баягы эле эски адат.

Ал арада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын аты бюллетенге орусча жазылып калганы маалым болду. Партия лидери Адахан Мадумаров Бишкекте партиянын атын бюллетенге орусча киргизилишин бут тосуу деп сыпаттады:

- Биринчиден карасанатайлыкка барышкан. Бардык жерде “Бүтүн Кыргызстан”, бирок элдин башын айландыруу үчүн бюллетенге “Единый Кыргызстан” деп киргизип койгон. Мен Бишкектеги бюллетенди көрдүм. Калган жерлерде кандай экенин азыр биздин штаб териштирип жатат. Кимге арызданасың? Кыргыздын кайсы бийлигине арызданасың? БШК ушундай ишке барып жаткандан кийин калгандарынан эмнени күтсө болот? Мен азыр штабга барам, андан кийин эмне кылаарыбызды акылдашабыз.

“Ар-намыс” партиясынын шайлоого бараткан Өмүрбек Суваналиев бул шайлоодогу төмөнкүдөй кемчиликтерди атады:

- Жер-жерлерде байкоочулар иштеп жатат. Мыйзам бузуулар катталууда. Мисалы байкоочуларды алыс отургузуп коюшуптур. Кээ бир жерлерде видеого, сүрөткө тартканга уруксат бербей жатат. Анан бармакка эн басууга жакшы көзөмөл кылбай жатышат.

Бирок бийлик өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагууда. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун пикиринде, административдик ресурс колдонууга бөгөт коюлган:

- Бул шайлоо башкалардан айырмаланыш керек. Бийлик мурункудай административдик ресурсту такыр колдонбойт. Бул боюнча жетекчилер, райондун акимчиликтери, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү жана төрагалары мындан ары шайлоо таза өтөт, көз боёмочулукка жол берилбей турганы эскертилген. Ар бир саясий партиядан, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан байкоочулардын баары отурат. Ар кандай чагымчыл аракеттер болбосун деп коопсуздукту да көзөмөлдөп атабыз.

А.Атамбаев: Парламент иштесин
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Кыргызстанда бүгүн 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке шайлоо өтүүдө. Бул аймактардын баарында эртең мененки сегизден тарта добушканалар ачылды. Бул жолу мурдагы шайлоолордон айырмаланып, Бишкек шаар кеңеши үчүн шайлоого жалаң партиялар катышууда. Ордо калаанын парламенти үчүн 23 партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG