Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Ашимов: Шайлоого 10 күн калганда тизме тактоо токтойт


БШК мүчөсү Нурмамат Ашимов шайлоочулардын тизмелерин тактоо иштери тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Сиз иш сапар менен түштүктө жүргөн экенсиз, Ош Жалал-Абадда шайлоога карата даярдык кандай жүрүп жатыптыр?

Нурмамат Ашимов: Биздин календарлык планыбыз бар. Даярдыктар ошонун негизинде өтүп жатат. Мен бир топ күндөн бери Ош менен Жалал-Абадда болуп иштер менен таанышып жатам.

Биз эртең, 20сында расмий түрдө шайлоочулардын тизмесин эки тилде басып чыгарабыз, аны аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Ушул күндөн баштап мыйзамдагы жаңы тартип боюнча шайлоочунун дареги деген арыз менен каалаган жерде добуш берүү тууралуу арыз менен каттоолор башталат. Бул иш эртеңден тарта башталат.

Биздин комиссиялардын негизги милдети тизмеге киргендердин бардыгына кабарлоо баракчасын таркатып, “сиз тизмеге кирдиңиз, келип тактап коюңуз, балким аты-жөнүңүз туура эмес жазылып калгандыр”, деген мааниде кабарлоо баракчасын таркатат.

Шайлоочулар ошонун негизинде келип туура эмес болуп калса оңдотуп арыз менен кайрылса участкалык комиссиялар аймактык комиссиялар менен бирге оңдоп такташат.

Мындай процедуралар шайлоого 10 күн калганга чейин, 20-октябрга чейин жүрөт. Андан кийин эч кандай оңдоо, тизмени кайра түзүү, киргизүү деген токтотулат. Кошумча тизме деген болбойт. Ошондуктан шайлоочулар 10 күн калганга чейин өздөрүн тактап алышы керек.

“Азаттык”: Адатта дайыма эле шайлоочулар тизмесине байланыштуу проблемалар чыкчу эле. Бул жолу кандай болоор экен, мурункуга салыштымарлуу тизмелерди тактоо жаатында дагы кандай өзгөртүүлөр кирди?

Нурмамат Ашимов: Бүгүнкү күнгө чейин расмий эмес тактоо жүрүп жаткан. Башкача айтканда, биздин эски базадагы тизмени алып туруп, андагы даректер боюнча жер-жерлерге барып участкалык комиссиялар айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен, шаардагы каттоо кызматтары менен биргеликте тактоо жүргөн. Анан расмий башталгандан кийин мен жогоруда айткан иштер жүрөт. Адамдарды да ушуга көндүрөлү деп жатабыз. Добуш берүүгө 10 күн калганга чейин тизмелерди тактоо, өзгөртүү токтойт. Ошондуктан шайлоочуларды эскерткенге аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Активдүү шайлоочулардын көбү сыртта эмеспи. Чет жердеги шайлоо бекеттери да кыскарып жатат. Алар кантип шайлоого катышат. Ушундай проблемалар көтөрүлгөн жокпу?

Нурмамат Ашимов: Мен бул жерден эки маселени айтып кетким келет. Биринчиден, биз шайлоо процесстерин жөнөкөйлөштүрдүк. Мыйзамда да ошондой: шайлоочу каалаган жеринде добуш бере алат. Экинчиси, кошумча тизме болбойт. Биз ушул эки жагдайды шайлоочуларга түшүндүрүп жатабыз. Бизде дагы убакыт бар. Биз ушул жагдайларды элге жеткиребиз.

“Азаттык”: Үгүт кыйыр түрдө жүрүп жатканы айтылууда. Сиз жергиликтүү маалымат каражаттарынан, көрнөк-жарнактардан ушундай жагдайларды байкай алдыңызбы?

Нурмамат Ашимов: Ош менен Жалал-Абадда бир-эки жерден штаб деген жазууларды көрдүм. Буга биз негизинен уруксат бергенбиз. Бирок ошол штабдарда үгүт иштери башталганга чейин үгүт материалдар илинбеши керек жана кыйыр түрдө да сөз болбошу керек. Кээ бир жерлерде Бишкектегидей эле плакаттар илинип турат. Биз бул маселени талкуулап, анын үгүт иштерине эч кандай тиешеси жок деген жыйынтык чыгарганбыз. Себеби мыйзамда "төмөндөгү төрт белгини көрсөңөр үгүт деп эсептейбиз, ал эми калган маалыматтар болсо ал үгүт иштерине кирбейт", деп депутаттар жакшынакай кылып көрсөтүп койгон. Биз ушунун негизинде иш алып барып жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG