Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Шайлоочунун тизмеси жарыялана баштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтардын негизинде БШКга тапшырган шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыялана баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматы 15-августта өткөрүп берген тизменин негизинде аймактык шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесин илүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августта баштады. БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов буларга токтолду:

- Чоң райондор бардык фамилияларды жарыялап жетише албай жатат. Бирок бир-эки күндө толугу менен илинет. Шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калса, биометрика тапшырган талонун тиркеп, арыз жазат. Комиссия райондогу каттоо кызматынын өкүлү менен байланышып, шайлоочу башка участкада туруп калдыбы - ушуну текшерип берет.

Азырынча шайлоочулардын болжолдуу гана тизмеси жарыяланууда. БШК мүчөсү шайлоочулардын акыркы тизмеси шайлоого үч күн калганда жарыяланарын айтты. Ага чейин каттоо кызматы жарандардан биометрикалык маалыматты чогултууну уланта берет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоевдин “Азаттыкка” билдиришинче, биометрикалык маалыматты топтоо 19-сентябрда токтотулат. Шайлоого он күн калганга чейин каттоо кызматы биометрикалык маалыматын тапшыргандардын эсебин чыгарып, акыркы тизмени БШКга өткөрүп берет.

Догоев биометрикалык маалыматтарды тапшыргандардын саны 2 миллион 661 миңден ашканын, алгачкы тестирлөөдө 94% жаран өз аты-жөнүн тизмеден тапканын айтты. Бирок техникалык катачылыктан жана жарандардын манжа тагын система окубай жатканынан улам көйгөйлөр орун алууда.

"Сентябрдын аягына чейин көрсөткүчтү 100 пайызга жеткирүүнүн аракетин көрөбүз" деди Дастан Догоев.

- Катачылыктар болууда, кээ бир жерде техникалар иштебей калып жатат. Экинчиден, жарандардын манжа тагын окубай койгон учурлар да бар. Бул жакта системаны жакшыртуу боюнча иш алып барып жатабыз. Шайлоочулар өзүн тизмеден дагы таппай калып жатат.

Тизмеден өзүн таппай калгандардын арасында 1994-жылдагы паспортту алып жүргөндөр кездешет. Мыйзамга ылайык, шайлоого ID паспорт менен гана добуш берүүгө болот. Каттоо кызматы 94-жылдагы паспортту ID картага бекер алмаштырып жатканына карабай, пенсия курагындагылар эски паспорт менен кала берүүдө.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын байкоочусу Өмүрбек Рыскелдиевдин айтуусунда, түшүндүрүү иштеринин жоктугунан “көк” паспорт көтөргөн улуу муун шайлоодон четтеп калуу алдында турат:

- Булар эски паспорттун айынан шайлоого катышпай калышы мүмкүн болуп отурат. Жогорку Кеңеш мыйзамга өзгөртүү киргизе албайбыз деп жатат. Ушунун айынан эски паспортту көтөргөндөр арасында шайлоо учурунда чырлар чыгышы мүмкүн. Себеби алар "көк" паспорт менен эле биометриялык маалыматтарын тапшырып коюшкан, ошону менен шайлоого барабыз деп турушат.

Ал эми катталган жеринде эмес, башка жерден добуш берүүнү каалгандар участкалык комиссияга 19-сентябрга чейин арыз менен кайрылышы абзел. Каттоо кызматы шайлоо дареги менен добуш берүүчүлөрдүн саны 150-200 миңге чейин жетиши мүмкүндүгүн болжоп жатат. 24-сентябрда каттоо кызматы БШКга жыйынтыктоочу тизмени өткөрүп берсе, 1-октябрда шайлоого катышуучулардын акыркы тизмеси жарыяланмакчы.

Мыйзамга ылайык, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого биометрикалык маалыматын тапшырган шайлоочулар гана катыша алышат.

Ошол эле кезде шайлоого аттанган партиялардын талапкерлер тизмеси боюнча да талаштар жаралууда. Борбордук шайлоо комиссиясы партиялардын шайлоого катышчу талапкерлердин тизмесин толук жарыялабай жатышын сынга алды. Айрым партиялардын талапкерлер тизмесин толук жарыялабай жатышы мыйзамга каршы келерин айткан БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун ырасташынча, шайлоого аттанган ар бир партия 120дан 200гө чейинки талапкердин тизмесин курултайда бекитүүгө тийиш.

- Курултайдан кийин тизмени өзгөртөбүз деген туура эмес. Чырдын баары ушундан чыгат. Айрым партиялар он чакты талапкерин жарыялап, калганын каалашынча алмаштырып жатат. Бул шайлоо мыйзамдарына караманча каршы, - деди Акматов.

Буга чейин айрым партиялар 30га чейинки гана талапкерлерди жарыялашкан. Маселен, “Кыргызстан” партиясы 13 талапкерден башкасын жашырып келет.

XS
SM
MD
LG