Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Кулов: Бизге түкүргөндөй эле болду


Феликс Кулов 25-ноябрдагы шайлоого байланыштуу бийликтеги “Ырыс алды-ынтымак” коалициясынын төрагалыгынан кеткенин жарыялады.

Кулов мындай кадамга коалициядагы өнөктөштөрүнө карата таарынычынан улам барган.

Ал аралыкта шайлоодо “Республика” партиясынын мүчөлөрү делгендер “карусель”, башкача айтканда кыдырып, добуш берүү уюштурганын ырастаган бир нече тасма интернет сайттарда жарыяланып кетти. “Республикачылар” муну бийликтин чагымы катары сыпатташууда.

Куловдун күтүүсүз чечими

“Ар-намыс” фракциясынын лидери, бийликте турган “Ырыс алды-ынтымак” коалициясынын төрагасы Феликс Кулов фракциянын кезексиз жыйынында өз чечимин Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун ыпылас өткөнү менен негиздеди. Анын айтымында, “Ар-намыс” фракциясын шаардык кеңеште өткөрбөө боюнча бир катар аракеттер болду жана ал муну коалициядагы өз өнөктөштөрүнөн да көрүп жатат.

- Мындай шартта мен кандай чечим кабыл алышым керек? Коалициянын төрагасы бойдон калышым керекпи? Менин абалымды туура түшүнгүлө. Мен партиялаш досторумдун бетин кантип карайм? Биз башында Чыныбай Турсунбеков менен да, Өмүрбек Текебаев менен да сүйлөшүп, шайлоо боюнча өз-ара ишенимде болгонбуз. Бирок иш жүзүндө алар бизге түкүрүшкөндөй болду.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, “Ар-намыс” партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодо 7 пайыздык босогону өтө албай, 5 пайызга жакын гана добуш алган.

Бирок “Ар-намыс” фракциясындагы айрым депутаттар муну партиянын өзүнүн шайлоого даярдыгы жана уюштуруу иштери начар болгонунан көрүшөт. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов да “Ар-намыс” партиясынын өкүлү болгондуктан шайлоо начар өтүп, партияга бут тосулду деп, доомат артууга негиз жоктугун белгилешүүдө.

Жыйында депутат Турсунбай Бакир уулу коалициядан чыгууну сунуштады. Бирок фракциядагы башка депутаттар колдогон жок.

Коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Куловдун чечимин мындайча баалады:

- Феликс Кулов “Ырыс алды-ынтымак” коалициясынын түзүлүшүнө чоң салым кошкон. Ал коалициянын аксакалы жана төрагасы. Анын төрагалыктан кеткендиги биз үчүн күтүүсүз болду. Бир аз шашылыш чечим кабыл алып койду. Албетте кемчилик болбой койбойт. Бирок Бишкектеги шайлоодогу кээ бир кемчиликтер республикалык деңгээлдеги мындай чечим кабыл алууга негиз боло албайт болчу.

Ал эми коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Куловдун чечимин туура түшүнүү менен кабыл алышарын, бирок коалиция тарабай турганын айтты:

- Фракция жетекчилери сүйлөшүп, шайлоону таза өткөрүүгө, бардык маселени колдон келишинче алдын-ала чечүүгө макулдашканбыз. Биз ошол убадабызга турдук. Эгер кандайдыр бир кемчиликтер болуп жатса, биз алар боюнча да сүйлөшүп жаттык. Эми анча-мынча кеткен кемчиликтердин шайлоонун жыйынтыгына таасири болгон жок. Феликс Кулов да карт, мурдадан келаткан саясатчы катары аны жакшы түшүнөт. Мен бул ачуу менен айтылып кеткен сөз экенин түшүнүп турам. Ал эми алардын коалициядан чыгуу боюнча чечимдери жок.

Көлөкө түшүргөн тасмалар

Ал аралыкта "Республика" партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү делген бир канча адамдын, анын ичинде партия атынан Бишкек шаардык кеңешине тизмеде 21-болуп катышып жаткан Наргиза Ажыбаева түшүрүлгөн эки тасма интернетке жарыяланып кетти. Анда алар каттоосу жок адамдарды Бишкектеги №1008 добушканасында кантип добуш берүүгө үйрөтүп жатканы тартылган.

Башкы прокуратура бул “карусель” - кыдырып добуш берүү аракети түшүрүлгөн тасманы текшере баштады. “Республика” партиясы тасманы бийликтин чагымы деген маанидеги билдирүү таратты. Партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Максат Сабиров:

- Бул чагым деп мен ачык эле айта алам. Биздин партиядан кыдыртып добуш бердирүү аракети болгон жок. Кирип-чыгып, добуш салып жатканын тартып алса бир жөн. Ооба, ошондой болду деп айтат элем. Балким ал кызды коркутуштубу... Биз өзүбүз да муну териштирип жатабыз.

“Республика” партиясы бул видеону аталган партияны жаманатты кылуу үчүн атайын кызмат уюштуруп, тартып алганын айтууда. “Учурда партия Ажыбаеваны издеп, таппай жатат жана анын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик бул видеону тартып алгандарга жүктөлөт", - деп айтылган партиянын билдирүүсүндө. УКМК буга жооп кайтарып, атайын кызматтын тасманы тартууга катышы бар деген маалыматты жокко чыгарды.

Ал эми Бишкек шаарындагы 13 добушканада мыйзам бузуулар орун алган деген шек саноолор болгондуктан, бюллетендер кайрадан эсептелүүдө. Ушул сааттарга караганда борбор калаадагы 203 участоктун 200ү, башкача айтканда 98,52 пайыз добуш толук эсептелип бүттү. Ага ылайык, алдын-ала маалыматтар боюнча, КСДП 32,79 пайыз, “Республика” 17,93 пайыз добуш жыйнаган. Ал эми андан кийин 10,31 пайыз менен “Ата Мекен” жана 9,57 добуш менен “Замандаш-Современник” партиялары келатат.

XS
SM
MD
LG