Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Шайлоо: жарышка дагы төрт талапкер кошулду


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлиги талаш жаратып жаткан сегиз адам боюнча чечим чыгарды.

Кол тамгаларды кайра санап, төрт талапкерди каттап, калган төртөөнү жарыштан четтетти.

Ал арада Камчыбек Ташиевдин штабы автобуска чапталган баннерлерди алдыртып салды деп айыптап, Бишкек шаардык мэриясын сотко берди.

Боршайком 6-октябрда Нариман Түлеев, Турсунбай Бакир уулу, Төрөбай Койлубаев жана Акбаралы Айтикеев талапкер катары катталганын, ал эми Токтайым Үмөталиева, Калыбек Арабаев, Сооронбай Дыйканов менен Уланбек Сооданбеков жарыштан четтетилгенин жарыялады.

БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов кол саноо мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн айтып, бирок басым-кысым астында болду деп билдирди:

- Бизди парламентке салып, өздөрүнүн өкүлдөрүн жиберишип, "бизди каттоодон өткөргүлө" деген талап коюшту. Бирок мыйзам боюнча биз аларды каттоого эч кандай укугубуз жок болчу.

Ошондуктан соттун чечимине ылайык, биринчи күнү кайра чүчү кулак карматып, сегиз талапкердин тең башка папкаларын алып, кайра текшерип чыктык. Кээ бирлеринин жолу болуп жакшы кол топтолгон баракчалар түшүп калып, төртөө каттоодон өттү. Ал эми беркилердин мурдагыдай эле жаман баракчалары туш болуп калып, алар каттоодон өтпөй калды. Кол чогултканда, мисалы, Асан, Үсөн жана Айдар чогултат. Мисалы, Айдар жакшылап чогултат, ал эми Асан болсо эптеп-септеп чогултат. Ошондуктан жакшы кол топтогон адамдардын папкасы келип калса ката аз чыгып жатат.


Бирок катталбай калган талапкерлер БШКнын чечимине макул эмес. Маселен Токтайым Үмөталиева кайрадан сотко кайрылып жатканын маалымдады:

- Бүгүнкү текшерүүлөрү да мыйзамсыз. Биз сотко кайрылдык, себеби каттоо тууралуу чечим “Эркин-Тоо” гезитине расмий жарыялана элек. Демек чыга элек болгон соң булардын текшергенге да акысы жок.

Талапкерлердин дооматы

БШК башында тогуз талапкерди жетиштүү анык кол топтой алган жок деген негизде каттабай койгон. Бул талапкерлер сотко кайрылып, утуп алышкан. Жогорку Кеңеш да жарыштан четтетилгендердин маселесин карап, шайлоого катышуу укугун калыбына келтирүү тууралуу токтом алган.

Боршайком андан соң тил сынактан өтө электер үчүн кошумча сынак уюштуруп, анда бирөө кулап калган болчу.

Ал арада айрым талапкерлер административдик ресурс колдонулуп жатканын айтып чыгышты.

Камчыбек Ташиевдин штабы автобустарга чапталган үгүт материалдарды алдыртып салды деп айыптап, Бишкек шаардык мэриясын сотко бергенин билдирди. Штабдын өкүлү Нургазы Анаркулов мунун айынан 1 миллион сом чыгым тартышканын айтууда:

- Бардык мыйзамдарды карап чыктык: автобустарга үгүт материалдарды чаптоону чектеген эч кандай норма жок. БШКга ошол замат кайрылганбыз. Алар өздөрүнүн катында да үгүт материалдарды автобуска чаптоого каршы норма жок экенин так, даана жазып беришкен. Аны алгандан кийин мэрияга, автотранспорт ишканасына биздин үгүт материалдарды жармаштырган “Инсайдер” компаниясы аркылуу жөнөткөнбүз. Бирок 10 күн өттү, бир да жооп жок.

Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматынын өкүлү Актан Сапиянов бул окуя тууралуу кабарлары бар экенин айтты, бирок билдирүү кийинчерек болорун билдирди:

- Шаардык муниципалдык унаа ишканасынын тарыхында үгүт материалдар илинген учур болбоптур, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда да болбоптур. Ошондуктан муниципалдык унаа ишканасы шайлоодон алысыраак эле болууну чечип жатат. Болбосо башка рекламалар автобустарда илинип эле турат. Бирок расмий билдирүү азырынча жок. Жакында болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. БШК расмий каттап, жарышка түшкөндөр саны ошентип 23 болду.

XS
SM
MD
LG