Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ташиев мунасага келди


Президенттик жарышта үчүнчү орунга чыгып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан Камчыбек Ташиев нааразылык акцияларды уюштуруудан баш тартты. Ташиев бул кадамын элдин бүтүндүгүн сактоо максаты менен түшүндүрдү.

Айрым серепчилер талапкердин бул чечимин колдоп жатышса, кээ бирлери шайлоодо жеңип чыккан талапкер менен соодалашуу болду деп түкшүмөлдөшүүдө.

Дагы бир талапкер Адахан Мадумаров акцияга чыгуу-чыкпоо элдин эркиндеги иш экенин белгилеп, мыйзам бузууларды далилдөө үчүн Жогорку Сотко чейин барарын айтты.

Ташиев “баскынчы башчы” болууну каалабайт

Шайлоо аяктагандан кийин тарапкерлери Ош, Жалал-Абадда митингге чыгып жаткан “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 4-ноябрда билдирүү таратты.

Билдирүүдө шайлоодон кийинки оор кырдаалга байланыштуу элдин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо максатында нааразылык акцияларын токтотуу чечимин кабыл алганын жарыялады.

Билдирүүнүн өзөгү тууралуу Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов “Азаттыкка” мындай түшүндүрмө берди:

Ташиевдин жактоочуларынын Оштогу митинги, 31-октябрь 2011-жыл.
Ташиевдин жактоочуларынын Оштогу митинги, 31-октябрь 2011-жыл.
- Ташиев шайлоонун өтө ыплас деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, миллиондогон адам чындык издеп, чыркырап турганын айтты. Ошол эле учурда ал өзүнүн билдирүүсүндө ачык эле айтты: “Мен Кыргызстандын тарыхында баскынчылык жана кан төгүү менен келген жетекчи катары калгым келбейт. Мага элимдин тынчтыгы, биримдиги президенттик кызматтан да кымбат”,-деп баса белгиледи.

Камчыбек Ташиев шайлоого саналуу күн калганда маалымат жыйынын өткөрүп, үгүт иштеринин жүрүшүндө административдик ресурс катуу колдонулганын белгилеп, эгер экинчи турга чыкпай калса, мамлекетте жаңжал башталышы мүмкүн деп эскерткен.

30-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында үчүнчү орунга чыккандан кийин, биринчилерден болуп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган. Андан соң Ош, Жалал-Абадда тарапкерлери нааразылык акцияларын өткөрө баштаган.

Ташиевдин кадамы кандай талкууланууда?

Айтканынан кайтпачудай көрүнгөн Камчыбек Ташиевдин соңку чечими коомчулукта кызуу талкууга түштү. Саясат талдоочу Санжар Тажыматов Ташиевдин чечимин шайлоодон кийин беделин сактайм деген даанышман чечим болду деп баалады:

- Ташиевдин жасаган иш аракети эң туура деп ойлойм. Дагы алдыда саясий шайлоолор көп болот. Ошондо дагы өзүнүн ордун, өзүнүн жүзүн сактап калыш үчүн туура кадам жасады деп эсептейм. Себеби алты жылдан кийин дагы шайлоо болот. Ага чейин саясий упай чогултууга эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбайт да.

Камчыбек Ташиев өз билдирүүсүндө эч ким менен сүйлөшүүгө барбаганын эскерткени менен айрым серепчилер мындай ыктымалдуулукту четке кагышпайт.

“Азия полиси” институтунун эксперти Элмира Ногойбаева соодалашууга негиз бар деп эсептейт:

- Бул нормалдуу эле көрүнүш. Ал өзү азырынча биринчи деңгээлдеги адам эмес экенин туура эле түшүнүп турат. Мындан улам соодалашуу болушу мүмкүн. Ташиевдин өзүнө ылайык болгон Жалал-Абаддын жетекчилиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бар. Мындан улам ал сүйлөшүүгө барып, өз ордуна отурат.

Мадумаров алешемдиктерди сот аркылуу далилдейт

Cоодалашуу болушу мүмкүн. Ташиевдин өзүнө ылайык болгон Жалал-Абаддын жетекчилиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бар...
Серепчилер Камчыбек Ташиевдин бул билдирүүсүнөн кийин өлкөдөгү кырдаал тынчтык нукка бурулары айкын экенин билдиришүүдө.

Кантсе да Ташиевден башка шайлоодо экинчи орунга чыккан талапкер Адахан Мадумаровдун айрым тарапкерлери да нааразылык акциясынан чыкканы маалым. Мадумаров митингге чыгуу элдин өз укугу экенин белгилеп, шайлоодогу алешемдиктер сот аркылуу далилденерин белгиледи:

- Биз дале болсо Жогорку Сотко чейин барабыз. Мыйзамдардын одоно бузулушуна жол берген кишилер Кыргызстандын мыйзамы менен жазаланмайынча, элдин бийликке болгон ишеними түп тамырынан бери жок болот.

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 60 пайыздан ашыгынын добушун алып Алмазбек Атамбаев биринчи орунга чыккан. Утулган дээрлик бардык талапкерлер бул шайлоонун таза эмес өткөнүн билдирип чыгышкан.

Эки күн мурда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жеңилген талапкерлер менен БШКнын катышуусунда жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында Боршайком бардык мыйзам бузууларды териштирип чыгары белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG