Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Жеңишке тунуп, ызасы ичте калгандар


Шайлоо. 4-октябрь, 2015-жыл
Шайлоо. 4-октябрь, 2015-жыл

Парламенттик шайлоодо партиялар жеңишке кантип жетишти? Утулган партиялар эмнеден өксүдү? Шайлоочулар тандоосун өлкө келечегине байладыбы же утурумдук акчага алдандыбы?

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын бул жолку талкуусуна Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, “Республика-Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Марат Кайыпов жана саясат таануучу Турат Акимов катышты.

Шайлоо: Жеңишке тунуп, ызасы ичте калгандар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:57 0:00

Чыныбай Турсунбеков: Айрым күчтөр шайлоонун башында президент менен КСДПны биргелештирип, байлап сындайбыз деп аракет кылышты. Бирок президентке болгон элдин баасын көрүп, айла жок ал ойлорунан кайтып, тескерисинче кызгана башташты. Бул бизди кубандырат. Жакшы иштеп жаткан президент бар экен, эл колдоп жаткан экен. Демек, биз андай адам менен баратканыбызга, андай адамды колдоп жатканыбызга сыймыктанабыз. Эми президент менен биздин атыбыз бир болсо, ал ажырагыс болсо, колдонбойбуз десе деле көрүнүп турган нерсе.

Шайлоо: Жеңишке тунуп, ызасы ичте калгандар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:10 0:00

Турат Акимов: Мына бүгүнкү лидерлердин жарымы “ Шайлоо таза болгон жок, түнү менен бусиктер айланып акча таратып чыкты, добуш жүз долларга чейин чыкты” деп айтып жатышпайбы. Мунун баары эми чыгып жатат. Негизи кыргызда шайлоо үйлөнүү тойго окшош да. Ким канча жеди, ким төргө өттү, кимге эмнени кийгизди, ошонун баары кийин айтыла баштайт. Азыр болсо расмий түрдө “Ура! Жеңиш болду, шайлоо таза болду. Менин эңсегеним, кыялданганым аткарылды” деп президент баштап койгондон кийин абал ушундай. Мына “Республика-Ата-Журт” дагы эртеси күнү чыгып алып ыраазычылыгын билдирип кирди.

Шайлоо: Жеңишке тунуп, ызасы ичте калгандар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:39 0:00

Марат Кайыпов: Биринчиден, мамлекетке азыр туруктуулук керек. Экинчиден, КСДП менен “”Республика-Ата-Журт” партиялары шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушу алды. Эгер ушул эки партия биригип, башка каалоочуларды кошуп коалиция түзсөк, өлкөдө туруктуулук орнойт. Мурункудай болуп эле бөлүнө берсек, эч нерсе чечпей, бири-бирибизди сүйрөп жүрө беребиз. Биз өлкөнү ойлоп жатабыз.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG