Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Жаңы президентти тынч уктатышпайт


Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы жарнак тактасы, Арашан айылы, 26-октябрь, 2011-жыл.
Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы жарнак тактасы, Арашан айылы, 26-октябрь, 2011-жыл.

Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыктарына жана келерки президенттин ички жана тышкы саясатына карата талдоочулар ойлорун айтууда.

Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары алдын ала божомолдордун көбү туура чыкканын айгинеледи. Мисалы, өлкө түндүгүндө добуш берүүгө келгендер саны абдан көп болду жана Алмазбек Атамбаевди басымдуу көпчүлүгү колдоду. Ал эми түштүктө добуш берген шайлоочулар саны салыштырмалуу азыраак болуп, негизги талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевге бөлүнүп кетти.

Ош шаарындагы талдоочу Санжар Тажыматов маселен, түштүктө добуш берүүчүлөрдүн негизги бөлүгүн мигранттар түзүп, Орусияда жана Казакстанда жүргөндүктөн, азыраак болду деген ойдо:

- Электораттын уюткулуу бөлүгү сыртта болгондуктан, өз жерлеринде добуш бере алган жок.

Ал эми саясат таануучу Руслан Ташанов жүздөгөн адамдардын тизмеге кирбей калышы сандык катышка таасир тийгизди деп эсептейт:

- Буга чейинки шайлоолордо Түштүк электораты абдан активдүү болуп келген. Бул жолу анчалык байкалбады. Көптөгөн шайлоочулар тизмеде жок болуп чыкты.

Тизмеге байланыштуу депутат, “Ата Мекен” партиясынын жол башчысы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маегинде буга чейинки бийликтер сыртта жүргөндөрдүн добушун өздөрүнө “кириштеп” келгени менен түшүндүрдү.

Түштүктө аз сандуу этностук топтордун, айрыкча өзбек шайлоочулар жандуу катышканы белгиленүүдө. Талдоочулар бул сапар интернационалдык ураанга добуш беришкенине көңүл бурууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын өкүлү Медер Талканчиев добуш берүү маалында саясый жана укуктук жактан мыйзам бузуулар сейрек кездешкенин айтып, бирок Боршайком техникалык абдан көп мүчүлүштүктөргө жол бергенин сынга алды.

Орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов Кыргызстан шайлоолору кемчиликтерине карабастан, негизинен региондо демократиянын өрнөгүн улантканын жазып чыкты.

- Добуш берүүгө документтерин унутуп келген талапкер Камчыбек Ташиев менен премьердин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановду шайлоо бекетине киргизбей койгондун өзү эле мыйзамды сыйлоо салты орун ала баштаганын күбөлөйт.

Азыркы шартта Борбор Азияда эле эмес, дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндө сыдыргыга салгыдай таптаза шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес экенин Дубнов кошумчалаган.

Эми Алмазбек Атамбаевдин жеңиши каршылаштары тарабынан таанылып, ырасмий тастыкталгандан кийинки анын ички жана тышкы саясаты кандай болот?

Бишкектик талдоочу Мелис Жунушалиевдин пикиринде, Атамбаев сырттан, айрыкча Орусиядан алган саясый, экономикалык колдоосун эми актоого аргасыз болот. Атап айтканда, орусиялык долбоор саналган Бажы биримдигине келаткан жылы өтүүгө тийиш.

- Дегеле орусиялык багыт Атамбаевдин тышкы саясатынын бөркү болуп калмакчы. Андан тышкары коңшу мамлекеттер менен алака-катышты жандантам деп сөз берип жатат.

Ошону менен катар Атамбаев Евробиримдик, АКШ менен карым-катнашы тууралу бир беткей пикир айтпай келатканы маалым. НАТО мүчөсү Түркия менен ынак мамилесинен улам гана Батыш дүйнөсү менен кыйыр болсо да мамилеси бар деп боолголоо мүмкүн. Ушул кезге чейин Бишкекте орун алган АКШнын базасына байланыштуу туюк билдирүүлөр менен чектелип келген эле, шайлоо жыйынтыктары чыга баштаган кезде АКШ базасынан пайдадан зыяны көп деген оюн ачыктады:

- Аскерий база тууралу айтсам, мурда Иракка кол салынган, эми Иранга кол салышса, ал жактан жооп кылып ракета атышса, база эмес, бүт Бишкек кыйрабайбы. Ошондуктан, жарандык гана аба майдан жетиштүү, - деген Атамбаевдин сөзүн мисал келтирип жатышат.

Бирок, серепчи Мелис Жунушалиевдин оюнча, Кыргызстанда ким бийликке келбесин, Евробиримдикти жана АКШны эч качан көңүл сыртында калтыра албайт. Анткени, аларсыз алдыңкы технология да, инвестиция да алуу мүмкүн эмес.

Ал эми Атамбаевдин ички саясатына келсек, улут жана регион аралык ынтымакты чыңдоо шайлоо алдындагы программасынын өзөгү болду. Былтыр жайдагы кыргыз-өзбек ортосундагы кандуу кагылыш Кыргызстанды экономикалык жактан аксатып гана тим болбостон, дүйнө коомчулугу алдында бетине чиркөө болуп калды.

Борбор Азияда парламенттик демократия багытын, дегеле реформаларды улантууга Атамбаевдин кудурети жана эрки жетеби?

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев реформаны андан ары улантуудан башка чарасы жок экенин эске салууда.

- Көпчүлүктүн добушу Атамбаевге берилген аванс, эгер ал манчыркап жатып алса, тетири кетсе, кыргыз коому бийликти ордуна коёрун былтыркы апрель окуясы тастыктады.

Ырасында Кыргызстанда саясый плюрализмдин кеңири орун алышын, анын каршылаштары эми баскан-турганын аңдып, ар бир кемчилигин чукуп тураарын, дегеле бул өлкөдө бийликти көзөмөлдөөгө кудурети жетип калган жарандык коом уюткуланып калганын эске алганда жаңы президент алты жылда тынч уктабай турганын божомолдосо болот.

XS
SM
MD
LG