Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Жалал-Абад: Шайлоого нааразылык уланууда


Активисттер нааразылык митингине чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатышат. Жалал-Абад, 2-ноябрь.
Активисттер нааразылык митингине чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатышат. Жалал-Абад, 2-ноябрь.

Шайлоо жыйынтыктарына нааразы болуп чыккандар шайлоону жокко чыгаруу талабы аткарылмайын тарабастыгын айтууда.

Облустун борбордук аянтына чогулган митингчилер шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, аны кайра өткөрүүнү талап кылышууда.

Митингчилердин өкүлү Базаркул Артыковдун ырасташынча, кантип добуш берүү тууралуу шайлоочуларга алдын ала түшүндүрүлгөн эмес жана көптөгөн жарандар тизмеге кошулбай калып, добуш бере албай калганы шайлоо акыйкат болгонун билдирбейт:

- Каттооңор жок, 20-октябрга дейре каттоодон өтүшүңөр керек эле деп карапайым адамдардын түшүнбөгөндүгүнөн пайдаланып кетти...

Жалал-Абаддагы нааразылык митинги, 2-ноябрь.
Жалал-Абаддагы нааразылык митинги, 2-ноябрь.
Нааразылык акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш менен президентке кайрылуу кабыл алышты. “Ата-Журт” партиясынын юристи Рашит Сулаймановдун белгилешинче, акциянын катышуучучулары талаптары аткарылаары тууралуу жооп келмейин таркабайт жана акция күн сайын улана берет:

- Биздин талабыбыз – жасалма жыйынтыктарды жок кылып туруп, шайлоону кайра өткөрүү керек. Себеби тарыхта болгон эмес 90 процент эл келип туруп, бир адамды 90 процент шайлаганы. Бул Советтер Союзунда болгон, бирок азыркы бийликте мындай болбошу керек эле да.. Президент менен Жогорку Кеңеш төрагасына кайрылуу кабыл алдык, ошо талаптарыбызга жооп келбесе тура беребиз.

Аталган партиянын өкүлү митингге үч миңдей адам келгенин кошумчалады, бирок Жалал-Абад шаардык милициясынын башчысы Нурдин Насыркулов нааразылык акциясына 500 чакты адам катышканын айтууда:

- Саясий абал туруктуу, митинг тынч өтүп жатат, мына таркай башташты го. Митингде 500дөй адам болду.

Жалал-Абаддагы нааразылык митинги, 2-ноябрь.
Жалал-Абаддагы нааразылык митинги, 2-ноябрь.

Губернатордун милдетин милдетин аткаруучу Азизбек Турсунбаев митингчилер менен жолугуп, Жалал-Абадда мыйзам бузуулар болбогондунун билдирди.

Облустук бийликтин маалымат катчысы Садыр Сатыбалдиев шайлоого чейинки партиялардын облустагы өкүлдөрү менен түзүлгөн меморандумга ылайык, административдик ыкмалар колдонулбагандыгын жана мамлекеттик кызматкерлерге шайлоо боюнча, шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча да көрсөтмө болбогондугун жана тизмелерге тоскоолдук жасалбагандыгын чогулган элдин алдында айтты:

- Эч кандай административдик ресурс колдонулган жок, себеби ар бир штабдын өкүлдөрү келгенде меморандумга кол коюп беришкен, бири-бирибизге эч кандай тоскоолдук кылбайлы, кыянатчылык кылбайлы деп. Муну облусубуздун башчысы да айтпадыбы. Тизмеге да тоскоолдук болгон жок, себеби тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан такталып, андан кийин элге таратылган.

Байкоочулар митингге бир жарым минге жакын адам катышканын айтышууда. Бешим ченде тарап бараткан шайлоочулар митингин 3-ноябрда да улантып, облустук бийликтин маңдайына боз үйлөрдү тиге тургандыктарын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG