Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36
Саат сегизден тарта өлкөдө 2 365 шайлоо тилкеси ишин баштады.
Саат сегизден тарта өлкөдө 2 365 шайлоо тилкеси ишин баштады.

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Кыргызстанда бүгүн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда болду. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышты. Ал эми 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер. Ушул эле күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өттү. Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизилди.

08:46 11.12.2016

Саат сегизден тарта өлкөдө 2 365 шайлоо тилкеси ишин баштады. Чет мамлекеттерде референдум үчүн добуш берүүгө 35 шайлоо участогу ачылган. Андан тышкары Бишкекте кошумча 32 добушкана иштейт, анда башка аймактарда катталып, бирок борбор калаада жашаган шайлоочулар добуш бере алышат.

08:47 11.12.2016

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталды. Алар дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн, 46 эл аралык уюмдардан келген байкоочулар. Булардын ичинде ШКУ, КМШ уюмдарынан, элчиликтерден жана башкы консулдуктардан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан, Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинен, айрым өлкөлөрдүн БШКларынан өкүлдөр бар.

08:47 11.12.2016

ЕККУ бул жолу шайлоого жана референдумга байкоочу жибербесин маалымдаган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Таза шайлоо” ассоциациясынын 200дөн ашуун байкоочулары көз салышууда.

08:49 11.12.2016
Ош шаарындагы добушкана.
Ош шаарындагы добушкана.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG