Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Партиялар баа берүүдө


Добуш берүү аяктаар замат негизги партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү өз пикирин "Азаттыкка" айтып беришти.

Добуш берүү аяктаар замат “Азаттык” алдын ала сурамжылоолор боюнча негизги оюнчулар катары аталган беш партиянын лидерлерине жана өкүлдөрүнө кайрылып: “Шайлоого кандай баа бересиз? Президент Алмазбек Атамбаевдин жеңилгендер нааразылык жүрүштөрү аркылуу өлкөнү чайпалтуу аракетин жасайт деген сөзүнө мамилеңиз кандай?” деген суроолорду жолдоду.

Өмүрбек Суваналиев, “Ар-намыс” партиясы:

"Бишкекте биз жеңебиз"

"Бишкекте добуш бергендер аз болду. Эгер санакта добуштардын саны кескин өсүп кеткен болсо, анда бурмалоолор болгону билинет.

Парламенттик шайлоодо “Ар-намыс” Бишкекте 59 процент менен биринчи болгон. Бул жолу да биздин программаны колдогондор көп.

Эгер бурмалоолор абдан көп болсо, анда биз да нааразылыгыбызды билдиребиз, ал кандай формада болот – жыйыктыктарга жараша болот".

Толугу менен бул жерден угуңуз:



Чыныбай Турсунбеков, СДПК фракциясынын лидери:

"Утулганды билиш керек"

"Шайлоо максатына жетти, тынч өттү. Мыйзам бузулат деп айрым партиялар күн мурунтан эле кулак кагыш кылып башташкан.

Ошол бийлик ресурсу колдонулду деп баарынан көп кыйкырган, мисалы, “Республика” партиясынын лидери бийликте турганда өлкө район-шаарларында өз кишилерин аким-мэр кылып койгон.

Утулганды билиш керек, анын артынан чуу чыгарышса, анда Кыргызстандын бедели дагы түшөт, ансыз да арсар болуп турган инвесторлорду биротоло үркүтөбүз".

Толугу менен бул жерден угуңуз:



Курманбек Дыйканбаев, “Республика” фракциясынын депутаты:

"Үч партияга иштегиле деген тапшырма болгон"

"Эртең менен эле СДПК, “Ата Мекен” жана “Замандаш” партияларына иштегиле, алардын мыйзам бузууларына көз жумгула деген тапшырма болгонун укканбыз. Бизде ондогон актылар, видеодокументтер бар. Мыйзам бузуулар көп эле болду.

Биз көчө митинг саясатынан кетишибиз керек. Бул биздин партиянын чечими, андай кадамдарга барбайбыз. Ал эми түзүлгөн актыларды Боршайкомго да, сотко да беребиз".

Толугу менен бул жерден угуңуз:



Жылдызкан Жолдошова, “Ата Журт” фракциясынын депутаты:

"Көчө митингге себептер жетиштүү"

"Боршайкомдун төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго доомат толтура. Өзүңөр барып тактап алгыла деп жоопкерчиликтин баарын шайлоочуларга жүктөп салды. Менин бир келиним өзүн тизмеден 15-ноябрга чейин барып тактап келди, шайлоого барса дагы эле жок.

87 бала эмнеге өлдү эле, эки режим менен неге күрөштүк эле? Азыркы бийлик мурдагылардан айырмаланган деле жок. Алар да эки жыл бою радикалдуу оппозиция болуп, өлкөнү титиретип турган. Бул жолу көчөгө чыкканга саясый эле эмес, социалдык жана экономикалык себептер жетиштүү".

Толугу менен бул жерден угуңуз:



Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери:

"Демократия дагы бир белес ашты"

"Парадоксалдуу шайлоо болду, 29 партия жарышкы чыкты, катуу камданышты. Алар бири-бирин катуу көзөмөлдөштү. Бирок добуш бергендер саны аз болду. Бул шайлоо Кыргызстан туура жолдо экенин, демократияга жол чаап баратканын дагы бир жолу далилдеди.

Албетте мыйзам бузуулар, административтик ресурс колдонуу болду. Бирок мурдагыдай массалуу мүнөздө болгон жок. Бийлик партиялары башкалардан ат чабымдай алыс кете албайт, кайсы бир жерлерде 2- же 3-болуп калышы да мүмкүн. Ушунун өзү демократиянын кыртыш алып келатканын көрсөтөт".

Толугу менен бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG