Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Баткенде үч адам суу астында калды


Суу басып калган көмүр кениндеги куткаруу иштери. Баткен, 14-август, 2013.
Суу басып калган көмүр кениндеги куткаруу иштери. Баткен, 14-август, 2013.

Баткен облусундагы суу баскан көмүр кенинде калган үч адамды куткаруу чаралары натыйжа бере элек.

13-августта Баткен районундагы Самаркандек айылына жакын тоо арасындагы бир көмүр кенине беш киши өз алдынча көмүр казууга түшкөн. Алар түшкөндөн көп өтпөй катуу жаандан улам сел жүрүп, 80 метр терендиктеги бул көмүр кенин суу басып калган. Суу толо баштаганда качып чыккан алардын экөөсү айылга кабар берип, куткаруу иштери башталган.

Тасмада: куткаруу иштери
Баткен: үч киши топон сууда калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Бирок ошол күнү кечки саат тогуздарда башталган куткаруу иштери али натыйжа бере элек. Куткарууга тартылган 100дөй киши азырынча шахтага толгон сууну сордуруу менен гана алек.

Былтыр күздө Самаркандек айыл округунун аймагында коопсуздук талаптарына жооп бербейт делген жыйырма чакты шахта жабылган. Ошолордун катарында айылдан 15 чакырымдай Сары-Таш коктусундагы ушул шахта да жабылган экен. Бирок жергиликтүү беш киши өз алдынча жер астына 80 метрдей түшүп, көмүр казмакчы болот.

Аталган айыл аймагынын башчысы Кеңеш Салихов тоо арасындагы ар бир жабылган шахтаны карап туруу мүмкүн эместигин айтат:

- Биз былтыр коопсуздук абалы начар деп бир топ шахталарды жапканбыз. Бирок минтип тоо арасындагы биз көзөмөлдөй албаган жайларга адамдар өз алдынча келип, иштеп жатышат да. Эми көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жатабыз, бирок баарына жетише албайт экенбиз...

Cуу алдына калгандар тууралуу кабар берген эки киши кенден качып чыкпаганда бул окуяны эч ким билбей, алар көпкө чейин суу астында калышы мүмкүн эле. Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Исламбек Мисиралиев азыр эми колдон келген аракетти жасап жатышканын, бирок натыйжа кандай болору белгисиздигин айтат:

- Бизге кабар жетээри менен аракетке келдик. Жетишээрлик күч бар. Азыр жер алдына топтолгон сууну сордуруп жатабыз. Эми натыйжасы кандай болоорун айтуу кыйын. Анткени суу көп топтолуп калган.

Куткаруучулар 14-августтун кечине чейин канткен менен 20 метрден ашыгыраак тереңдиктеги гана сууну сордурганы кабарланды. Шахта 80 метр тереңдикте экенин эске алганда алдыда дагы 60 метрдей чуңкурдагы сууну тарттыруу керек. Ушу тапта шахта ичиндеги суу 2 насос менен сыртка сордурулуп жатат.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу астында калган үч адамдын тек-жайы такталганын кабарлады. Алар аталган айыл тургундары: 36 жаштагы Сатар Абдрахманов, 22 жаштагы Тажыбай Абдрахманов жана Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну Бакыт Айдаров болуп чыкты. Алардын ал-абалы азырынча белгисиз.

Баткен облусунда жылына жүз элүү миң тоннадай көмүр өндүрүлөт. Бул расмий маалымат. Бирок мындай катталбаган, атайын уруксаты жок, оң келди жерден жер казып, көмүр өндүргөндөр да аз эмес.

Куткаруу иштеринен сүрөт баян


Мурдараак ушинтип өз алдынча көмүр казууга аракет кылгандар коопсуздук чараларын сактабай, жер астында кала бергенинен атайын иш-чара кабыл алынып, талаптарды сактабагандыгы үчүн облус аймагындагы бир топ шахталар жабылган болчу. Анын ичинде ушу Самаркандек айыл округунун аймагында да 20дай шахта жабылган.

Бирок ага карабай минтип өмүрүн тобокелге салгандар жок эмес. Жергиликтүү тургундардын бири Сайит Орозалиев мунун себебин жумушсуздуктан көрөт:

- Чиновниктер баары өз бизнеси менен алек болуп жатат. Биздин аймакта каражат табууга башка жумуш жоктугунан айрымдар ушинтип эптеп акча табуунун айласын көрүп жатышат. Бала-чакасын багуу керек да. Бийлик ушундай кокустуктардын алдын алып, элди жумуш менен камсыз кылууга аракет кылышы керек да. Бирок аны жасай албай жатат.

Көмүр кендериндеги мындай кокустуктардан, адам өмүрүн алган кырсыктардан Баткен облусу жыл сайын куру эмес. Былтыр да Кызыл-Кыя шаарында өз алдынча көмүр казган бир адамды шахта басып калган. Бийликтер киши өмүрүн алган мындай окуялардын алдын алуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатабыз дегени менен анын натыйжасы али байкалбайт.

XS
SM
MD
LG