Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 18:15

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 24-апрелде өкмөт жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишин сынга алды.

Анда 1,5 жылдын ичинде турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча болгону 4,5 миңден ашуун гана келишим түзүлгөнү маалым болду. Бул уюм табигый кырсыктын кесепетин жоюуда мамлекет түйшүгүн жеңилдетүү максатында 2015-жылдын этегинде түзүлгөн болчу. Кыргызстанда айрыкча айылдарда кыймылсыз мүлкүн камсыздандырууну каалагандар өтө эле аз.

"Камсыздандыруу маданияты калыптана элек"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаратылыш кырсыктары жараткан оорчулукту азайтуу, жабыр тарткандарга, алардын мүлкүн калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү жаатында иштерди толук аткарбай жатат деп билдирди. Түшүндүрүү солгун жүрүп жатканын, эл арасында маалымат жоктугун белгиледи.

Жээнбеков уюмдун башчысын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен камыр-жумур иш алып барууга милдеттендирди жана эң ириде өкмөт мүчөлөрү үлгү болушу керектигин айтты:

- Мамлекеттик органдар бар. Өзүң барып акимдер, губернаторлор менен жолук. Ар бир райондо 50-60тан айыл бар. Чоң райондордо 80ге жетет. Бишкекте банктар менен келишим түзүп отура бербей, айыл өкмөт башчы менен жолугуп, түшүндүрүп айтсаң иш жылат. Өзүбүздөн баштап, өзүбүз туралы. Министрлер баш болуп камсыздандыруу уюму менен келишим түзгүлө. Баарынын үйлөрүнө, кабинеттерине барып түзгүлө. Камсыздандыруу боюнча кайсы облус, кайсы район кандай кетип жатат деп маалыматты айына бересиңер.

Чолпон-Ата
Чолпон-Ата

Өкмөттүн маалыматы боюнча 1,5 жарым жылдын ичинде болгону 4 миң 600дөн ашуун келишим түзүлгөн. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Бакыт Жумашев план-программа толук ишке ашпай жатканын мойнуна алды:

- Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, камсыздандырылчу бир миллиондон ашык турак жай бар. Эгер биз ушул турак жайлардын 20 пайызын камсыздандыра алсак, анда 200 миллион сом чогулуп калмак жана табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү резерви толмок. Эгер ошол үйлөрдүн жарымы камсыздандырылса анда жарым миллиард сомго чейин чогултмакпыз. Тилекке каршы азыр абал ушундай болуп жатат. Биз камсыздандырууну жакшыртуу боюнча өкмөткө дагы сунуштарды беребиз.

Бакыт Жумашев түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына, бирок азырынча коомчулукта камсыздандыруу маданиятынын калыптана электигине токтолду. Анын маалымдашынча, камсыздандыруу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө атайын пункттар ачылып жатат жана айрыкча алыскы аймактарда почта кызматы менен дагы бирге иштөө жагы каралууда:

- Ушул жылы жалпысынан 1,53 миллион сом төлөндү. Өткөн жылы болсо 1,4 миллион сомдон ашык төлөнгөн. Былтыр биз менен келишим түзгөн жети, ал эми быйыл төрт адамда кокустук болду. Быйыл кар көп жаап, Нарында чатыры сынган бир жаранга 35 миң сом төлөп бердик. Ошто Чоң-Алайда үйүнүн чатыры толук сынып калган жаранга 90 миң сом төлөп бердик. Өзү камсыздандыруу үчүн 600 сом төлөп, кайра бизден 90 миң сом алды. Былтыр, мисалы, Ош облусунда өрттөн үйлөрү толук күйүп кеткен, дубалы эле эки жараныбызга 500 миң сомдон төлөп бердик.

Мажбурлоо эмес, түшүндүрүү болсо...

Кыргызстанда "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам 2015-жылы жайында кабыл алынган эле. Мыйзам долбоорду Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы даярдап сунуштаган. Парламенттеги Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин пикиринде, камсыздандыруу иштери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айынан аксап жатат.

- Негизи ал мыйзам абдан татаал кабыл алынган. Бирок өкмөттүн бул демилгеси өтө туура болгон. Милдеттүү түрдө ошону баары аткарышы керек эле. Күнөөнүн баары ошол компанияда эмес, күнөө өкмөттүн токтомун аткарбаган жергиликтүү бийликте болуп жатат. Жергиликтүү бийлик мыйзамды карабай, мамлекеттик компанияга жардам бербей, азыр канча маселе чыгып жатат. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы уюм. Толук кандуу иштегенине бир гана жыл болду.

Мындай дооматка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү макул эмес. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Асанов Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өз милдетин башкаларга арта салып жатканына нааразы:

- Биз чара көрө албайбыз. Эгер кылбайм, үйүмдү камсыздандырбайм десе биз аларды кантип мажбурлайбыз? Милдеттүү болгондон кийин нары жагында жоопкерчилиги болушу керек эле. Азыр эми бизди кылгыла дейт. "Бизге көчкү түшпөгөндөн кийин, сел келбегенден кийин там-ташыбызды камсыздандырып эмне кылабыз?" деген адамдар болуп жатпайбы. Биз болсо түшүндүрүп, өзүбүз үйлөрүбүздү камсыздандырып жатабыз. Бирок ушул камсыздандыруу менен алектенген адамдарга "силер баарын жергиликтүү бийликке жүктөп койбой, айыл өкмөт кылсын деп отура бербей өзүңөр да аракет кылгыла" деп айтып жатабыз. Алар ар бир үйгө кирип, түшүндүрүп, келишим түзүшү керек. Көп учурда силер түшүндүргүлө, силер кылгыла дегендей мамиле болуп жатат. Андай кылган биздин түз милдетибизге да кирбейт.

"Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы боюнча келишим түзгөн айылда жашаган жаран жылына 600 сом, ал эми шаар тургундары 1,2 миң сом төлөшөт.

Кыргызстанда айрыкча быйыл табият кырсыктары көбөйдү. Кар калың жаап, жаз жаанчыл болгондуктан жер көчкү, сел башкы маселеге айданды. Маселен 1990-2016-жылдар аралыгында 500дөн ашык жер көчкү катталса, быйыл жаз айларында эле 100дөн ашык факт катталды жана кырсыкта тогуз адам ажал тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG