Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Энергетика: каатчылык карааны


"Кемин" подстанциясы
"Кемин" подстанциясы

Кышкы жылытуучу сезон аяктаса да, Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууну улантууда.

Экономика министрлиги ушул жылдын апрель айынан баштап коңшу Казакстандан 218 млн кВт саат электр энергиясын импорттоого макулдашып, сатып алуу жай мезгилине чейин уланмакчы. Министрлик бул кадам менен Токтогул суу сактагычында сууну үнөмдөп жатканын айтса, көз карандысыз энергетиктер өкмөттүн аракетин сындап бул тармак туура эмес башкарылып жатканын сынга алышты.

Экономика министринин энергетика жаатындагы орун басары Нурлан Садыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, келишимге ылайык, Казакстандан суткасына 4 млн кВт сааттан ашуун электр энергиясы импорттолуп жатат.

- Биз быйылкы жылдын 16-апрелинде импортту баштадык. Кыргызстанга электр жарыгынын 1 кВт сааты 9 теңгеден келип жатат. Бул эки сомго чукул акча. Жалпысынан 218 млн кВт саат энергияны апрель, май, июнь айларынын ичинде импорттоп жетишебиз деп турабыз.

Бишкекке башкача тариф керекпи?

Жазгы электр импортун сындаган Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров сатып алуудан өкмөт ар бир киловаттына 84 тыйындан чыгаша болуп жатканын “Азаттыкка” айтты. Ал өкмөт жакын арада чакан ГЭСтерди курууну колго алып, кошумча кубаттуулукту өндүрбөсө, энергетикалык кризис өзүн көпкө күттүрбөй келет деген пикирде:

- Эсептеп көргүлө ар бир киловаттан 84 тыйындан чыгаша болуп атсак, бир жылда 10 млрд сом жоготуп жатпайбызбы. Эгерде минтип отурсак энергетика тармагын эки-үч жыл ичинде банкротко кептеп коёбуз. Биз же элге ачыгын айтып бааны көтөрүү керек же кыскартууларга баруу зарыл. Өлкөдө өндүрүлгөн электр кубатынын 65 пайызын Бишкек шаары колдонуп жаткандыктан, борбордогу тургундар үчүн өзүнчө кымбаттатылган тариф болушу керек.

Министрлик болсо азыркы импорт тарифин кымбат деп эсептебегени менен энергетика тармагы чыгашага учурап жатканын танбайт. Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиевдин айтымында, электр жарыгын колдонуу көлөмү суук түшкөндө көбөйгөндүктөн, кышында импорттун баасы эки эсе кымбаттайт. Андыктан энергияны азыр сатып алып, Токтогулду да толтуруп алган оң.

- Эң арзан тариф – Токтогул ГЭСинен чыккан баа. Ошондуктан биз сууну азыр топтоп алсак, кышкысын эч кандай импорттобой өзүбүздүн көлөм менен чыгып кетебиз. Суу менен ойнобошубуз керек, аны дайыма запасы менен кармоо зарыл. Жагдайга байланыштуу азыр ушундай жол менен абалды теңдеп жатабыз.

Өкмөт күз мезгилинде Токтогулда аз эле дегенде 14 млрд куб метр суу топтоону максат кылууда. Бул көлөм кышкысын өлкөгө үзгүлтүксүз жарык бергенге жетиши керек.

Импорт маселени убактылуу гана чечет

Энергетиктер өкмөттүн мындай саясаты суу кечпей турганын айтып, кышкысын электр жарыгын сатып албоо планын алдын ала болжоп болбойт дешүүдө. Энергетика жаатындагы эксперт Бийназар Бердикеев.

- Биз кышкысын кандай суук болорун алдын ала айта албайбыз да. Мамлекет союз таркагандан бери бир дагы кошумча кубаттуулукту киргизген жок. Андыктан энергетикалык көз карандысыздыктан дагы эле чыга элекпиз. Мисалы, 40 градус суук боло турган болсо кайра эле электр жарыгын импорттоого туура келет. Өкмөттө 10-20 жыл алдыга караган стратегиялык саясат жок. Болбосо ири ГЭСтерди мындай коюп Ош, Кара-Балта, Каракол, Кара-Кече ТЭЦтерин ишке киргизүү маселеси ордунан жалбай атпайбы.

23-майга карата Токтогулдагы суунун көлөмү 10 млрд 200 млн куб метрди түздү. Казакстандан электр жарыгын сатып алып жатканга байланыштуу ГЭСте суткасына 23 млн кубометр суу кирүүдө. Былтыр ушул күнү суунун көлөмү жети жарым миллиард кубду түзүп турган эле.

XS
SM
MD
LG