Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Кыргыз тасмалары Таллинде көрсөтүлдү


Эстонияда өтүп жаткан кыргыз киносунун жумалыгынын көрнөгү. (Сүрөттөр Г. Төлөмүшованын интернеттеги баракчасынан алынды).
Эстонияда өтүп жаткан кыргыз киносунун жумалыгынын көрнөгү. (Сүрөттөр Г. Төлөмүшованын интернеттеги баракчасынан алынды).

Бүгүн 3-майда Эстониянын баш калаасы Таллинде 30-апрелден бери өтүп жаткан Кыргыз киносунун жумалыгы аяктайт. Анын жабылышында Эркин Салиевдин “Каныке Назик” жана Темир Бирназаровдун “Кумар” тасмалары көрсөтүлөт.

“Кыргыз киносунун күндөрүнүн” программасынын алкагында Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк”, Элнура Осмоналиеванын “Мекенибиз Ала-Тоо”, Наргиза Маматкулованын “Зефир” тасмасы жана башка фильмдер көрсөтүлдү. Бул жумалыкка Кыргызстандан “Кыргызфильмдин” директору Гүлмира Керимова менен белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева барган.

Гүлбара Төлөмүшева “Азаттыкка” бүгүнкү кыргыз киносуна болгон эстониялыктардын кызыгуусун айтып берди.

Гүлбара Төлөмүшова: Кыргыз тасмаларына кызыгуу күч экен. Эстониянын маданият министринин кеңешчиси ачылышта сүйлөгөн сөзүндө “Эстонияда жүргүзүлгөн соңку эл каттоодо аныкталгандай, азыр бизде теги кыргызстандык 20 адам жашайт” деп кабарлады. Көрүүчүлөр арасында биздин жердештерибиз да болду. Дыйканбай Медербеков деген мекендешибиз бул жерде Кыргыз маданий коомун жетектейт экен. Алар санынын аздыгына карабай, бизге жардам берип жатышты. Медербеков мырза “Манас” эпосун эстон тилине которуу ишине жардам берген экен, кечээ бизге ошол китепти көрсөттү. Учурунда Кыргызстанда жашап, кийин көчүп кеткен эстониялыктар да келип жатышты. Күн сайын зал көрүүчүлөргө толуп турду.
Эстониядагы Кыргыз киносунун жумалыгынын продюсери Артур Веэбер, анын оң жагында турган "Кыргызфильмдин" жетекчиси Гүлмира Керимова жана Гүлбара Төлөмүшова (солдо).
Эстониядагы Кыргыз киносунун жумалыгынын продюсери Артур Веэбер, анын оң жагында турган "Кыргызфильмдин" жетекчиси Гүлмира Керимова жана Гүлбара Төлөмүшова (солдо).
“Азаттык”: Гүлбара, кыргыз киносунун жумалыгы алкагында дагы кандай иш-чаралар болду?

Гүлбара Төлөмүшова: Соңку жылдары Эстонияда Балтия киномектеби түзүлгөн. Таллинде анын чоң имараты бар. Ал мектептин жетекчиси Элнура Осмоналиеванын тасмасын көргөнү келип, кызыгуусун билдирип кетти. Биз болсо ушул мектепте чет өлкөлүк студенттердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыктык, анткени андагы билим, Америкадагы же Лондондогу мектептерге караганда, бир топ эле арзан. Андан сырткары, Эстониянын Мамлекеттик кинокомпаниясы менен да жолугушуу болду, анткени келерки жылы биз Эстония киносунун Кыргызстандагы күндөрүн өткөрүүнү пландап жатабыз. Алар бизге 10 дискке фильмдерди даярдап коюшуптур. Арасында чыныгы арт-хаустан тарта, массалык коммерциялык кино жана документалдуу тасмалар бар экен. Эми алардын ичинен кайсылар көргөзүлөрүн тандашыбыз керек.

“Азаттык”: Эстония постсоветтик өлкөлөрдүн катарынан чыгып, Евробиримдик курамына киргенден кийинки абал кызык. Мен ортодо маданий кызматташтык канчалык тыгыз экенин билгим келип турат. Сиз азыр эстей аласызбы, Эстонияда Кыргыз киносунун жумалыгы акыркы жолу качан өткөрүлдү эле?

Гүлбара Төлөмүшова: Эстонияда кыргыз киносу СССР кыйрагандан бери алгачкы ирет азыркыдай чоң масштабда өткөрүлүп жатат. Биздин айрым режиссерлордун тасмасы Таллиндеги “Кара түндөр” жана башка эл аралык фестивалдарга, ошондой эле эстон киночуларынын фильмдери биздеги айрым фестивалдарга катышып жүргөнү жаңылык эмес. Бирок өзүнчө бир жуманы толугу менен ушул өлкөнүн киносуна арноо деген биз эгемендикке жетишкенден бери боло элек болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG