Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

One World: "Терроризмге заказ"


Сапият Магомедова: Адам укугун коргоочуларды коргогон сыйлык үчүн ыраазымын
Сапият Магомедова: Адам укугун коргоочуларды коргогон сыйлык үчүн ыраазымын

Чехиянын борбору Прагада Адам укуктарынын “Бир дүйнө” даректүү тасмалар фестивалы ачылды. Соңку жылдары бул фестиваль дүйнөдө адам укуктарына арналган эң чоң фестивалдардын бирине айланган. Былтыр ага катышкан тасмаларды көргөндөрдүн саны 100 миңден ашкан. Быйыл 54 өлкөдө тартылган 106 документалдуу тасма көрсөтүлөт. "Азаттык" фестивалдын ачылышында “Хомо Хомини” сыйлыгынын 2014-жылдагы жеңүүчүсүн кепке тартты.

“Бир дүйнө” кинофестивалынын ачылышы адаттагыдай эле Прагадагы үч башка жерде өттү. Бул сынак эң оболу адам укуктарынын проблемаларына арналгандыктан, анын негизги уюштуруучуларынын бири – “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму берчү “Хомо Хомини” сыйлыгын тапшыруу аземине өзгөчө көңүл бурулган. Сыйлык адам укуктарын коргоо ишине үлкөн салым кошкон инсандарга ыйгарылат.

Быйыл бул сыйлыкты дагестандык адвокат Сапият Магомедова алды.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында 1990-жылдардан бери федералдык күч структураларына каршылык көрсөткөн жашыруун кылмыш топтору түзүлгөнү, жылдан жылга алар менен күрөштөн көбүнчө жайкын тургундар жапа тартып жатышканы белгилүү. Диний, этникалык жана саясий мааниси бар карама-каршылык соңку 10-15 жылда адамдардын жоголушу, белгисиз күчтөр тарабынан кыйноолорго алынып, өлтүрүлүшү өңдүү фактылардын көбөйүшүнө алып келди.

Жаш адвокат Сапият Магомедова дал ушундай окуялардын курмандыктарынын, алардын жакындарынын укугун коргойт.

"Чындап эле өздөрүнүн ишенимине катуу кирип алган, эң эле зордукчул аракеттерге барчу террористтер бар экенин танбайм. Бирок ал иштердин көбү бийликтин заказы болуп жатат", - деп эсептейт укук коргоочу.

Магомедова "Хомо Хомини” сыйлыгы кайсыл бир деңгээлде ал үчүн “түрдүү айыптоо же чабуулдардан коргогон калкан” болооруна ишенет.

"Бул сыйлык эң оболу мени адвокат катары эл аралык деңгээлде тааныгандык деп билем, менин ишмердүүлүгүм бааланып жатканын көрсөтөт. Мен адам укугун коргогон адамдарга ушундай көңүл бурулуп жатканына кубанам. Андан сырткары, бул сыйлык мени коргой турган калканч да болот деп ойлойм. Анткени бийликтер эгер мага каршы аракет көргүсү келсе, артымда эл аралык коомчулук турганын көрүп, жок эле дегенде бир жолу “буга кол салуу канчалык туура” деген суроого такалышат" - дейт 2010-жылы полиция тарабынан катуу сабалган дагестандык адвокат Сапият Магомедова.

Эдвард Лукас: Путин өзүнүн пропагандасына катуу ишенип алган
Эдвард Лукас: Путин өзүнүн пропагандасына катуу ишенип алган
Фестивалдын ачылышында “The Economist” басылмасынын белгилүү баяндамачысы Эдвард Лукас да сүйлөп, өзгөчө көңүлдү Украинадагы соңку окуяларга, ага карата Орусиянын мамилесине токтолду. Ал орус президенти Владимир Путин өзүнүн пропагандасына катуу берилгенин, ага чындап ишене турганын айтты.

"Майдандын эли көрсөтүп жаткан энтузиазм – Европа үчүн уят эле иш. Анткени алар биздин баалуулуктарга өзүбүзгө караганда катуураак ишенишет", деген журналист "Майдандын эли азыр Европадан чындап колдоо күтүп жатат, европалыктар ага жооп бере албай жатабыз, бул үчүн арданышыбыз керек”, - деп белгиледи.

2011-жылы "Homo Homini" сыйлыгы өмүр бою эркинен ажыратылган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго ыйгарылган. Абакта жаткан атасынын ордуна сыйлыкты анын уулу Шерзод Аскаровго чех сенатору, жазуучу жана журналист Яромир Штетине тапшырган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG