Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Апта: Чекисттер чекиши, митингдер жарышы


Узап бараткан апта да Кыргызстанда бир катар митингдер менен коштолду.
Узап бараткан апта да Кыргызстанда бир катар митингдер менен коштолду.

Иманкуловдун УКМКны сындап чыгышы, жер-жерлерде ар кандай талаптар менен өткөн митингдер апта ичиндеги урунттуу окуялардан болду.


Коопсуздук кызматындагы пикир келишпестик коомчулукка чыкты


Ошентип өтүп бараткан аптанын шаршемби күнү УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов атайын маалымат жыйынын уюштуруп, анда УКМКны коопсуздук менен алектенбей, бийликтин саясий куралына айланды деп кескин сындап чыкты:

Марат Иманкулов

- Дүйшөбаев (төрага – ред.)Улуттук Коопсуздук комитетин саналган саясатчылардын айландырып атат. Саясатка кийлигишитирип, бир тараптуу иш алып барып атат. Кадр саясатында өтө эле көп катачылыктар болуп кетти.

Коопсуздук комитети болсо буга пресс-релиз аркылуу жооп кайтарып, Иманкуловду өзү аңдабай туруп кандайдыр бир күчтөрдүн куралына айланды деп жөн болду.

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМК төрагасы.

Абройлуу мекеменин жетекчилеринин коомчулук алдында кайым айтышуулары биринчи кезекте мурдагы чекисттердин назарын бурду. Бири Иманкулов мындай олуттуу дооматты эми далилдеши керек дешсе, башкалары Коопсуздук комитетин түп-тамырынан кайра реформалоо зарылдыгы келип жетти деп чыгышты.

Кандай болгон учурда да бул көрүнүш мекеменин кынтыксыз иштеп жаткандыгынан шек туудурат. Мындай пикирин “Азаттыкка” Улуттук Коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов билдирди:

Токон Мамытов

- Бири-бирине пресс-конференция жасап, пресс- релиз аркылуу жооп кылганы – бул Улуттук Коопсуздук комитетинин, атайын кызматтын жетекчилерине минус болот. Биз деле биринчи орун басар, орун басар болуп иштеп жүргөнбүз. Төрага орун басарбы, катардагы кызматкерби чакырып алып, талашып-тартышып, бир жыйынтыкка келгенден кийин анан элге чыгарчубуз же таптакыр чыгарчу эмеспиз. Бул ойлондурчу маселе. Азыр жеке мен эмес, коомчулук дагы буларда бир маселе бар экен деп кооптонуп калды.

Өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп бере турган мекемеде ушундай жаңжал чыккан бул аптада митингдердин да арааны жүрдү. Алардын бирин дал ушул УКМК кылмышкер деп шектелгендерге каршы жүргүзгөн операция учурунда мерт болгон мурдагы бажы кызматкери Фирузхон Физиевдин туугандары өткөрүштү. Алар өлүмдүн себептерин иликтөө жетишсиз жүрүп жатат деген доо менен чыгышты. Башкы прокуратура өлүм фактысы боюнча УКМК кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон болчу.


Жол азабы, атаандаштыктан айласы куруган айдоочулар...


Митингдерди дүйшөмбү күнү Бишкек-Үрүмчү каттамында жүк ташыган айдоочулар баштап, жума күнү Солтон-Сары аймагындагы алтын кенди Кытай ишкерлеринен кайтарып алуу талабын койгон нарындыктар соңуна чыгарды. Ортодо Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын бири - Мурас-Ордонун тургундары көчөгө “жолду оңдоп берсин, таза суу киргизсин, мектеп салсын деп чыгышты.

Мурас-Ордо конушу.

Жаңы конуштун тургуну Нурзат Казакова митингди элдин жанына баткан социалдык проблеманын үнү деп түшүндүрдү:

- Элдин чыдамы кеткенде көчөгө чыгышты. Анткени күз келип, жаан башталса жол баткак болуп, бизге маршрутка жүрбөйт. Ал жердеги элдин 80 пайызы шаарга келип иштешет, анан алар маршрутканы күтөт, жумуштан кечигет. Ошон үчүн жолду биринчи талап кылып чыкканбыз, анан калган маселелер пайда болду.

Үй куруучулар каалагандай премьер-министр Алмаз Атамбаев митингге келген жок, иш сапарда экендиги менен түшүндүрүлдү, бирок, митингичилер талаптарын Биринчи май районунун акимине айтып, үч күнгө чейин жооп болбосо кайра чыгарын эскертишти.

Мурас-Ордонун кичинекей тургуну.

Кыргызстандык жүк ташуучулар аптанын алгачкы эки күнү катары менен көчөгө чыгышып, талаптарды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөндөн кийин анын жыйынтыгы чыккыча деп, убактылуу тарашты. Айдоочулар өкмөттөн Кыргызстандын транспорт рыногун жөнгө салып берүүнү талап кылып жатышат. Мындай талаптын келип чыгышына кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын заманбап эместиги, үнөмсүздүгү, конкуренцияга туруксуздугу негиз берүүдө. Анын айынан кошуна өлкөлөрдүн айдоочулары рынокту толук ээлеп алып, жергиликтүүлөр ишсиз калышты.

“Калыс” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Орунбек Чондоевдин айтымында, кыргызстандыктарга таандык автоунаалар Кытайга жүк алганы кире албай калышты:

- Кытайдын аймагында биздин айдоочуларга аябай катуу кысым көрсөтүлөт экен. Түкүрсө да, дамкрат коюп (дөңгөлөктү ремонттоо үчүн) асфальтты чийип алса да, май тамып калса да айыппул салышат экен. Бүтүндөй айыптар...


Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Шабданбек Таштаналиевин айтымында, ушу тапта Кытайдан жүктөрдү өңчөй кытайлык айдоочулар ташыса, Бишкектеги америкалык базадан Ооганстанга жүктөрдү тажикстандык айдоочулар ташып жатышат. Бул өз кезегинде жумушсуздукту күчөтүп, Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарына каршы келип жатат дейт ал.

Кыргыз өкмөтү болсо бул маселени мамлекеттик автоунаа куруп, аны айдоочулардын өзүнө лизингге берүү аркылуу чечүү демилгеси менен чыкты. Жооткоткон демилге болуп калышын каалабаган айдоочулар жакын арада өкмөт токтом чыгарып бериши керек деген маселени кабыргасынан коюп турат.

Кендерди ким казат эми?


Ушундай эле акциялардын бири Нарында Солтон-Сары кенин иштетүүгө байланыштуу өтүп, ал кылмыш ишинин ачылышы менен аяктады. Кыргызстан акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлү Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Милициянын айтуусу боюнча эл Солтон-Сарыны басып алып, кытайлык жарандарды сабап, вагонеткасын өрттөй баштаганда милиция ок чыгарган, эскертүү иретинде. Жабыркаган эч ким жок. Ал эми элдин айтуусу боюнча “Кыргызалтын”
ишканасына кайрылуу даярдап, ал жердеги өкүлүнө берүү үчүн белге жете бергенде милиция буттарына ок атып токтоткон экен. Ошондо балдар милицияларга атырылып, куралдарын тартып алып, кийин милициянын жетекчилиги келгенде өткөрүп бергенбиз дейт.


Эмгекчилдиктердин митинги.

Ушундай чатак чыккандыгын “Азаттыкка” облустун губернатору Канатбек Муратбеков да тастыктады. Анын айтымында, Бучук аймагында катталган бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Мындан тышкары ушул өндүү мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө багытында атайын комиссия эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат:

- Андай деле катуу жаңжал чыкты деп айта албайм. Мен өзүм да ошол жерде болдум. Элдин талаптарын уктук. Талаптары ушул – бизге лицензия берилсин, өзүбүз инвестор алып келип иштейбиз, болбосо ушу кытайлыктар, башка инвесторлор иштеп жаткан участкалардын бардыгын “Кыргызалтынга” өткөрүп берели, мамлекет алсын, мамлекет иштетсин деген талаптарды коюп атышат.

Губернатор ошондой эле келаткан аптада өкмөттүн тиешелүү жетекчилери менен чогуу уй мүйүз отуруп элдин талаптарын талкуулоо макулдашылып жатканын айтты.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Орозбек Дүйшеев жергиликтүү калктын өкүлдөрү көтөргөн маселеде жүйөө бар деп эсептейт. Адистин пикиринде, дегеле өкмөттүн мойнунда кендерге байланышкан акыркы келишимдерди кайрадан тактап чыгуу милдети турат:


- 2006-2007-жылдары бул иштерге Максим Бакиев кирише баштап, ага жараша түшүнүксүз система иштелип чыккан. Көбүнчө алтын кендерин Кытайларга берген, бирок Кыргызстандын аларда бир пайыз дагы үлүшү жок. Муну эми жөн эле берген жок да. Анын да кызыкчылыгы бар. Эми аны табыш кыйын. Ошондуктан, буларды текшерүү боюнча былтыр президент Отунбаеванын демилгеси менен буларды текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, үлүшү жок лицензияларды кетирүү сунушун былтыр декабрда бергенбиз. Бирок ал сунуштар эске алына элек.

Митингдер жаман деле эмес


Апта ичинде өткөн ушул жана башка нааразылык акциялары тууралуу саясатчылар, өкмөт өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан түрдүү жоромолдор айтылганы менен, иш-чаралардын нукура катышуучулары өз аракеттеринин саясатка тиешеси жоктугуна ишендирип жатышат.

Президент Роза Отунбаева 26-августта “Азаттыкка” берген интервьюсунда элдин көчөгө чыгып турушун коомдун туура нукта өнүгүп баратканынын белгиси катары баалады:

- Өкмөттүн армиясы бар, милициясы бар, коопсуздук күчтөрү бар. Алар басым кылып турса чогулуп, кайнай берип, анан бир күнү жарылат экен да. Бул - нормалдуу өнүгүп жатканыбыз. Нааразысыңбы? Чык, айт. Спикер чыгат, премьер-министр чыгат. Баарыбыз эле чыгып, аларды угуп атпайбызбы. Ошол замат чараларды көрүп атпайбызбы.

Ошол эле мезгилде саясий өнөктүк күчөп бараткан кезде көчөгө чыккан массаны кандайдыр бир күчтөр пайдаланып кетиш кооптуулугу бар. Ага бөгөт коюучу рычагдар өкмөттүн колунда. Мындай оюу менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы коопсуздук кызматкери Токон Мамытов бөлүштү:

- Маселени чечип атат, туура. Бирок бүгүнкү бийликтин бир күнөөсү тез чечпей чоюп, убакыттан уттуруп атат. Акчасы деле бар, бөлүп берип атат. Өз учурунда жетекчилерин кабыл алып, сүйлөшүп, график түзүп, үч айдабы, беш айдабы, бир жылдабы чечебиз деп кол коюп, макулдашып алыш керек эле. Ошол эле жүк ташуучу унаалар, Андаш, Сандык сыяктуу маселелер боюнча деле. Ушундайдан эл бир-эки күн күтүп, кайра чыгып атат. Ушуну пайдаланып кетчү саясий күчтөр бар. Ушул кооптондуруп атат. Ушуга көңүл бурушубуз керек.

Ошол эле мезгилде талдоочулар массалык чыгуулар бул жолку президенттик шайлоонун тушунда 2005 же 2010-жылкы деңгээлге жетпейт жана аны ыңгайлаштыруучу шарттар да жок деп ишендиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG