Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Отунбаева: Жардылык адамды кемсинтет


Экс-президент Роза Отунбаева учурдагы иш-аракеттери жана өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.

"Азатттык:" Жалпы кыргызстандыктар азыр экс-президент Роза Отунбаева кандай иш менен алектенип жатканына кызыкдар болуп турат. Сөздү ушундан баштасак.

Роза Отунбаева: Мен жаңы эле Индия менен Бангладеш өлкөлөрүнө барып келдим. Ал жакта он беш күндөй болуп калдым. Бул сапарымда алардын өлкө башчылары менен дагы жолугуштум. Бирок негизги максатыбыз - Бангладеште микрокредиттөө боюнча жетишкендиктерин көрүп, жакындан таанышып келиш керек болчу. Азыр бул боюнча өйдө-төмөн көп сөз болуп атат.

Бирок жакырчылыкка каршы микрокредиттөө деген негизги инструмент. Бул жер жүзү боюнча таанымал. Мисалы Кыргызстанда микрокредиттөөнү он эле пайызга берип жатабыз. Бангладеште элге 75 пайызга берилет экен. Ал эми Индия, Кытай ошол эле Орусия, Казакстанда жакырларды микрокредиттөөгө жете элек. Алар чоң бизнес менен ыраазы болуп атышат. Чынында эле жакырчылык деген адамды кемсинткен нерсе.

Мухамед Юнус Нобель сыйлыгынын лауреаты, микрокредиттөөнүн атасы десек туура болот. Ошол айтат: “Микрокредит бул болсо адамдын укугу. Кредит болбосо жашоо кыйын болот”, - деп. Чынында эле биз өз көзүбүз менен көрүп келдик. Ал жакта бул ыкма менен адамдардын жашоосу кыйла оңолуп атыптыр.

Бизде болсо араң он пайыз микрокредит берип, ошондо дагы онтоп келатабыз. Микрокредитке муктаж болгондор тиешелүү жардам ала элек. Андан сырткары биз жаңы банк продуктуларын көрүп келдик. Бул депозит. Бизде жакырлар ошол депозитти алганга муктаж, же болбосо камсыздоого муктаж. Мына ошолордун баары менен биз жакындан таанышып, ошону Кыргызстанга ишке ашырганга аракет кылып жатабыз.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз

XS
SM
MD
LG